7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, Суталинов сот залынан боштондукка чыкты. Буга чейин Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан. Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы абактан чыгарууга негиз болгон. Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыркы УКМК) башкарган. Ал «2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деген айыптын негизинде 20 жылга эркинен ажыратылган.
Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркаарын айткан. «Сот отурумдарында жабырлануучулардан кечирим сурагам. Мени кечиргени үчүн ыраазычылыгымды билдирем. 2010-жылдагы окуяны токтотконго күчүм жетпегени үчүн бүткүл кыргыз элинен кечирим сурайм»,- деди Суталинов.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg