Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова: «НЕБЕРЕМ АЙГҮН ТӨРӨЛГӨНДӨН БЕРИ МЕНИН КОЛУМДА, БИР АЗ ЧОҢОЙСО АПАСЫНА БЕРЕМ»

Элибиздин сүйүктүү ырчысы, мээримдүү эне, камкор таене Динара Акулова бүгүнкү маекке адаттагыдай өзү келбестен, эрмеги болгон небереси Айгүндү (Малика Динанын кызы) кошо ээрчите келди.

– Саламатсызбы, Динара эже? Кирип келген Рамазан айыңыз кут болсун! Орозо кармадыңызбы?
– Саламатсыздарбы? Сиздерди дагы куттуктайм. Жалпы элибизде тынчтык, аманчылык, токчулук болсун! Менин жөжөм (жанында отурган небересин көрсөтүп) бар да. Мен орозо кармап алсам муну ким багат үлүп)?

– Өткөн маегибизде «сын-пикирлер менин чыгармачылыгымды токтотуп койду» дедиңиз эле. Азыр чыйралып чыгармачылыкка кайра киришейин деп жатасызбы?
– Мурунку маек учурунда толгон токой туура эмес суроолор, адамдын жүрөгүн ооруткан ашыкча сөздөр көбөйүп кеткендиктен чыгармачылыгымды токтотконумду айткан элем. Азыр Кудайга шүгүр, бардык иштерибизди ордуна келтирип алдык. Жөжөм дагы чоңоюп калды, эми иштейин деп жаңы ырларды жаздырып жатам.

– Айгүндү өзүңүз колуңузга алдыңыз беле? Социалдык тармактардагы жүктөгөн видеолоруңуздан улам небереңиз апасына караганда сизге жакындай туюлат.
– Айгүнка төрөлгөндөн бери эле менин колумда болуп жатат. Азыр 3 жашка чыгып калды. 3 жыл неберем менен үйдө болдум. Бала бакчага мен алып барып, кайра алып келем. Бардык эле чоң энелердей өстүрүп, күнү-түнү менин жанымда болгондуктан мага жакын. Малика келет, ал келсе жөжөм аны «мамочка» деп эркелетип коёт. Мени көбүнчө «маму» дейт. Кээде «энельё» деп калат.
Малика дагы жаңы бизнес ачты. Азыр жаш да, чыгармачылыгы аксабасын деп эне катары кызын чоңойтуп бердим. Буюрса, кичине чоңоюп кол арага жарап калса өзүнө берем. Бардык эле баланын жанында өз апасы болгону жакшы. Маликага да «кызың бир аз чоңойсо колуңа берем, алып, өзүң тарбиялап, өзүң окут» дегем.

– Небереңиз Айгүн чоңоюп, өнөрлөрү чыгып калган турбайбы. Апасын, таенесин тартып чыгармачылыкка жакынбы?
– Негизи ыр-бийге шыктуу, ыргакты сезе билет. Бирок мен дагы, апасы дагы искусство тармагында иштедик, иштеп келатабыз. Эми неберем бул тармакта иштебей эле койсо деп ойлойм.

– «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары кыздарыңыз чоңоюп, өз алдынча болуп кетишти. Кээде жалгыздык сиздин да жанга батабы же достоштуңузбу?
– Мен антип деле ойлобойм. Жаш чагымдан бери 2 балам менен өзүмдүн жашоомду улантып келдим. «Ушул кичинекей кыздарым чоңойсо» деп жүрүп, алар чоңоюп турмушка чыкты. 5 неберелүү болдум, андан кийин «неберелерим чоңойсо экен» деп жүрдүм. Улуу кызым, 4 неберем Орусияда. Жакында эле неберелериме барып келдим. Ал эми Малика менен Айгүн дайыма жанымда. Жалгыз, зеригип деле кеткен жокмун. Неберелеримди ата-энелери колуна алса, балким, жалгыздык сезилер, азырынча баары жакшы.

– Малика кандай жүрөт? Акыркы убакта чыгармачылыктан бир аз алыстап, шымалана иштебей жаткандай сезилет.
– Малика чыгармачылыктан алыстаган деле жок. Ден соолугуна байланыштуу убактылуу бир аз иштебей калды. Өзүнүн бизнеси бар. Убактысы болуп калса жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып жатат. Эми дагы иштейт.

– Азыркы кыргыз шоу-бизнесинин абалы сизди ойго салабы? Эмнелер жетишпейт, кайсы жагыбыз өнүгүүдө?
– Кыргыз шоу-бизнесинин абалы Кудайга шүгүр. Биздин келечегибиз болгон жаштар өсүп, жакшынакай чыгармаларды жазып жатышат. Билесиздерби, бир убакта жаш ырчылар аябай көп болуп кеткен. Ошолордон тандалып отуруп азыр 3-4өө эле калган сыяктуу. Негизи биздин учурда деле көп болгон. Арасынан тандалып отуруп 4-5 адам элге кызмат кылып калганбыз. Шоу-бизнес, буюрса, келечекте өнүгөт деп ойлойм. Бардык нерсе каражатка келип такалат. «Ырчылар ырдап коюп эле күнүгө мынча акча таап жыргап жүрүшөт» дешет. Бир ырдын аранжировкасын жаздырууга, клип тарттырууга, костюм тиктирүүгө кеткен каражатын эч ким ойлогон жок. Айласыздан ырчылар тойлорго барышат. Анда да «той ырчысы болуп кетти» деген сөз чыгат. Урматтап, сыйлап чакырып жатышса барасың да. Мисалы, менин апамдын туулган күнү болсо, ал Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенованы жакшы көрсө мен алардан «тойго келип бер» деп сурансам алар жок дебейт да. Той дагы өзүнчө бир чоң жумуш. Ал жакка да макияж жасатып, жакшынакай костюм менен барып, элдин көңүлүн көтөрүш керек. Тойлорго барганда тойго ылайыктуу шаңдуу ырларды ырдайсың, эртеден кечке иштеп чарчап барган адамдарга кайгылуу ырдамак белең? Анан эле «тойго арналган ырлар көп» деп жактырышпайт. Тойго арналган ырлар өзүнчө, башка тематикаларга арналган ырлар өзүнчө да. Мисалы, өзүмдү алсам репертуарым экиге бөлүнөт. 1-бөлүктө тойго, ата-энеге, балдарга арналган ырларым болсо, 2-бөлүктө лирикалуу, мамлекеттик иш-чараларда же телеканалдарда ырдай турган ырлар.
Искусствого жакшы көңүл бөлүнбөгөндүктөн, жакшы каражат которулбагандыктан, жакшы студиялар, жакшы концерттик залыбыз жок болгондуктан, ар бир талант өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша элге кызмат кылып келатышат. Мисалы, айлыгын, костюмдарын өкмөт каржылаган ырчылар эмнеге иштешпейт? Ушул суроого мен дагы жооп таба албай келем. Тескерисинче, башка ырчылар тойго барабы, гастролго чыгабы, иштеп жатышат. Искусство сатылбайт, таланты жок болсо ырчылар элдин жүрөгүнөн түнөк таба албайт.

– Азыркы учурда чыгармачылыкка олуттуу мамиле кылгандардын эмгегине караганда хайп жараткысы келгендердин клиптери же ырлары элге кеңири жайылууда. Буга оюңуз?
– Ошол нерсе дагы көп ойлондурат. Себеби 5-10 жыл окуп, нота билген, күнү-түнү искусство менен иштеген адамдар көрүнбөй калууда. Бирөө чыгып кыйшаңдап тамашалап же акчасы чөнтөгүнө батпагандар жөн эле студияга барып бирөөнүн ырын жаздыра калса эл ошону карап калып жатышат. Элибиз, буюрса, сөздүн, музыканын мазмунун айырмалай билгендей өзгөрөт деген үмүт бар. Себеби ак менен каранын айырмасы бар. Кээде ошол айырмаланбай калганда ыза болот экенсиң. Мурун бизде көркөм кеңеш программаны, ырларыбыздын мазмунун, кийимдерибизге чейин текшеришчү. Азыр көркөм кеңеш тургай, радио-телевидениелерде дагы ырларды тандабай алып жатышат. Кээде радиодон музыкасы дагы, сөздөрү дагы бир шумдук ырларды угуп алып жаныңдагы кишилерден уяласың.

– Улуу муундагы ырчылар менен да, кичүү муундун ырчылары менен да бат эле тил табышып кеткениңизди байкап калам.
– Маликанын тоюнда Гүлшайыр Садыбакасова эже «Динаш, карачы залды, 5 муун отурат» деп айткан. Өзүм деле байкаган эмес экенмин, карап көрүп байкадым. Эч бирин бөлө албайм, бардык 5 муундагы ырчылар менен жакшы мамиледемин. Бир нерсе өтүнүшсө жок дебейм, алар да мен айтсам жок дешпейт. Жаштар ырларымды сурашса сүйүүм, урматым менен берем. Кээ бир жаш ырчы кыздар ырымдап көйнөгүмдү сурашса деле берем. Мен ошол таланттар менен сыймыктанам.

– Бир учурда тасмага да тартылып жүрдүңүз эле. Актрисалык жактыбы?
– Тасмага эң жакын досум Ырыс Жоомартова тартып калды. Роль бөлүштүрүп жаткан маалда «мен өзүмдү кино жаатында сынап көрөйүн дедим эле» десем, «тартылыңыз» деп роль берди. Аракет кылдым. Кино тартылгандан кийин такыр жакпай калды. Оңдоюн десең оңдой албай калат экенсиң. 2-ирет тартылганда «биринчиде кетирген каталарымды оңдойм» деп ойлогом. Экинчисинде да оңдой албай калдым. Үчүнчүсүндө да окшошпой калды. Анан «жыгылган күрөшкө тойбойт болуп» акырында «ролдорум кимге жагып, кимге жакпай жатат билбейм. Ошентсе дагы сиздерден чын жүрөктөн суранам, мага негизги роль бергиле!» деп суранып алдым. Аябай даярданып, башкы каармандын ролун ойногум келет. Буюрса, жакында тартылат. Чыгармачыл адамдар өзүбүздү бардык тараптан сынап көрүшүбүз керек.

– Рулда жүргөнүңүзгө канча болду? Айып пулдардын көбөйгөнүнө оюңуз кандай?
– Унаа айдоо жагынан 20 жылдык тажрыйбам бар. Көп унаа айдадым. Акыркы учурларда ден соолугума байланыштуу унаа айдабай калдым, айдоочум бар. Мен унаа айдабай калгандан бери жолдорго камералар коюлуп, айып пулдар жогорулады. Артына отуруп «акырын айдагыла» деп кыйын болуп калам үлүп). Негизи айып пулдар кымбаттаганы туура эле. Тартип болуш керек. Жанагы көөп кеткен, тоготпой калгандарга жакшы болду, унчукпай эле артынан айыптарды жөнөтүп коюш керек.

– Маегиңизге ыраазычылык! Небере жытына мас болуп жүрө бериңиз.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Динара Акулова: "Неберем чоңойсо апасына берем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
katerina.li
2019-05-13 09:36:30
Аялдык бакыт каалайм. Кыздарыныз,неберелериниз коп жашасын,ден соолуктары бекем болу,бактылуу омур сурушсун. Менин жеке оюм боюнча,неберениз озунун апасы менен чонойгону жакшы. Кийин же сиздин кызыныз эмес,же Маликанын кызы эмес болуп ортодо чайналып калат. Мындай нерсе башыман откон,ошон учун айтып жатам.
+13
Baku88
2019-05-15 23:32:03
katerina.li, сен айтпасан деле берем деп атпайбы бир аз чонойгондо
-3
katerina.li
2019-05-16 10:47:48
Baku88,айтамбы айтпайымбы сенин ишин болбосун.
Бираз чонойгондо эмес ,бала торолгондон баштап ата энесинин жанында чоноюш керек.
0
vikidiki
2019-05-13 09:40:54
Бар болунуз Динара айым! Кичинекейибизде концерттеринден калбай барчу элек. Кандай аншлаг менен отчу. Озгочо Малика кыйын эле кенедейинен. "Ит уро берет, кербен журо берет". Конул бурбаныз хейтерлерге, азыр адамга жагыш оной эмес. Созсуз бир жерди чукуп чыгышат, бироо табагына аш салып бере тургансып. Бактылуулук каалайм уй булонузго. Ден соолукта болгула!
+9
mela
2019-05-13 11:34:09
Малика чалжындаган кыз Эле.Азыр турмуш ондоду,акылдуу болуп калды.Уну жакшы,унуно туура келген ырларды жазса сонун болмок.Ырдай албайт дечу элем,1жолу караокеде ырдагынын угуп аябай тан калгам. Англисче укмуш ырдаган.Рианна,Бейонсенин ырларын.
+4
Bobby1995
2019-05-14 16:14:39
mela,вааай тим эле Толубай сынчысынго а жалгыз эрке кыз болсо эркелейтда башкаларга караганда ИМалика сонун ырдайтго.Талантту адамдардын кызы
-3
jaskaaa
2019-05-13 14:02:16
Маек абдан жакшы болуптур.Биз Динара Акулованын ырлары менен чонойдук гоо.
+4
Avrora2017
2019-05-13 15:23:21
Жакшы маек болуптур, кеде радиодон создору дагы бир шумдук ырларды угуп алып жанындагы кишилерден уяласын дегени кулдурду))))
+3
Nur777
2019-05-19 00:48:53
Avrora2017,мен да кулуп алдым ушу жеринен)))
0
Skarlett-Skarlett
2019-05-13 17:47:29
Динара эже аялзатынын зиректигинин эталону.Бар болунуз!
+2
Nurkyz1977
2019-05-14 01:42:51
Малика ичинде кири жок ак конул,кен пейил кыздай сезилет,жасалмалуулугу жок. Динара эже уй булоонузго ынтымак,бекем ыйман,бактылуу жашоо каалайм бар болунуз. Кээ бир ырчыларга караганда бироо менен урушуп чырдашпай бир калыпта журосуз,доолотуу карылык каалайм!
+3
aku91
2019-05-14 05:08:28
Бар болунуз,эжеке!
Уй булоонуздо ар дайым тынччылык жана бакыт болсун.
+1
Meken28
2019-05-14 08:47:15
Malika emnege kyzy mn ozu choguu jashabait.Men baldarymdy bir kun kechke korboi kalsam sagynam jana kundo tunu janynda bolushum kk degen plan mn jashaim.Malika meerimsiz okshoit.Eee Ar bir bala oz ataenesi mn chonoigon jakshygo
0
Bobby1995
2019-05-14 16:10:57
Meken28, айтып ататго ал жаш иштеп бутка туруп алсын деп не алыс болгудай башка мамлекетте журот беле жанында элего анан апасына ишенетда отуруп алып эле суйлой Берген болбойтго
+5
Baku88
2019-05-15 23:36:13
Айтып атпайбы кызын берем иштеп алсын эне катары карап бердим деп тим эле акылдуулар көп деги акыл үйрөтүп киришет кызын бер ортодо арасат болот баштан өткөн деп
+1
Nur777
2019-05-19 00:52:19
Ушул эженин мунозу сонун,адамгерчилиги жакшы,ар дайым бир калыпта,бир муноз жургону жагат,хайп жаратып,ызы-чуу салып,бироо менен кер-мур айтышпай,озун достойно алып жургону анын жакшы адам экендигинен кабар берет...
Ден-соолук,бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайм!
0
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан