КАЗАКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИККЕ 7 ТАЛАПКЕР АТ САЛЫШАТ

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо ишин 8-майда аяктады. Жыйынтыгында президенттик шайлоого аттануу үчүн 7 талапкер каттоодон өттү. «Нур-Отан» партиясынын талапкери Касым-Жомарт Токаев, Казакстан коммунисттик партиясынын талапкери Жамбыл Ахметбеков, «Улуу талаа кыраандары» биримдигинин өкүлү Сади-Бек-Тугел, Казакстан профсоюздар федерациясынын өкүлү Амангелди Таспихов, парламент депутаты Дания Еспаева, «Айыл» партиясынын өкүлү Толеутай Рахимбеков жана «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү Амиржан Косанов президенттик үчүн ат салышмай болушту.

19-мартта Казакстанды 1990-жылдан тартып башкарып келген Нурсултан Назарбаев отставкага кетерин жарыялаган. Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөн. Өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда болору күтүлүүдө.

 

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан