2-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарына тийиштүү болгон уран кени иштетилбей турган жана чалгындоо иштерине тыюу салына турган токтом кабыл алынды. Буга чейин Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол кенинде урандын казылышына каршы өлкөнүн ар аймагында митингдер болуп өткөн. Элдин нааразычылыгы күндөн күнгө өсүп жаткан маалда бийлик өкүлдөрү жана депутаттар
Матраимовдордун иш-чарасына катышканы да нааразычылыкты күчөткөн. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун уран боюнча үн катпай жатканынан улам социалдык тармактарда «Президент, үн кат!» деген акция башталган.
4-майда Жээнбеков өлкөдө уран казылбай тургандыгын билдирип, абалды убагында жөнгө сала албаганы үчүн өкмөттүн ишин сындаган.
Акыркы бир ай ичинде коомчулуктун талкуусунда болуп жаткан уран чуусу боюнча 7-майда парламентте уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Иш-чарага 100гө чукул киши катышып, тоо-кен тармагында бирдиктүү саясаттын жоктугунан ушундай абал болуп жаткандыгы айтылды.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg