Гүлнура Төралиева, медиа эксперт: «РЕЗОНАНСТУУ МАСЕЛЕЛЕР ТУУРАЛУУ БИЙЛИКТИН РЕАКЦИЯЛАРЫ КЕЧИГИП ЖАТАТ»

Журналисттик карьерасын 17 жашында баштап, 23 жашында журналисттер үчүн китеп жазган, 26 жашында Лондондон билим алып, 28инде Орусияда филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал эми 30 жашында өкмөттүн басма сөз кызматын жетектеген.
Суткасына 25 сааты, жумасына 8 күнү бардай элес калтырган, эмгек менен ийгиликтин айкалышын көрсөткөн эки уулдун апасы, өлкөнүн алдыңкы медиа-эксперттеринин бири Гүлнура Төралиева менен маек курдук.

– Саламатсызбы, Гүлнура айым? Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын аймагындагы медиа мейкиндигинин абалы тууралуу “Медиа таасирдин матрицасы” деген аталышта кеңири иликтөө жыйынтыгын жарыяладыңыз. Иликтөө кандай максатта жүргүзүлдү, канча убакыт кетти?

– Бул изилдөөнүн максаты – акыркы эки жыл ичинде өлкөдөгү ЖМКнын өнүгүшүндө пайда болгон тенденцияларды аныктоо. Анда негизинен 4 нерсеге басым жасадык:

1. Учурдагы саясат жана мыйзам ЖМКларга кандай таасир берерин аныктоо;

2. ЖМКларга кандай күчтөр таасир тийгизип жатканын аныктоо;

3. Өлкөнүн маалымат айдыңына технологиялык өнүгүү кандай таасирин тийгизип жатканын аныктоо;

4. ЖМКларды каржылоо модели кантип өзгөрүлүп жатканын аныктоо.

Изилдөөнүн негизинде төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды:

Учурда маалыматтык саясатты президенттик аппарат аныктайт. Изилдөөнүн жыйынтыгында бардык мамлекеттик ЖМКлардын кадрдык саясатын президенттин аппараты чечери аныкталды. Бирок мыйзам боюнча, маалыматтык саясатты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жүргүзүшү керек эле.

Орчундуу жана маанилүү окуяларды чагылдырган көз карандысыз жеке ЖМКлар коомдун чечим чыгаруусуна таасир этери белгилүү болду. Андай ЖМКлардын катарына "Супер-Инфо" гезити,
SUPER.KG порталы, Кактус-Медиа, 24.kg, Кloop.kg маалымат булактары кирет. Бул басылмалар каржылоо жагынан көз карандысыз, өздөрүн өздөрү каржылашат. Гранттар аркылуу каржылангандары да бар. "Супер-Инфо" көз карандысыз, туруктуу басылма болуп келет.

ЖМКларга саясатчылар дагы чоң таасирин тийгизет. Алар өздөрүнө тиешелүү ЖМКлар менен ачык дагы, жабык дагы өздөрүнүн саясатын жүргүзүп келишет.

– Эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Кыргызстанда сөз эркиндиги 15 тепкичке көтөрүлгөнүн жарыялады. Кубанарлык көрүнүш катары кабыл алдыңызбы? Артка кетүү коркунучу барбы?

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп турганда ЖМКларга болгон доо арызын кайтарып алганынан улам бул көрсөткүч жакшырды. Экинчиден, жаңы келген бийлик алгачкы жылдары ЖМКларга кысым жасабайт. Ошондуктан президенттин башкаруудагы алгачкы жылдары "бал айына" окшош. Бирок ал убакыт 2 жылдан ашык болбойт. Бийлигинин бекемделиши менен кысымдар дагы күчөйт. Көпчүлүк журналисттердин айтымында, алгачкы жылдары абал жакшырганына карабастан, кысымдар кийин башталат. Бийлик тараптан ЖМКларга болгон кысым азайганы менен, бул абал туруксуз. Батыш өлкөлөрүндө ЖМКлар президенттин эркинен, анын маанайынан көз каранды эмес болсо, бизде ЖМКлардын абалы саясий кырдаалдан көз каранды бойдон калууда.

– Сиздин социалдык баракчаңызды карап отуруп, тынымсыз эмгек үстүндө экениңизди көрдүм. Карьера менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүүгө убакытты кантип табасыз, кантип бөлүштүрөсүз?

– Чындыгында, үй-бүлө менен жумушту айкалыштыруу кыздар үчүн, өзгөчө Кыргызстанда өтө оор. Менде дагы башка айымдарга окшош балдарымды тарбиялоого, үй жумуштарын аткарууга убакытты туура бөлүштүрүү көйгөйү бар. Ошондуктан убакытты туура колдонуу үчүн менин ар бир саатым, ар бир мүнөтүм жарым жыл алдыга пландалып жазылган. Негизгиси менин үй-бүлөм мени ар дайым колдоп турат. Алардын жардамы менен окуганга дагы, иштегенге дагы жетиштим. Демек, бүгүнкү күндөгү менин ийгиликтеримдин негизги фактору ушул адамдар. Алар жардам бербесе мен азыр кылып жаткан иштеримдин 20 пайызын дагы ишке ашыра алмак эмесмин.

– Журналистика, медиа ааламы сизди эмнеси менен кызыктырды эле?

– Менин жеке субъективдүү оюмда журналистика эң принципиалду, эң таза, чынчыл жана эр жүрөк адамдар үчүн деп эсептейм. Журналист коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып жана ал маселени чечүүгө көмөк көрсөтөт. Мен дагы коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошом деген максатта бул кесипти тандагам. 17 жашымдан баштап макала жазып баштагам. 20 жашымда онкологиялык ооруканадагы көйгөйлөр тууралуу макала жазганым үчүн Акаевдин тарапташтары "жалган маалыматтарды жазды" деп мени сотко беришкен. Себеби ага чейин ал борборду Майрам Акаева ачкан эле. Революциядан кийин ал иш жабылган.

– Бир эле учурда иштөө, окуу, бала багуу кыйынчылык жараткан жокпу?

– 2009-жылы Лондонго магистратурага окууга кеткем. Ал жакта окуп жүргөнүмдө биринчи балам төрөлгөн. Бул менин жашоомдогу эң оор учурлардын бири. Башында кош бойлуу кезимде, кийин баламды колума көтөрүп жүрүп окуганга туура келди. Жолдошумдун колдоосу менен окуумду аягына чейин бүтүрдүм. Саат сайын үйгө баламды эмизиш үчүн келип, кайра окууга кетип, айтор, чоң кыйынчылыктар менен окудум. Эч кимге мындай кылгыла деп кеңеш бербейм. Себеби балага дагы, окууга дагы көңүл буруу зарыл. 2 айлык баламды жана дипломумду көтөрүп 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга кайтып келдим. Келерим менен баламды үйгө таштап, аянтка барып, коомчулукка ал жердеги окуялар тууралуу кабар берип өз ишимди уланткам.

Экинчи уулумду премьер-министрдин (ред.: Жоомарт Оторбаев премьер кезинде) басма сөз кызматын жетектеп жүргөн учурда төрөдүм. Балалуу болгондон 40 күндөн кийин эле кайра жумушка кайткам. Ушундай татаал жолду басып өткөндөн кийин көп иштер азыр мага кыйынчылык жаратпай калды.

Менин досторум, кесиптештерим, өнөктөштөрүм жолугушууларга балдарым менен барганыма көнүп калышкан. Кээ бир учурда университеттеги лекцияларымды балдарым менен чогуу өткөрөм.

– Өкмөт башчы Абылгазиев “биз ишибизге пиар жасаган жокпуз, ошол себептен ийгиликтерибизди эл билбейт” деп айтты. Биздин өкмөттүн чабалдыгына пиардын жоктугу себеп болуп жатабы?

– Коомдо резонанс жараткан маселелер тууралуу өкмөттүн, президенттин реакциялары кечигип жатат. Мисалы, уран маселеси боюнча, азыркы күнгө чейин бул кырдаалды кантип жөнгө сала турганы боюнча бийликтин так жообу жок.

Ушул жылдын башында жаңы кодекстер тууралуу чоң маселе жаралды. Бул көйгөйдүн келип чыгышынын негизги себеби – элге маалымат жеткирилбегендигинде. Демек, өкмөт эл менен байланыш түзгөн эмес. Эгер ал иштер тууралуу коомчулукка алдын ала маалымат жеткирилсе көп маселе жаралмак эмес.

Өкмөттүн ар бир катасы түшүндүрүү иштери болбогондугунан улам келип чыгууда. Өкмөт пиардын маанилүү экендигин түшүнбөй жатат.

– Эми жагымдуу темага келсек. Билишибизче, сиздин жолдошуңуз дагы эл аралык компанияларда иштейт. Мындай кыйын жаштар кантип таанышып, табышып калдыңар эле?

– Жолдошум менин коңшум болчу. Биз бир короодо жашачубуз. Мен жетинчи кабатта, ал экинчи кабатта.
19 жашымдан баштап аны менен достошуп келем. 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан турмуш курганбыз. Жакында баш кошконубузга 12 жыл болот. Ал мени “Life companion” деп айтат. Англисчеден корторгондо жашоодогу өнөктөш дегенди түшүндүрөт. Анткени биз ар дайым бири-бирибизге жөлөк болуп, бири-бирибиздин өнүгүүбүзгө жардам беребиз. Бул туруктуу мамиленин негизги кепилдиги. Экинчиден, биз бири-бирибизди толуктап турабыз. Ал абдан оор басырыктуу, токтоо адам, мен болсо ачуум тез келген, эмоция менен чечим чыгарган адаммын.

– Кандай энесиз, кандай жарсыз?

– Коомчулукта калыптанып калган үй-бүлө деген түшүнүк боюнча караса, мен жакшы жубай эмесмин. Анткени мен үй иштери менен алектенбейм. Бирок күйөөмдүн айтымында, аны түшүнгөн, колдогон, сүйгөн адам катары абдан жакшы жубаймын. Балдарым үчүн мен жакшы энемин деп эсептейм. Себеби көп убакытымды балдарым менен өткөрүүгө аракет кылам. Эс алуу күндөрү ар дайым уулдарымдын курчоосунда болом.

– Жумуш, коомдук иштер, балдарыңыз, жолдошуңуз, досторуңуз... Жеке өзүңүз үчүн убактыңыз барбы?

– Убакыттын аздыгына карабай, спорт менен машыгууну приоритеттүү иш кылып алгам. Жумасына 4-5 жолу теннис менен машыгам. Кээде атайын теннис ойноо үчүн кызматтык жолугушууларды жылдырып да коём. Ал эми башка бош убактымдын бардыгын уулдарыма арнайм. Алар менен жаратылыштын коюнунда эс алганды жактырам. Бош убакыт көбүрөөк болгон учурда ата-энем, уулдарым менен чет өлкөлөргө саякаттап да келебиз.

– Иштериңизге ийгилик, үй-бүлөңүзгө бакыт каалайм.

"Жолдошум мени "Life companion” деп айтат".

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан