БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ 6-МАЙДА ӨЧҮРҮЛӨТ...

  • 6-июндан тарта Ташкент-Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
  • “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы К.М. 1500 доллар пара алып жаткан учурунда кармалды.
  • Биометрикалык паспортторго бланк даярдоодо өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына чыгарылды.
  • Бишкектин 141 жылдыгын белгилөөгө шаардык бюджеттен 1 миллион 900 миң сом бөлүнгөн. Анын басымдуу бөлүгү музыкалык аппаратурага жана фейерверкке коротулду.
  • Бишкекте ысык суу 6-майдан тартып бир айга токтотулат. Тийиштүү буйрукка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койду.Бул учурда шаардагы суу түтүктөрү жана жылытуучу казандар оңдолот.
  • Алмаз Кулматов өкмөт башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет.
  • Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 2 тик учак жана 9 аскердик чалгындоо жүргүзө турган унаа берди.
  • Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жакшы сот болууга кеминде беш жыл керек экенин билдирди.
  • Бишкектин райондор аралык соту "Элит Хаус" курулуш компаниясына караштуу 9 кабаттуу эки имаратты сүрдүрүүгө чечим чыгарды.
  • Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг уюштурган "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаевге 3 миң сом айып салынды.


Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан