19 жаштагы Эржан Божокоев Исхак Раззаков атындагы техникалык окуу жайдын жатаканасынын 2-кабатынан кулап кеткен. Окуя 2016-жылы 23-февраль күнү болгон. Кырсыкта Эржандын кашка жилиги сынган. Аны 2-кабаттан плед байлап түшүрүүгө түрткөн балдарга мыйзам чегинде чара көрүлбөгөнүнө кейип, акыйкаттык издеген эне бул окуя тууралуу айтып берди.
“АРАК АЛЫП КЕЛ ДЕШИПТИР”
Баламдын кыйкырып ыйлап жатканын жолдо кетип бараткан бир киши көрүп калып жатакананы тыкылдатып вахтада иштеген аялды чакырыптыр. Кырсык болгон түнү жатакананын коменданты “балаңар кырсыктап калды” деп иниме чалыптыр. Ал “эртең барам” деп коюптур. Иним эртеси күнү түнкү 12де ооруканага келди.
“Тез жардам” чакырбай эле баламды унаага салып каякка алып барарын билишпей ызы-чуу түшүп ары-бери жүрө беришиптир. Мамбет Мамакеев атындагы хирургиялык ооруканага алып барышса, ал жактагы дарыгерлер “сыныкты кабыл албайбыз 4-шаардык ооруканага алып баргыла” дешиптир. Баламды ооруканага эртең менен 10до алып барышыптыр, ага чейин каякка алып барууну билбей унаага салып жүрө беришкен экен. Ал ооруканада кабыл алган дарыгерге балам “бутум эле ооруп жатат, бат эле чыгарыңыз, ата-энем укпасын” дептир. Дарыгер болсо “сен бул кебетең менен 80-90 жашка чыгасың” деп травматология бөлүмүнө которуптур.
“КОМАДА 20 КҮН ЖАТТЫ”
Азыр балам жакшы сүйлөй албайт, баса албайт. Кашка жилиги сынып, май чучугу тарап кетиптир. Бутуна массаж кылайын десең кол салат. Азыркыга чейин такма жалаяк кийип жүрөт. Жакында Воронцовка айылындагы Ден соолукту чыңдоо борборуна жатып чыктык. Ага 22 миң сом кетти. Дарыгерлер болгон аракетин көрүшкөнү менен, жылыш болгон жок.
Кырсыкка себепкер болгон балдар мыйзам чегинде жоопко тартылышкан жок. Иним алардан 500 миң сом алып, тосмо арыз жазып берип, ишти жаап коюптур. Азыр ал “акчаны балаңдын дарылануусуна бердим” деп отурат. Эгер ошол акчанын баары дарыланууга жумшалса, анда баламдын абалы азыркыдай болмок эмес. Инимдин акча алып жатканын биз көрүп жаттык.
Бул ишти Биринчи Май РИИБи караган. Биринчи Май райондук соту “иш кайрадан козголсун” деген чечим чыгарган. Ар кайсы тергөөчүлөргө өтүп кеткендиктен иш каралбай жатат, документин да таппай жатышат. 2016-жылдан бери бул иштин артынан чуркап акыйкаттыкка жетпей келем.“ЖАЛАЯК КИЙИП ЖҮРГӨНГӨ АРГАСЫЗ”
Ошол окуядан кийин окуусунан чыгарып алганбыз. Калем кармап жаза албаса, сүйлөй албаса, окуй албаса кантип окуусун улантмак эле? Балам азыр таяк менен басат. Оң буту бүгүлбөгөндүктөн сол капталга ооп калды. Дааратканага өз алдынча бара албайт, жалаяк кийип жүргөнгө аргасыз. Башына доо кеткенгеби, дааратканага барарын да билбей калат. Балам кырсыктагандан бери иштебейм, аны өзүм карайм. Башкаларга кол салып, кыйкырып, тиштеп, чаап жиберет.
Экинчи жолдошумдан 1 кыз, 1 балам бар. Кызым студент, балам 8-класста окуйт. Жолдошум курулушта иштейт. Азыр жашоо-шартыбыз көңүл жылытарлык эмес, Токмокто батирде жашайбыз. Жолдошумдун таап келгени күнүмдүк керектөөлөрдөн ашпайт. Баламды 6 ай сайын ооруканага жаткырып турушубуз керек. Ошондуктан кайрымдуу элдин жардамына муктажмын.
Бул окуя боюнча экинчи тараптын пикирин редакция чагылдырууга даяр.
Динара Абдыкадырова
koom@super.kg