ЫРЧЫ КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ УУЛДУУ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиев 3-ирет ата статусуна ээ болду. Ырчынын жубайы Эльвира Примбердиева 1-май күнү борбор шаарыбыздагы төрөтканалардын биринен көз жарды. Уулдуу болушу менен куттуктап ырчы мырзага байланышканыбызда:

"Уулум эртең мененки саат 7 жарымда салмагы 3 килограмм 450 грамм, ал эми бою 49 сантиметр болуп төрөлдү. Уулум мурду барбайып байкеси Ариетке окшош экен. Учурда жубайымдын жана баламдын абалы жакшы. Азырынча кандай ат коёрубузду билбейм, бирок варианттар бар. Ат коюу укугу менин таенемде”,- деп билдирди кубанычтан маңдайы жарыла.

Уулуңардын бешик боосу бек болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erkeleim
2019-05-06 13:19:01
Омурлуу болсун!!! Куттуктайбыз
+2
Janattim
2019-05-09 09:27:04
Куттуктайбыз
+1
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан