Атай Өмүрзаков, бийчи: «ШАКИРТТЕРИМ ҮЧҮН БИЙГЕ КАЙТЫП КЕЛДИМ»

Эки жыл мурун Атай Өмүрзаков «мындан ары бийлебейм, бизнеске кетем» деген болчу. Бирок Кудайдын ага жазган башка пландары бар экен. Атай жаңы түзгөн «Тотем» тобунун арты менен бийге кайтып, дүйнөнү багындыруу алдында турат. Жакында гана алар эң масштабдуу «Дүйнөдө таланттар бар» World`s got talent») эл аралык сынагынын жарым финалына өтүп, кубантты. Атай бий фестивалына короткон миллиондору, акталбай калган үмүтү жана жашоосундагы маанилүү адамы тууралуу айтып берди.

– Атай, саламатсыңбы? Алгач дүйнөлүк сынактан жарым финалга жолдомо алышыңар менен куттуктайбыз! Акыркы берген маегиңде бийди таштап, бизнеске кетериңди айттың эле. Бийге кайтышыңа эмне себеп болду?
– Саламатсыздарбы? Рахмат. Чынында, мен мындан ары бийлебейм деген чечимге келип, окуучуларымды чет өлкөлүк сынактарга катыштырып жүргөм. Менин кайра бийлеп калышыма «World`s got talent» долбоору себеп болду. Теледолбоордун уюштуруучулары «өзүң сөзсүз катышышың керек, биз сени чакырып жатабыз» деген талап коюшту. Бийге эмгек жумшап чакыруу алган соң кантип баш тартам? Макул болдум. Мындай мүмкүнчүлүк бир гана жолу берилет. «World`s got talent» долбооруна дүйнөдөгү мен-мен деген таланттар катышат. Алар менен бир сахнага чыгып, тең тайлашуу мен үчүн чоң сыймык.

– Сынактан өтөбүз деп ойлодуңар беле?
– Биздин атаандаштар күчтүү болчу, ошондуктан жыйынтык кандай болуп калат деген чочулоо болгон.
Интернетке биринчи турдагы видео гана жарыяланды. Ал эми жарым финал жакында чыгат.

– 3 жыл мурун Лондондо өткөн бий сынагында силердин номериңерге бүтүндөй зал туруп кол чапкан. Бирок жыйынтыгында калыстар башканы жеңүүчү деп таап, “Тумар КР” тобу көрүүчүлөрдүн добушу менен 3-орунга илинген. Мында да ошондой оюндар жүрүп кетпейби?
– Андай деле болбосо керек. Анткени ал долбоорго Улуу Британиянын таланттары гана катышкан. Ошондуктан баш байгени өзүбүздүн таланттарга берели дешсе керек. Азыркы биз катышып жаткан дүйнөлүк долбоор, Кытайдан эки гана катышуучу бар. Адилеттүү чечим кылышса керек деп үмүт кылабыз.

– Жаңы түзгөн топ тууралуу айтып берсең. Эмнеге «Тотем»?
– Бир жыл мурун топтун жигиттери «сиз менен иштешкибиз келет» деп келишти. Алар ошондо эле «Тотем» деген топ болчу. Балдардын суранычы менен иштешип, бир жыл бою даярдандык. Дүйнөлүк сынакка катышып жаткандан кийин бизге жаңы нерсе, өзгөчөлүк керек болуп, топко «Тумар» тобунан Адинаны Үмүт-Надежда» реабилитациялык борборунан тарбияланып чыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз) алдык.
Балдар топ катары эч жакка чыга элек болчу да. Дароо эле дүйнөлүк сынакка катышып, калыстардын, көрүүчүлөрдүн колдоосун көрүп сахнадан эмоцияларын кармай албай ыйлашты. Алар жарым финалга өткөндөрүнө ишене албай жатышат.

– Буга чейинки сенден тарбияланган «Адем», «Тумар КР» топтору өз алдынча бөлүнүп кетишти. «Адем» тобу «Asia`s got talent» сынагына ат салышууда. Топтогу ар бир балага кеткен убакыт, каражат, эмгек акталдыбы? Балдар менен байланышып турасыңарбы?
– «Тумар КР» менин биринчи долбоорум болчу. 4-5 жыл иштешкен соң аларды өз жолу менен кетиргем. Алар менен иштешип эмне тапкан болсом, баарын өздөрүнө тапшыргам. «Адем» тобу менен эки жыл мурун «Asia's Got Talent» долбооруна катышкан соң мындан ары иштешпейм деген чечимге келгем. Алар да азыр өз жолу менен жүрүшөт. Азыркы «Тотем» тобунун балдары абдан аракетчил, бийге олуттуу мамиле кылышат.

– Баланын коомдон ордун табышына ата-эненин орду канчалык?
– Менин өзүмө ишенген, сыноолордон коркпогон инсан болуп калыптанышыма апамдын эмгеги зор. Бала кезде эмнени кааласам, баарын аткарчу. Шарты жок болуп жатса да, кайдан-жайдан каражат таап, мени сынактарга катыштырчу. Ар дайым «балам, сенин колуңдан келет» деп дем берип келген. Апам мага өзүмө ишенгенди үйрөттү. Азыр бир нерсеге киришсем, аягына чыкмайын артка кайтпайм. Чет өлкөгө сынактарга баруу үчүн оңой эмес каражат жумшалат. Аны табыш үчүн канчалаган адамдардын эшигин какпадым. Алгач дээрлик көпчүлүгү «бул жаш баладан эмне чыкмак эле?» деп ишенбей коюшчу. Бирок мен артка кайткан жокмун. Каалоо болсо, баарын ишке ашырса болот.
Жаңы бийлеп ийгиликтерди багындырып, атым чыгып калганда «жылдыз оорусу» менен да «ооруп» жүрдүм үлүп). Мүнөзүм өзгөрүп, адамдарга башкача мамиле кылып калган күндөрүм болгон. Ушундай учурда да апам түшүндүрүп айтып «жерге түшүрдү». Туура эмес кылганымды кабыл алдым. Жөнөкөй болууга умтулдум. Азыр да ошондой катачылык кетирбегенге аракет кылам.

– Бир жолу «бардык сырымды апама айтам» деген элең. Апаңдан башка да сырдашар адамың пайда болдубу?
– Апам – мен үчүн эң ыйык инсан. Кандай нерсе болбосун, баарын апама айтам, кеңешем. Апам экөөбүздүн бир окшош жагыбыз бар, экөөбүз тең ак көңүлбүз. Бирок ошол мүнөзүмдүн азабын көп тартам. Бирөөгө боорум ооруп жардам берсем, ал кайра өзүмө муш болуп тиет.

– 10 жыл мурун бизге берген маегиңде «10 жылдан кийин өзүмдү классикалык стилде кийинген, өз ишимди мыкты билген ишкер катары көрөм» деген экенсиң. Максаттарыңдын канча пайызы ишке ашты?
– Ал кезде мен 30 жашка чыкканда улуу киши болуп калам го деп ойлогом үлүп). Бирок 30 жашка чыгуу алдында турсам да, өзүмдү 18 жаштагы баладай сезем. Ошол себептен ал нерсенин баарын дагы 10 жылга жылдырам го.

– Бир кезде эл аралык масштабдагы бий фестивалын өткөрүп, дүйнө жылдыздарын жергебизге алып келгенсиң. Бирок долбоор өзүн актабай калды окшойт, ээ?
– Фестивалды 3 жыл өткөргөн соң каражатым деле калган жок. Анткени абдан чоң чыгаша болгом. Жалпысынан бий фестивалына жарым миллион доллардай короттум. Андан сырткары ошол кезде чет өлкөдөн түшкөн көптөгөн чакырууларга бара албай калгам. Акча да, эмгек да акталбаганынан долбоорду уланта алган жокмун.

– Акыркы учурда чет өлкөдө жашап калдың окшойт. Канча убакытта бир мекениңе келип турасың?
– «Артисттердин үйү жол» дегендей, мен жолдо жашап калдым. Автобус, учак, машинада деле уктай берем. Кудайга шүгүр, бийдин артынан эл-жер көрүп, алардын маданиятын тааныдым. Кээде бир жума, кээде айлап сыртта жүрүп калабыз. Өткөн жылы жалпысынан 4 айдай чет өлкөдө жашадым окшойт.

– Маек аягында мекендештерге кайрылып, кеңешиңди берип кетсең болот.
– Ар бир мекендешибиз өзүнө ишенсин! Ар бир жаран алдына чоң максат коюп, ошого ишенсин, аракет кылсын, жетсин!

– Рахмат маегиңе, силерге да ийгилик!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
katerina.li
2019-05-13 09:39:43
Кыймылдары кайталана берет он жылдан бери . Издениниз
-22
Tyty1990
2019-05-13 10:24:22
katerina.li, сен өзү чоңураак кадам таштай албасаң керек. Экөөбүзгө караганда миң эсе жакшы кыймылдайт
+16
Nargizab
2019-05-13 15:26:20
katerina.li,Кыймылы кайталанса да аракетчил бала. Ошол кыймылы менен дуйнолук масштабка чыгып жатат. Жон гана ийгилик каалап кой.
+5
Targarien
2019-05-13 18:48:06
katerina.li, Сынчынын сынар отугу майрык. Озундун колундан не келет?
+9
aliya-leyla
2019-05-15 08:09:08
katerina.li,даяр ишке сынчы коп
+4
taalay25
2019-05-16 17:20:21
katerina.li,ар бир олкодогу койгон сцеаналарын карап корсонуз ар бири озунчо оргиналдуу! Москвада, Украинада, Чехия, Лондон, Германиядагы бийлерин карап чыксанар бир бирине бийи дагы, кастюмдары дагы, сцеана дагы окшобойт
+1
Nur777
2019-05-13 15:30:59
Азаматсын!
Ийгилик сага!
Кыргызстандын желегин желбиретип атын дуйного дунгурот!
+11
katerina.li
2019-05-13 23:56:10
Он жылдан бери бир бий менен келатат
. Тажатма болуп кетти уже. Пора на пенсию тебе,Атай
-8
orxidey
2019-05-17 01:54:59
Азаматсын ийгилик жана ийгилик ....
+1
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан