Сен жөнүндө сырттан карап, эч ким айта элек сөздөрдү айтайынбы? Балким, сага кызыктуу болсо керек. Же таарынаттырсың. Балким, менин байкагычтыгымды айтарсың? Анда сен жөнүндө саймедирейм.
Ошондо биринчи жолу эски сүрөттөрүңдү көрдүм. Сүрөттүн так ортосунда ак жуумал болуп отурган сүрөтүң. Ал сүрөттө дагы бир канча адамдар болсо дагы, сенден башка эч ким көрүнбөйт. Ал сүрөттү колума алганымда сенин аппак келбетиң эле көздү уялтып жиберди. Унутпасам, сүрөттө кара кофтачан болсоң керек. “11-классты жаңы бүтүп, 1-курска тапшырган кез” дегенсиң. “Кайдасың менин 18 жашым?” дедим ичимден. Интернеттин заманы болуп турганда, сендей сүрөттөгүдөй чүрөктү көргөн эмес экенмин. Айылда эле чоңойгон кызды башкача элестетип алсам керек да. Эки бети кыпкызыл, мотурайган кызды көрөмбү деп ойлогом. А бирок сулуулар сынагын жеңген кызды көргөндөй эле нес болгом. Ошол сүрөт мага ушунчалык таасир берген дейсиң... “Сүрөттү алып алсам болмок экен” деп канча ойлодум. Сурагандан тартындым.
Ойлоп көрсөм, бир топ эле акылдуу экенсиң. Андайда эч бир сыр билгизбейсиң. “Бул кыздардын атайын тактикасы да. Эч нерсени түшүнгөн жок деп ойлошуң мүмкүн, бирок сенден биринчи эки кадамыңды түшүнүп койгон болом” деп бир ачылдың бир жолу. Таң калганымды жашыра алган жокмун. Көп эмоцияга алдыра бербегениңди эске алсам, оор басырыктуу адамдай, ошол абалда кандай кадамдар туура болорун ойлонуп жаткан болот турбайсыңбы...
"Түшүмө кирдиң" десең төбөм көккө жетет. Эмне болуп киргеним да маанилүү эмес. Иши кылып, түшүңдө жүрөм. Ошол күнү менден өткөн бактылуу адам жок. Сурай келгенде эле түшүңдө сени менен кол кармашпай же сага сүйлөбөй койгон болом. Анан “түшүңдө сымбаттуу болуп жүрүптүрмүнбү?” деп сөздү бурганга аракет кылам. Дароо жылмая түшөсүң.
Мага өзүң чыгарып ат коюп алгансың. Чынын айтсам, сен коюп алган ошол ат менен чакырсаң кулагыма жагымдуу угулат. Ал сөздү бир эмес, токсон жолу башкача да кылып айтышың мүмкүн. Бирок баары бир кулакка жагымдуу. Бир жолу экөөбүздүн атыбыздан бир ысым курап салдың. Ал экөөбүзгө куп жарашып калып жатпайбы! Негизи жөнөкөй нерселерден жагымдуу “жиндиликтерди” ойлоп табасың...
Экөөбүздүн балмуздак жегенибиз да элдикинен башкача. Аны дагы кээ бир учурда гана жейбиз. Экөөбүз тең таттуудан жөө качкандардын катарына киребиз. Андыктан балмуздак жеген күн ар дайым эсте калат.
Дагы сүрөттөр жөнүндө. Инстаграм баракчаңа жүктөгөн сүрөттөрүң мага башкача көрүнөт. Жаңы сүрөт жүктөгөнүңдө дароо эң биринчи "лайкты" мен басып, комплиментти мен айтышым керек. Антпесе, бир кызыктай боло берем. Баракчаңдагы сүрөттөрүңдүн ар бирин эң аз дегенде он чакты жолу карап чыккам. Сенин баракчаңа эң көп кирген “конок” мен болушум керек. Балким, башкалар да бардыр. Бирок сен сыр бербейсиң да баары бир.
Сенде азыркы Инстаграм жылдыздарыныкындай келбет десе келбет, жылмаюу десе жылмаюу, тулку боюң, кийинген стилиң жана эң башкысы, “фотогеничность” бар. Сүрөткө түшкөндү мыкты билесиң. “Эгерде каалоом болгондо менин баракчамда жүз миңдеген катталуучу болмок. Элди кызыктырып сүрөткө түшүп коюу бат эле. Мындайды өзүм каалабайм” дегенсиң. Ошондо да бир жолу таң калгам. Башка кыздар Инстаграмда жылдыз болууну самап жатса, сенин айткандарың ойлондурбай койгон эмес...
Экөөбүз чогуу болгондо негедир өзүмдү алда канча күчтүү сезе берем. Тоону томкоргону барсак, анда да экөөбүз болсок, ал тоону эч тоскоолдуксуз эле томкоруп да салмак окшойбуз деп ойлойм.
“Сен жокто эмне кылсам деле толук болбой, бир нерсе жетишпей жаткандай боло берет” дедиң. Мына сага! Мен айта турган сезимди айтып салдың. Аны угуп, бир чети кубансам, бир чети капаланам. Анткени менде да ушундай жагдай. Муну чечүү жолу канчалык даңгыр экенин мен эле туя билем.
Бахтияр