ЫРЧЫ БУРУЛ АРУНОВА ТУРМУШКА ЧЫКТЫ

"Мендеги ыйык махабат", “Бийге чакырам”, “Сенден башка”, “Түбөлүгүм” сыяктуу ырлардын аткаруучусу, ырчы Бурул Арунова түгөйүнө сүйүктүү жар болду. 25-апрель күнү борбор калаабыздагы ресторандардын биринде ырчынын кыз узатуу тою болуп өттү. Бурул айым менен байланышканыбызда:

“25-апрелде кыргыздын каада-салты менен кыз узатуу тоюм болду. Заманбап үлпөт тоюбуз 2-май күнү болот. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон деген айылга келин болдум. Жолдошумдун аты Эрнис, өзүнүн жеке иштери менен алек. Эрнис экөөбүз 9 ай кыз-жигит катары сүйлөшүп, бири-бирибиздин жакшы сапаттарыбызды жактырып баш коштук. Эрнис 3 жыл мурун мага чалып, жактырып жүргөнүн айткан. Ал кезде көңүл бурбай, сунушун кабыл алган эмесмин. Арадан 2 жылдан ашуун убакыт өткөн соң кайрадан жашоомдо пайда болуп, көптөгөн аракеттерди жасап, акыры жүрөгүмдү багындырды. Жолдошумдун боорукерлигин, адамгерчилигин жана максатына акыры жете билген өжөрлүгүн баалайм”,- деп билдирди.

Жаш жубайларга үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Куш бооңор бек болсун!

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
erkeleim
2019-05-06 13:18:09
Опппоооо ашыкча кетип чуркаганын айтпайле койбопсун эркектин беделин тушуруп кара далы кылбай жакшы ушул Кыргызымын жигити алганына шугур де
+9
jalgyzym...
2019-05-06 15:26:14
erkeleim,Кошулам ☺
+2
Samieva8890
2019-05-09 20:07:28
Куш боонор бек болсун!
0
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан