БИР БҮРКҮМ. БИТИР-САДАКАНЫН ӨЛЧӨМҮ 35 СОМДУ ТҮЗДҮ...

  • 3-майга карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 347 ардагери калды. Аларга Жеңиш күнүнө карата 20 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
  • Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кылмыш ишин иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2 дарыгер кармалды. Алар СИЗО-1ге 2 айга камалды.
  • Абдыганы Эркебаев Кыргыз элинин ассамблеясынын төрагасы болуп шайланды.
  • Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин 40 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
  • Орозо айындагы битир-садаканын минималдык өлчөмү 35 сомду түздү. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы билдирди.
  • Улуттук статистикалык комитеттин билдиргени боюнча, Кыргыз өлкөсүндө уюлдук телефон колдонуучулардын саны 7 миллион 700 миңден ашат.
  • 2018-жылы бюджеттен каржыланган уюмдар жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор менен мамлекеттик мекемелер күйүүчү-майлоочу майга 3 миллиард 47,4 миллион сом коротушкан. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдиргендей, жылына 25 миңдей жолбун иттер атылат.
  • «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында февралдан май айына чейин айдоочулар 37 миллион сом айып пул төлөдү. Бул тууралуу ЖКККББ билдирет.
  • Кыргыз өлкөсүндөгү абактарда 3 миң адам орозо кармап жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
  • Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтуусу боюнча, Кыргыз өлкөсүндө кен казууга 2571 лицензия берилген.
  • Ысык-Көлдө өтүп жаткан 9-майга арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалына Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы чыгышты. Финалдык оюн 9-майда өтөт.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан