ИШИН БАШТАБАЙ ЖАТЫП ЧУУ КОШТОГОН “КТ МОБАЙЛ”

Өлкөнүн мобилдик байланыш тармагына киребиз деп кам уруп жаткан жаңы компания «КТ Мобайлдын» иши башталбай жатып чуу менен коштолууда. Бул компанияны «Кыргызтелеком» ачып, буга чейин ал ээлик кылган жыштыктарды пайдалануу укугу аукциондо сатылган болчу. Бул аукционго «Скай Мобайл» («Билайн» уюлдук оператору) жана «Альфа Телеком» ЖАКы («Мегаком» уюлдук оператору) катышып, «Альфа Телеком» утуп алган.

Бирок жакында “Мегаком” менен “КТ Мобайл” ишканасынын ортосунда келишпестик чыкканы белгилүү болду. Жарым жылдай мурдараак тараптар түзгөн келишимге ылайык “Мегаком” өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болгусу келгени талаш жараткан.

Ошондой эле социалдык тармактарда аталган мамлекеттик компаниянын жетекчилери 300 миң сомдун тегерегинде айлык алып жатканы тууралуу кабар кызуу талкууну жаратты. Интернетке чыккан маалыматка таянсак, “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом, анын орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң сом, техникалык директору Николай Дмитриенко 290 миң сом, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары айтылууда. Ал эми компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин айтып жатат.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан