ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-МАЙДАН 19-МАЙГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Аптада сизге чоң иш тапшырылат. Аны бүтүрүү үчүн убактыңыздын баарын ага коротуп, эс алууну унутасыз. Үйдөгүлөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл бурбагандыгыңыз үчүн алар нааразычылыгын билдиришет. Жеке жашооңузда жана жумушуңузда өзгөрүүлөр күтүлөт. Өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз, тырышып аракет кылсаңыз ийгиликке жетесиз. Колуңузга акча тийиши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын башында кыйкымчыл, өзүмчүл болуп чыга келесиз. Андыктан жакындарыңыз жана сүйүктүүңүз менен тил табышуу кыйындайт. Каржылык көйгөйлөрдү чечпесеңиз, жакында акчасыз каласыз. Апта ортосунда чөйрөдөгүлөрдүн бири сизди келечекте жардамы тие турган адам менен тааныштырат. Айылдан же башка шаардан туугандардын келиши мүмкүн. Апта аягы сизге чакан олжо тартуулайт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада үй, бак, гараж ичин жыйнап, тартипке келтиресиз. Гардеробду жаңыртуу үчүн чыгынып базар же дүкөн кыдырууңуз ыктымал. Үйдөгү чатактардан улам чыгымдарды азайтып, чоң иштерге акча топтоо керектиги билинет. Сүйүшкөндөр чогуу эс алуу жаатында пландарды түзүшөт. Апта акырындагы окуядан улам жашоого башкача көз караш менен карап, кээ бир адаттарыңыздан арылуу тууралуу ойлоносуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйдө маанилүү маселе көтөрүлөт. Ал маселе жашаган жериңизди алмаштыруу же жаңы курулушту баштоо тууралуу болушу мүмкүн. Көйгөйлөрдүн көптүгүнөн үйдөн башка жакка убактылуу кетип калууну самайсыз. Туугандар карызга акча сурашат, болсо бергениңиз жакшы. Көптөн бери самаган буюмуңузду бөлүп төлөө келишими менен сатып алышыңыз мүмкүн. Апта акырында жагымдуу компанияда эс алуу күтүлүүдө.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада чоң ишти аркалап, аны бүтүрүүгө, туугандардын маселесин чечип берүүгө жетишесиз. Чөйрөдөгүлөрдүн ичинен жагымсыз кылык-жоругун көрсөткөндөр чыгат. Айтышпай, сөз менен ордуна коюп коюуга аракет кылыңыз. Унутчаактыгыңыздын айынан белгиленген жолугушууну өткөрүп жибербеңиз. Айрымдар мал же кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн керектүү маалыматтарды топтошот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кызматтагылар ишинен көтөрүлүү үчүн өзүнө атаандаш деп эсептеген адамды жеңип чыгып, жаңы орунга ээ боло алат. Соода менен алектенгендердин кирешеси көбөйөт. Эски достор өздөрү тууралуу кабар беришет же жолугасыздар. Бул өткөндү эстеткен жагымдуу жолугушуу болот. Апта акырында кырдаалды анализдебей туруп, башкаларга ишенип иш кылуудан качыңыз. Анткени бөөдө аброюңуз төмөндөйт жана убактыңыз кетет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптанын башында бир нерсеңизди жоготуп же жагымсыз окуяга туш болуп кайгырууңуз мүмкүн. Жакшы таанышыңыз акчаны көбөйтүү жаатында баалуу кеңештерин, сунуштарын айтат. Ойлонуп көрүп, чечим кабыл алыңыз. Апта ортосу жаңы нерселерди өздөштүрүүгө ылайыктуу. Бойдоктор романтикалык жолугушууларга барып, эмоцияларга байыйт. Апта аягында дасторкон үстүндө достор менен баарлашасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Башка, пайдалуу иш сунуштагандар чыгат. "Тобокелдик кылгандан көрө айлыгы аз болсо деле ушул ишим жакшы" деген чечимге келишиңиз ыктымал. Негизи баш тартуу өз күчүңүздү, билимиңизди туура эмес баалагандык. Үйдөгүлөрдүн кетирген майда кемчиликтерине көз жумуу керек. Жакшы жаңылык угуп, демиңизге дем кошулат. Сүйүшкөн кыз-жигиттер кызганычтан улам убактылуу таарынышып кетиши мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Окуялар өз агымы менен агып, чоң маселелер жаралбайт. Буга чейин сизди жадатып бүткөн ишти аягына чыгарууга чыгынасыз. Сырдаш адамыңызга сизди эмнелер тынчсыздантып жатканын айтып берип, моралдык колдоо аласыз. Азыраак өлчөмдөгү акча алууңуз ыктымал. Тажатма жашоодон досторуңуз сууруп чыгышат, бир иш-чара уюштурасыздар же башка жакка барып келесиздер.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Акчаны көбөйтүү үчүн каржылык авантюрага баруунун кереги жок. Аягы жакшылык менен бүтпөйт. Үйдөгүлөр жылуу мээрими менен кам көрүүгө өтүшөт. Болгону аларды куру кеңештериңиз менен жадатпаңыз. Туугандардын бирин врачтарга көрсөтүп, дарылатууга туура келет. Сөзгө калбоо үчүн чөйрөдөгүлөрдү сындабаңыз жана сырткы келбетиңизди калыпка келтириңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада иш боюнча жолдо көп жүрөсүз жана көп адамдар менен баарлашасыз. Бош убакта ийгиликке жетүүгө эмнелер жана кимдер жолтоо болуп жатканын анализдеп көрүшүңүз кажет. Мүмкүн, тиешелүү адистерден кеңеш аласыз. Үйдөгүлөргө өз оюңузду айтып таңуулабаңыз, болбосо аларды таарынтып аласыз. Апта акырында убакыт таап үйдөгүлөр менен чогуу эс аласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптада жолдуу адамга айланасыз. Каржылык абалыңызды оңдоп алууга тагдыр мүмкүнчүлүк берет, кармап калыңыз. Көз артып жүргөн адамыңыз өзү эле сизге жакындашып баштайт. Болгону туура эмес сөз сүйлөп алып, оңтойсуз абалда калбоого тырышыңыз. Көптөн бери артка жылдырып келе жаткан планыңызды да колго алсаңыз болот. Алыста жүргөн жакыныңыз кайтып келет.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 13-19-майга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан