Буга чейин “Чубактын чуусундай” чубалып келген “Бритни жана Кевин” эпопеясы финалына келип жетти. Жылдыз түгөйлөр ажырашуу жөнүндөгү документке кол коюшту. Үйбүлөдө пикир келишпестиктер ажырашууга чейин эле болуп келген. Күйөөсүн балдарынын тагдыры кызыктырбастан, өз карьерасы жөнүндө гана ойлосо, аялы ачуусун арак менен басып, күйөөсүн босогого жакын жолотпой калган жашоого өтүшкөн. Акырында эки жак тең мындай жашоодон тажап, бир пикирге келишти. Соттун чечиминин негизинде, Кевин Федерлайн Бритниден бир миллион доллар алат. Мындан сырткары, ал балдарды энеси менен бирдикте тарбиялоо укугуна да жетишти. Алар 2004-жылы 6-октябрда үйлөнүшкөн жана азыркы учурда бир жарым жаштагы Шон Престон жана алты айлык Жейд Жеймс аттуу балдары бар.
ДИМА БИЛАН РОССИЯ САХНАСЫНАН КЕТЕБИ?
Көпчүлүк жаштардын сүйүктүү ырчысына айланган Дима Билан азыркы учурда альбом жаздыруу жана ырдап чыгуу укугунан ажыроо алдында турат. Бул коркунучка аны мурунку продюсери Юрий Айзеншпистин аялы Елена Ковригина калтырган. Анын айтымында, Виктор Белан (ырчынын өз аты) менен продюсердин ортосунда “Дима Билан” долбооруна байланыштуу кандай гана маселе болбосун, “StarPro” продюсердик борбору аркылуу чечилээри тууралуу келишим түзүлгөн. Бирок, продюсери каза болгондон кийин ырчы бул талаптарды аткарбай койгон. “Евровидение” конкурсуна катышканы – келишимди одоно түрдө бузгандык” деп эсептейт продюсердин жесири.
2005-жылы ал Диманын жаңы продюсери Яна Рудковская менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда ал күйөөсүнүн Дима Биландын чыгармачылыгы жана студиядагы жабдуулар үчүн жумшаган эки миллион доллар акчасын кайтарып берүү жөнүндө сөз козгогон. Бирок, сүйлөшүүлөр күтүүсүз жерден токтоп калган да, ырчы менен азыркы продюсери тарабынан эч кандай төлөм болгон эмес. Еленанын сөзүнө караганда, ага шоу-бизнес кызык эмес, ошондой эле ал мындан ары ырчы менен иштешүүнү каалабайт. Ошондуктан, ал “Союзконцерт” компаниясы менен келишим түзүп, “Дима Билан” долбоорун баш-оту менен компанияга өткөрүп берген. Ал эми компаниянын өкүлдөрү өз мезгилинде бул долбоорду батыш компанияларынын бирине өткөрүп берүү мүмкүндүгү бар экенин айтышууда.
Кыязы, ырчынын батыштын музыкалык олимпин багындыруу жөнүндөгү максаты жакын арада ишке ашат окшойт. Андай болгон шартта анын бул жактагы күйөрмандары кумирин көп убакытка көрбөй калуулары турган иш. Анткени, Билан батыш аудиториясы үчүн гана ырдап калат. Батыштагы музыкалык дөө-шаалардын кимисине туш келээрин убакыт көрсөтөөр...
АНЖЕЛИНА ЖОЛИ БАЛАСЫН КЫЛМЫШКЕРЛЕРДЕН АЛЫП КАЛДЫ
Дүйнөгө белгилүү киножылдыз, чырай жүздүү Анжелина Жоли Вьетнамдан үч жаштагы Пакса Тхиена аттуу бала багып алганынан дүйнө коомчулугу кабардар болсо керек. Мына ошол баласын кылмышкерлер уурдоого камынып жатышкандыгы тууралуу кабарды актрисага белгилүү жылдыз, күйөөсү Бред Питт маалымдаган. Бул убакта ал кичинекей Паксаны Вьетнамдан өз үйүнө алып келүүгө даярданып жаткан. Атактуу актрисанын айланасындагы адамдардын айтымында, баланы чынында эле олуттуу коркунуч күтүп турган. Анткени, бөбөктү буга чейин уурдап кетүүгө аракет жасашкан. Алардын максаты, Анжелинадан баласы үчүн 100 миллион доллар берүүсүн талап кылуу болгон. Бул жагымсыз кабарды уккан соң Анжелина баласын сактап калуу үчүн олуттуу чара көрдү.
ЭДИТА ПЬЕХАНЫН ООРУСУНУН АЛДЫНДА ДАРЫГЕРЛЕР КҮЧСҮЗ
Ырчынын оорусу үч жума мурун башталып, денесинин температурасы 40 градустан төмөндөбөй койгон. Пьеха дарыгерлерге кайрылган, бирок, эч кандай жыйынтык берген эмес. Ал өзүн абдан начар сезип, алы кетип, эч нерсеге көңүлү келбей жаткандыгын айткан. Ушул убакка чейин анын оорусу эмне болгон оору экендиги белгисиз. Кан басымы нормалдуу, денесинин температурасы төмөндөдү, бирок, ага карабай ал дагы деле өзүнө келе албай жатат.
“Эдита Пьеха Москвага кетти. Борбордо кайсы убакытка чейин болоору азырынча белгисиз. Баары дарыгер кандай диагноз коюп, кантип дарылайт, ошондон көз каранды” деп билдирген анын жардамчыларынын бири. Түшүнүксүз оорудан дарыланып, бирок, айыга албагандан кийин ырчы денсоолугун москвалык дарыгерлерге табыштайын деп чечти окшойт.
Даярдаган Мираида Турсунбаева