Марат Козукеевдин жубайы Гүлнара Сатарова: «УУЛУМ АТАСЫН КҮТҮП ЖҮРӨТ»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев 2 жыл мурун инфаркттан каза тапкан. Жубайы Гүлнара Сатарова учурда Кыргыз драмалык театрынын актрисасы. Ал уулун жалгыз тарбиялап келет. Актриса күйөөсү Марат Козукеевди дагы деле күтүп жүргөнүн, аны эскербеген күнү болбой турганын айтат.

– Саламатсызбы, Гүлнара? Жакында Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыкты алыптырсыз. Сыйлыгыңыз кут болсун!
– Саламатсыздарбы, рахмат, Улуу актриса Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыкты алуу мен үчүн чоң сыймык. Буга чейин Кыргыз драма театрынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анаркүл Назаркулова, актриса Альбина Имашова алган экен. Минтип күтүлбөгөн жерден мага берилип калганы абдан кубантты. Сыйлыкты алгандан кийин жоопкерчилик эки эсе көбөйүп, сахнага чыкканда өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө аракет кылып жатам.

– Кыргыз драма театрында ич ара бут тосуулар көп болорун айтышат. Сиз ошондойго тушуктуңуз беле?
– Мен да мурун ошондой сөздөрдү угуп калчумун. Бирок өзүм андай нерсеге кабылган жокмун. Театр мени өз үй-бүлөсүндөй кабыл алды. Улуу актриса эжелерибиз кеңеш, туура багыт беришти. Ал кеп кайдан чыгарын түшүнбөйм.

– Актрисалыкты бала кезде кыялданчу белеңиз же кокустан тандап калдыңызбы?
– Мен кичинекей кезимде сыналгыдан бийлегендерди көрүп суктанып, балерина болгум келчү. 1990-жылдары Советтер Союзу урагандан тартып балетти көп көрбөй, кыялым ошону менен жок болду. Кийинчерээк Шайыр Касымалиеваны кумир тутуп, эжедей актриса болсом деп жүрдүм.
Бир ирет Кыргыз драма театрына спектаклге келсем, Альбина Имашова менен Марат Козукеев «Жолугушуу» деген спектаклде роль ойношту. Тагдыр болсо керек, ошондо көшөгө ачылганда жүрөгүм «зырп» этип кетти. Сахнада ойноп жаткан Альбина эже менен Марат агайдан абдан таасирленип, ошондо эле «мен театрды тандайм» деген чечимге келгем. Кийинчерээк Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырып, 4 жыл окуп билим алдым. Марат Козукеев мага куратор болчу.

– Мурун Марат агай менен жетелешип театрга келип-кетип жүрсөңүздөр, эми жалгыз келип жатасыз. Декреттик тыныгуудан кийин жумушка кайтуу оор болгон жокпу?
– 4 жыл декреттик өргүүдө жүрдүм. Жумушка чыкканыма 2 жыл болду. Театрга киргенде эле агайдын жытын жыттагандай болдум. Жумуш мени, тескерисинче, алаксытып жатат. Албетте, ар бир бурч мага агайды эстетип турат. Сахна, гримдөөчү бөлмө, агайдын бөлмөсү, бардык жер... Бирок бул жакка келгенде кусалыгым тарагансып, кадимкидей эс алып калам. Жумушка келбей калсам сагынып кетем.

– Уулуңуз кандай чоңоюп жатат? Атасынын жоктугун түшүнүп калдыбы?
– Атасы Ибрагимдин баскан-турганын көрүп «актёрлукка шыгы бар. Эгер актёр болом десе, өзүм окутам» дечү. Уулубуз азыр 4 жарым жашка чыгып калды. Бала бакчага барат. Кулк-мүнөзү атасына окшош. Мурун көп байкачу эмесмин. Барган сайын баскан-турганы, кылык-жоругуна чейин атасын элестетет. Ибрагимди көрүп агайды көргөндөй боло берем.
Башында машина эшиктин алдына токтосо деле «атам келди» деп чуркап чыкчу. Азыр кээде тамак ичкенде «атам келип калабы, тамак алып коёлубу?» деп калат. Ибрагим атасын гастролго кетти, бир күнү келет деп ойлойт, күтүп жүрөт.

– Жалгыздык менен кантип күрөшүп келесиз?
– Айлам жок, башка түшкөндөн качып кете албайт экенсиң. Агайдын көзү өткөндөн кийин жашагым келбей калган. Өзүмдүн жанымды кыйгым келген учурлар болду. Жаман ойлордон мени балам сактап калды. Баламды карап, «балам үчүн жашайын. Атасынан калган туякты, аманатты чоңойтуп, татыктуу тарбиялап өстүрүшүм керек» деген ой менен жашоомду улантып, жалгыздык менен күрөшүп келатам.
Агайдын көзү өткөнүнө эки жыл болсо деле арабызда жоктугуна ишенбейм. Азыркыга чейин түшүм болуп калса дей берем. Эки жылдык өмүрүм агайды күтүү менен өтүүдө.

– Жакын адамыңды жоготкондо убагында аткарбай калган нерсеге өкүнө берет эмессиңби. Сиз эмнеге өкүндүңүз?
– Биз чогуу 5 жыл жашадык, бирок бир да жолу урушуп-талашып, эки-үч күн сүйлөшпөй калган күнүбүз болгон жок. Кээде ошон үчүн да чогуу аз жашадыкпы деп калам. Мен агайдын ден соолугуна олуттуу көңүл бурбаганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем. Ооруп жүргөндө анын «иштеримди бүтүрөйүн» дегенине карабай урушуп ооруканага жаткырып салсам болмок деп өкүнөм. Убагында дарыланса, азыр арабызда жүрөт беле деп көп аттиң кылам.

– Ортоңуздарда 17 жаш айырма экен. Чогуу жашоо сизди эмнеге үйрөттү?
– Мен 27 жашымда турмушка чыктым. Бойдок кезде ойлорум чачыранды, өзүм да көп нерсеге олуттуу көңүл бурбаган кыз элем. Агайга турмушка чыгып, аны менен жашап көп нерсени үйрөндүм, баалуулуктарым өзгөрдү. Жашоого башкача көз караш менен карап калдым.

– Марат агай сыртынан караганда аз сүйлөгөн, оңою менен ачылбаган кишидей сезилчү. Жакындары үчүн кандай адам эле?
– Алгач агайды мен мугалим катары жактыргам. Бара-бара сезимдер пайда болуп, андан мырзага тиешелүү акылмандык, чечкиндүүлүк, сөзүндө турган жакшы сапаттарды көрө алдым. Мен үчүн сырткы келбети менен ички дүйнөсү төп келишкен идеалдуу адам болду. Сыртынан сиз айткандай түнт көрүнгөнү менен, жашоодо башка киши болчу. Үйгө келгенде абдан тамашакөй, бала кыял болуп чыга келчү. Кичинекей баладай болуп тез таарынып калган жайы бар эле. Бирок чынында сырын көп кишиге айта берчү эмес.

– Уул балага атасы жактан туугандары керек дешет. Ибрагимди туугандары менен катыштырасызбы?
– Ооба, Ибрагимди туугандары менен катыштырам, анткени алардын баласы. Чоң апасына, кайнагамдыкына, Айгерим эжесиникине (ред.: актёрдун улуу кызы) майрамдарда барып турабыз. Уулум келечекте эки эжесине төркүн болот деп ишенем. Ошондуктан байланыштырып, кол үздүрбөй келем. Кийин эжелерине жөлөк, тирек болуп турса дейм.
Ибрагим Айсалкын эжени (актёрдун биринчи жубайы) «апа» деп атап, жакшы көрөт. Эже экөөбүз бир сахнада иштейбиз. Анан да биз азыр тууган катары бири-бирибизге байланып калдык. Андыктан бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз.
Ибрагим бала бакчадан келгенде бизде көбүнчө спектакль башталат. Ошондо уулум мага кирбестен, түз эле Айсалкын эженин бөлмөсүнө барып, момпосуйларды жеп, курсагын тойгузуп, анан мага келет. Мен бошобой жатканда эже дайым көз салып, курсагын тойгузуп турат. Гастролдорго барганда сөзсүз түрдө кийим-кечек, белегин алып келет.
Мен убагында сезим, тагдыр деп туура эмес кылгандырмын. Бирок азыр өкүнбөйм, таланттуу кишиден балам бар. Аны атасынан кем калбаган уул кылып тарбиялаганга аракет кылам.

– Маегиңизге рахмат. Ар дайым жакшылык, ийгилик болсун!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Агайдын убагында дарыланбаганына өзүмдү күнөөлүү сезем” дейт Марат Козукеевдин жубайы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Zyzy9477
2019-05-20 09:26:35
Акылдуу аял экен.
+8
Ferdews
2019-05-20 12:04:53
Айсалкын эже андан да акылдуу экен!
+27
mela
2019-05-20 12:10:31
2 кичинекей эгиздей окшош го...Биринчи аялы акылман экен.
+18
ainura220888
2019-05-20 13:49:30
Эки аялы тен акылдуу аялдар экен. Экооно тен уул болот баласы. Эжелерине торкун болот.
+16
momun74
2019-05-20 14:45:01
Айсалкын эже Ма Ша Алла аял экен бул аялыда акылдуу экен
+7
Avrora2017
2019-05-20 16:43:04
Жакшы создорду орундуу абдан жонокой эже экен
+6
Eli.91
2019-05-20 18:59:40
Аллахым биринчи жубайынын буйруса Жаннатын берет экен.Байкап корсом чон кызы менен тендуудой экен.Бул аялы жаш биринчиси чонураак экенда баарын акылга салып кундошун оз кызынан кэм кылбай карап акыл насаатын айтып турса абдан жакшы экен.Адамдар кызык эле элдер ушулулардан улгу алышса жакшы болмок.
+7
Meken28
2019-05-21 09:19:31
Eli.91,Emnege ulgu al deisin.Jash kyzdardy chon kishilerge tyi deppi.Birinchi ayalyna abdan baa berdim.Ekinchisi agai dep jurup ozuno karatkango.Birok baaribir birinchi ayaly stress bolgon da jashka uilongondo.kim stress bolboit bir kun ele kuioosu tashtap bashkaga uilonup oshol mn jashap alsa.Al kishinin jatkan jeri jailuu bolsun.
+3
Skarlett-Skarlett
2019-05-21 13:38:12
Кимдин кандай иши бар?Озунордун арабанарды тарткылачы комментчилер.Оздору тушунуп эле жашашыптыр,суйуу,тушунук бар жерде заар создор да жок болуптур.Эрин коруган заар комментчилер,ар бир пенденин башына ошондой уяты жок болуу келип калуусу шексиз.
-2
Tiken
2019-05-22 11:19:23
Айсалкын айым чыныгы акылман, косом, корогоч, маданияттуу инсан экен. Кандай болгон кундо да агай эки айым мн тен мамилени сактап калган экен. Бироонун уй-булосун бузду дегенге ооз барчудай эмес, анткени жаш айымга да агайдын козу тушкон учун баш кошту да. Ортодо сый мамилелери бар экен, сиздерди чыныгы маданияттын адамдары десе жарашкыдай. Коп эле ыркырашып, биринин бетине бири коо сурткон маданияттын окулдорун коруп эле журобуз...Чыныгы инсан экенсинер.
+3
Shahrizaada
2019-05-23 22:58:09
Баарибир Айсалкын эжеге ичин ачышат, ким эле бир тошокто жаткан жан жолдошун бироо мн болушкусу келсин.Канча нерв, канча коз жаштар тогулбоду дейсин.
+4
vikidiki
2019-05-24 14:10:00
Балада куноо жок! Атасыз калганына ичин ачышат экен. Келечекте бактылуу инсан болсун! Бирок менин байкаганым, эгер куйоосу экинчи аял алып кетсе да, алар менен жакшы мамиле сактап калган биринчи жубайларды "акылдуу, кыйын аял экен "деп мактайт экенбиз. Муну кобунчо эркектер (! )айтат экен. Ойноп кеткен эркекти бир сыйра башында урушумуш болгону менен, эки аялы менен тен бирбей катыша берген жоро-жолдош, тууган-урук керек болсо 1-никесиндеги балдары болот экен. Ушул нерсе окундурот. 1-
+2
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан