Бир тууган Өскөнбаевдер. Бул үй-бүлөдө билим, адамдардын эркиндиги маанилүү. «Биз эл эмне дейт деген түшүнүк менен чоңойгон жокпуз. Атам «эл эмне десе десин, негизгиси өзүң туура жолду танда» деп үйрөткөн. Ата-энебиздин бизге туура жол көрсөткөнүнө ыраазыбыз»,- дейт жарандык активист Улан Үсөйүн.
БИР ТУУГАН ӨСКӨНБАЕВДЕР
Руслан Шооруков, 34 жашта, фермер
Гүлзар Өскөнбаева, 32 жашта, үй кожойкеси
Эльзар Өскөнбаева, 31 жашта, ырчы
Улан Үсөйүн, 26 жашта, жарандык активист
Гүлжан Усеин кызы, 24 жашта, ырчы
Дилбар Усеинова, 9 жашта, мектеп окуучусу
– Эльзар, Гүлжан, Улан, саламатсыздарбы? Сиздердин бир тууган экениңиздер бизге жаңылык болду...
Улан: – Саламатсыздарбы? Биздин бир тууган экенибизди айланабызда жүргөндөр деле билишпейт. Буга ар кимибиздин ар кайсы фамилияда болгонубуздун да таасири бардыр. Улуу агамдын фамилиясы Шоорук деген чоң атабыздын атына жазылган. Гүлзар, Эльзар эжелерим бабабыздын атын алып жүрүшөт. Мен, Гүлжан жана Дилбар атамдын атын алганбыз. Болгону Гүлжан менен Дилбардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнө орусча Усейин деп жазылып калган.
Эльзар: – 8-мартта аялзатынын коомдогу орду, укуктары тууралуу маселе көтөрүп, тынч жүрүшкө чыккандардын катарында иним да бар эмес беле. Ал кезде мен Сауд Арабиясында фестивалда жүргөндүктөн, окуя тууралуу кабарым жок болчу. Интернетке кирсем эле активист болуп Улан жүрөт. Аны тепкилеп, жамандаган билдирүүлөрдү окуп, жүрөгүм ооруду. Улан ошондо “эже, кандай улут, кандай диний ишенимдеги адам болбосун, эркекпи, аялбы, мен үчүн баарынын укугу бир. Мен ошону айтып чыктым” деди. Сени сабап кетебиз деп жатышат деп чыркырап жибердим. Анда да мунум “сабаса сабай беришсин” деп коёт. Уланды бир нерсе кылып салышпагай эле деп эки күн бою уктабай сарсанаа болдум.
Социалдык тармактарда менин чөйрөмдөгүлөр, тааныштар инимди жамандап жазып жатышты. Аларга Улан менин иним деп айта алган жокмун. Бир гана группалашымдын билдирүүсүн окуп, жүрөгүмө катуу тийгенинен “Улан менин иним болот” деп жаздым. Башка эч нерсе дей албадым. Группалашым аябай таң калып, билдирүүсүн өчүрүп салды. Ошол, эми мындан кийин баары билип калышат го бир тууган экенибизди (күлүп).
У.: – Элибиздин жашоосунда, тилекке каршы, тууганчылык, тааныш-билиш чоң роль ойнойт. Мен ошондой нерсеге каршымын. Биз, бир туугандар, бири-бирибизден үмүт этпей, ар кимибиз өз эмгегибиз менен ийгиликке жетип жүрөбүз. Ошондуктан мен "ырчы Эльзардын иниси болом" деп же Гүлжан “Уландын карындашымын, Эльзардын сиңдисимин” деп ишибизге бири-бирибизди аралаштырган эмеспиз.
Гүлжан: – Мен да агамдын же эжемдин атын пайдаланган жокмун. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин хор-дирижёрлук бөлүмүндө окудум. 5-курсту бүткүчө кыйналсам дагы Эльзар эжемди ортого салып жардам сураган эмесмин.
Окуумду бүткөндөн кийин ырдап жүрдүм. Бирок азыр өзүмдү башка чөйрөдөн сынап көрөйүн деп Түркиянын Кастамону шаарындагы Кастамону университетине эл аралык мамилелер факультетине магистратурага тапшырып жатам.
– Балалыкка кайрылганда кимдин эсине кайсы учур тартылат?
Э.: – Мен көбүнчө Улан менен Гүлжанды бешикке терметет элем. Уктабай жиниме тийишсе томолото түртүп салчумун. Анда бала экем да, түшүнчү эмесмин. Ошондо баш-мээси чайкалып калса эмне болот эле деп азыр коркуп кетем.
Улан өтө тентек болду, бир ирет тепкичтен кулап маңдайындагы тишин сындырып алды. Андан деле уялчу эмес, укмуш ышкырып, ырдайт эле. Кошуналар аны «тиши жок абышка» деп шылдыңдашчу. Бирок ошол жок тиши кийин керекке жарап, Темир Бирназаровдун «Сырга» деген кыска метраждуу тасмасына тартылган. Тасмада Улан орус кызын сүйгөн жигиттин ролун ойногон. Кийин "жашоодо деле ошол кызды сүйүптүр" деп айтып калышты. Ошондо чын эле сүйдүң беле?
У.: – Ал актриса менден 15 жашка улуу болчу, киного тартылуу учурунда мага кылган мамилесин жактырдым. Ага кошумча, элдин баары «сен аны жакшы көрүп калдың» десе, мен да чын эле жакшы көрдүм деп ойлогом. Кийин ошол кыз менен интернет аркылуу табышып, жазышып да калдык.
Г.: – Мен Улан байкем менен шыпыргы талашканыбызды унутпайм. Кечке “мен шыпырам” деп тартышып отуруп байкем тартып алып, үйдү өзү шыпырган эле. Ошондо эле байкем “бул кыздын, бул эркектин иши” деп бөлбөй жасай берчү.
Эльзар эжем мен чоңойгондо Бишкекке окууга кетти. Бирок каникулга келгенде мени “кууруйт” эле. Тазалыкка аябай маани берчү. Мени “үйдү таза карма, сени камера менен Бишкектен карап турам. Эгер таза шыпырбасаң өпкөңдү үзөм” деп коркутчу. Кээде кошуналардыкына ойноп кетсем, издеп келип катуу чымчып алчу.
– Уланды азыр коомчулук профеминист (ред.: феминизмди колдогон эркек), демократ катары таанып калды. Бала кезден эле ушундай активдүү белең?
Э.: – Улан жалпы тестирлөөдөн 195 упай чогултуп, кошумчалары менен 300дөн ашкан. Бир учурда 3 университетке өттү. Башкалар кыялданып жүргөн университеттерге бюджеттик негизде өткөнүнө карабай 18 миң сомдук контракты бар БГУнун мамлекеттик башкаруу факультетин тандады. Канча көндүрсөк да өзүнүкүн бербей, ошол жакта окуду.
Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде мугалим болуп иштеп, жатаканадан бир бөлмөгө чыккан элем. Бир күнү Уланым көзү көк ала болуп келиптир. Бирөөлөрдөн токмок жеген да, сурасам эч нерсе айткан жок. Ошондон кийин аны жаныма алдым.
Улан күнү-түнү китеп окучу. "Мени уктатасыңбы?" деп экөөбүз канча кырылыштык. Китепти көп окугандыктан, “мугалимдер мен билген нерсени да билишпейт. Алардын окуткандары мага кызык эмес” деп окуусун таштап салды.
Бир жолу “Казакстанга барып иштеп, компьютер алам” деп камынып алыптыр. “Ал жакта ачка калбайсыңбы?” деп урушуп жатып алып калдым. Андан кийин эле “мага 30 миң сом керек, компьютер алып, долбоорлорду жазмакмын” деп чыкты. Акча керек деп ата-энеме да чалган экен, апам байкуш шырдагын салып жибериптир. Аны да сата алган жок окшойсуң, ээ (Уланга кайрылып)?
У.: – Ооба, аны көтөрүп алып канча дүкөн кыдырдым же орусчаны билбейм. Сата албашыма көзүм жеткенде башка булактарды издеп баштадым. Тааныштардын компьютеринен долбоор жазып, Кудай жалгап утуп чыктым. Биринчи алган акчама кыялымдагы компьютерди, фотоаппаратты алдым. Ошол компьютерим азыр деле бар. Ал эми шырдакты таежеме берип койгом.
– Экөөңөр ырчы, бириңер жарандык активистсиңер. Бала коомдон өз ордун табыш үчүн эмне керек деп ойлойсуңар?
У.: – Мен ата-энебиздин бизге берген тарбиясына ыраазымын. Көпчүлүктө «эл эмне дейт?» деген түшүнүк жашайт эмеспи. Атам ошондой нерседен алыс киши. Бир нерсе кыларда да атам “атасынын оозун урайын, эл эмне десе десин, сен өзүң туура көргөн нерсени кыл” дечү. Албетте, биз чектен чыгып кеткен жокпуз.
– Башка бир туугандарыңар тууралуу да айта кетсеңер. Бири-бириңер менен сырдашканга убакыт табасыңарбы?
У.: – Улуу агам менен эжем учурда үй-бүлөсү менен Нарында турат. Агам абдан оор басырыктуу киши. Менин канча жиндилигимди көтөрдү, бир да жолу сабаган эмес. Математика сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, дайым алдыңкы орунду алчу. Ал эми Гүлзар эжем кичинекейинде жакшы ырдап, мектеп арасында өткөрүлгөн сынактардан биринчиликти бербей келген. Азыр шартка байланыштуу балдары менен үйдө отурат. Ошондой эле кичинекейибиз Дилбар ата-энеме караан, эрмек болуп жүрөт. Азыртан китеп көп окуйт, укмуш акылдуу кыз. Келечекте андан да мыкты инсан чыгат деп ишенебиз.
Э.: – Көрүп турасыңар го, бир туугандар көрүшкөнгө деле убактыбыз болбой калат. Бүгүн да интервьюга келатсам жолдошум чалып “Улан интервьюга барбай калды окшойт” дейт. Мен саясат менен ишим жок да. Көрсө, Улан уранга каршы митингде модераторлук кылып жүргөн турбайбы. Учурда ар кимибиз өз жумушубуз менен алек болуп аз көрүшүп калдык.
– Маегиңерге рахмат, бир туугандар. Ар дайым ынтымакта болгула!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg