Урматтуу окурман, “Супер-Инфо” гезитине башкы редакторлук кызматка Автандил Добулбеков аттуу жигит келди.
Автандил 1988-жылы, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин тарых-филология факультетинен билим алган. Бишкекти багынтам деп келгенине 8 жыл болду. Ошондон бери “Супер-Инфо” гезитинде, SUPER.KG порталында саясий кабарчы, редакторлук кызматтарды аркалап келди. Өзүнүн курч мүнөздөгү макалалары, маектери менен окурман журтчулугуна таанылды. Журналисттик чөйрөдө 2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге узаткан курч суроосу менен да таанылып, талкууга түшкөн жайы бар.
Автандил бир нече жылдык иш тажрыйбасы бар редактор катары башкы редакторлук кызматты татыктуу аркалап кетет деп ишенебиз.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg