АЭРОПОРТТУН ЖҮК ТАШУУЧУЛАРЫ КҮНҮНӨ 80 ТОННАДАЙ ЖҮК ЖҮКТӨШӨТ

Сиз иш боюнча же эс алуу үчүн, айтор, учак менен бир жактарга учкансыз дейли. Аэропортко кирип, каттоодон өтүп жатып жүгүңүздү тапшырдыңыз. Кайра жерге түшкөндө жүгүңүздү алып кете бердиңиз. Ал ортодо сиздин жүк кандай «жашоо» өткөрөт деп ойлоп көрдүңүз беле? «Манас» эл аралык аэропортуна барып, макала даярдадык.

ЖҮГҮҢҮЗДҮН АЭРОПОРТТОГУ «ЖАШООСУ»
1.
Алгач эле аэропортко баш бакканыңызда жүгүңүз, сумкаңыз алгачкы текшерүүдөн – сканерлөөдөн өтөт.
2. Катталып жатып, жүгүңүздү жылып турган, жүктөрдү ташуучу лентага коёсуз. Жүгүңүзгө штрихкод жазылган бирка тагылат. Ар бир аэрофлоттун, авиакомпаниялардын биркалары ар түрдүү болот. Биркага учактын рейси, жүк учак коно турган шаарга барабы же андан ары кетеби, жүк ээсинин катталган номери сыяктуу маалыматтар катталат. Биркадан тышкары жүк ээси эконом же бизнес класс менен уча турганы тууралуу жабыштыргыч кагаз чапталат. Эгер жүктө сына турган буюм болсо атайын белгиси бар кагаз чапталат.

3. Жүктөр лента менен жылып отуруп 2-кабаттан жүктөрдү сорттоп жана арабаларга жүктөөчү зонадагы (жер төлөөгө) 3 секторго келип түшөт. Бул аралыкта жүктөр 2 жерден рентген-телевизиондук аппараттын текшерүүсүнөн өтөт. Аппараттан жүктө эмне буюмдар бар экени тартылып алынат жана ал көзөмөлдүк пункттагы компьютерден түз көрсөтүлүп турат. Мындай текшерүү кокустан жүктө жарылуучу же башка коркунучтуу буюм бар же жок экенин так аныктоо үчүн керек.

4. Жүктөрдү сорттоп жана арабаларга жүктөөчү зонадагы бир секторго ички каттамдагы, ал эми эки секторго эл аралык каттамдагы жүктөр келип түшөт. Жүк ташуучулар лента менен келип токтогон жүктөрдү биркаларына жана аны менен кошо чапталган кагаздардагы маалыматтарга жараша арабаларга бөлүп жүктөшөт. Мисалы, учак коно турган шаарда түшүрүлө тургандары өзүнчө, андан ары кете турган жүктөр өзүнчө жүктөлөт. Ошондой эле бизнес жана эконом класстагы жүктөр да өзүнчө жүктөлүүгө тийиш. Ичинде сына турган буюм бар деген белгиси барлар жүктөрдүн эң үстүнө коюлат.

5. Жүктөрдү сорттоп жана арабаларга жүктөөчү зонада 2 көзөмөл пункту бар (бири ички каттамдардагы, экинчиси эл аралык каттамдардагы жүктөргө жооп берет). Андагы кызматкерлер рентген-телевизиондук аппараттын текшерүүсүнөн өткөн жүктүн ичинде эмнелер бар экенин аныктап, анализдеп турушат. Кокус жүктө шектүү буюм бар экени билинсе, жүк чекеге чыгарылып, микрофон аркылуу күтүү залынан ээси чакырылып, жүктү ачуусун суранышат. Жыйынтыкка жараша комиссия чечим чыгарат.

6. Жүк толгон арабаларды атайын унаа чиркеп алып, учакка жеткирет. Жүк ташуучулар арабадагы жүктөрдү жылып турган лентага коюшат. Аны башка жүк ташыгычтар алып, учактын жүк секторуна жүктөшөт.
Айрым чет элдик авиакомпаниялардын чоң учактары жүктөрдү атайын контейнерлерде алып келишет. Анын 3 тарабы металлдан, алды жагы бышык материалдан тигилген жапкычтан турат. Жүктөр толгон соң андагы пломбалар бекитилип, атайын унааларга жүктөлүп учакка жеткирилет. Анан учактын жүк секторуна атайын шаймандардын жардамы менен жүктөлөт.

7. Учак белгиленген жердин аэропортуна конгон соң жүктөр ошол аэропорттун жүктөрдү сорттоп жана арабаларына жүктөөчү зонасына барып түшөт. Ээси андан ары учпаса жүк берилүүчү залдан лента менен келген жүгүн алып кете берет.

«ЖҮК ЖҮКТӨП 40 АДАМ ИШТЕЙТ»
Нуржигит Алымкулов, 31 жашта, Бишкектин тургуну. Кичи мекени – Таластын Кара-Буура району. Учурда «Манас» эл аралык аэропортунун жүктү өткөзүп алуу-өткөрүп берүү бөлүмүнүн нөөмөт жетекчиси:
– Өзүм Чүй университетинде экономист адистигин окугам. Бирок көп жыл соода тармагында иштедим. Бул жерде иштегениме 5 жыл болду. Биз мөөнөт менен кезектешип иштейбиз. Ишибиз каттоодон жана медициналык кароодон өтүү үрөктүн согушу, алкоголдук ичимдик ичкен же ичпегени текшерилет) менен башталат. Андан соң атайын инструктаж алабыз. Мен жүк ташуучуларды рейстер боюнча бөлөм, алар ошол рейстеги учактагы жүктөргө жооп беришет. Бизде жалпысынан 40 адам иштейт. Мөөнөтүбүз эрте мененки саат жетиден кечки саат жетиге чейин. Ишке алынган жүк ташуучулар жүктөрдү кантип сорттоо, кантип жүктөө керектиги тууралуу атайын окуудан өткөрүлөт. Ар бир жүк ташуучу жүк жүктөлгөн арабаларды ташый турган атайын унааны айдай алышат. Жумушка алып жатканда айдоочу күбөлүгүндө ошондой категориядагы унааны айдоого укугу бар экендиги текшерилет. Айдоо эрежелери боюнча 1 жылда 2 ирет сынактан өтүп турушат. Ар бир кыймылыбыз видеокөзөмөлдөр менен көзөмөлдөнүп тартылып турат.
«Манас» аэропортунан күнүнө орточо эсеп менен 40тай учак учуп-конот. Ар бир рейске жүктөлө турган жүктүн салмагы 1,5-2,5 тоннаны түзөт. Ошондо бир күндө түшүрүлгөн жана жүктөлгөн жүктөр 80 тоннадай болот. Бир рейске жүктү жүктөө үчүн 1 саат убакыт берилет. Ушул убакта жүктөп жетишүү керек. Айрым велосипед, сноуборд, лыжа, коляска сыяктуу жүктөр өзүнчө ташылат жана жүктөлөт.
Кээде бир учактын рейси жүгүртмө боюнча өзгөрүлүп, жүктөрдү 1 саат ичинде жүктөөгө жетишпей калган учурлар болот. Анда керектүү авиакомпанияларга кат жиберилип, жүк кийинки рейс менен жеткирилет. Айрым учурда жүктү арабага же учакка жүктөп жатканда чачылып кеткен учурлар болот. Кичине чемоданга көп жүк салып салышат же ооздору бекем жабылбай калган болот. Кээде эски сумкалар айрылып кетет. Андай учурда дароо сүрөткө тартылат, атайын кызматкерлерге билдирилет. Алар токтоосуз келип акт түзүшөт, атайын журналга белгилешет, чачылган буюм жыйналат. Жүктөгү бирка жана чапталган кагаздар боюнча ээси, учак рейси аныкталат. Ээси чакырылат жана буюмдар өткөрүлүп берилет. Андыктан жүктөрдү сыртынан скотч менен ороп койсо жакшы.
Өзүңүздөр көргөндөй, бизде эч ким жүктөрдү ыргытпайт. Чачылып кеткен жүк өтө чанда кездешет, анда да ээсинин айынан болот.
Ишибиз оор, андыктан дайыма жакшы тамактануу, кийинки мөөнөткө жакшы эс алып чыгуу, дайыма физикалык формада болууну талап кылат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ainura220888
2019-05-13 10:20:26
Алдабагылачы вечно эле ыргытасынарго тарак турак кылып. Страховка менен журом дайым силердин айвнардан чемоданым айрылып жолдо калбайын деп.
0
Alia-bekzat
2019-05-13 18:03:35
Мусор токкондой еле чон машына менен тогуп салышат барып сумканы озун табасын мен учканда ошондой еле азыр еле онолуп калбаса Бир аз
0
taalay25
2019-05-13 18:59:24
Alia-bekzat,азыр деле ошондой ыргытат! Менин бир чемоданым сынып, бир сумкам айрылган! Калыстык учун айтып коюш керек, АвиаТраффик, Пегасуз менен учканда чемоданым экоондо тен эч нерсе болбой жеткен! Урал менен дайым учканда бир нерсе болот да. Же чемоданын донгологу сынат, же ручкасы сынат устуно чыгып алып секиреби билбейм
-1
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан