ТҮРКИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЧАТАК ЧЫГАРДЫ

12-майда интернетте Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарда чыккан чыр тууралуу видео тарады. Тасмадан Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнө "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле видеодон элчинин "мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, эмне үчүн силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Орозо айында ушундай мамиле болобу? Же Түркияны, же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам" деген сөздөрүн угууга болот.

Тактай кетсек, элчиге бул сый тамакка “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы жетекчиси Орхан Инандынын келиши жакпай калган.

Бул маалыматты Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан да ырасташты. Маалыматка таянсак, окуя 8-май күнү Бишкек шаарындагы “Дасмия” ресторанында болгон. Ооз ачарга 2 мүнөт калганда элчи ызы-чуу чыгарып, ал жерден кетип калган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы бул окуя тууралуу "8-майда Кыргыз өлкөсүнүн муфтияты тарабынан уюштурулган ооз ачуу иш-чарасына ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрү чакырылганын туура эмес деп эсептейбиз. Иш-чарада конок болгон Түрк элчиси жагдайды түшүнгөн соң туура жооп кайтарган. Чет өлкөлөрдө жашап жаткан ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрүнө каршы күрөшүү өлкөбүздүн негизги максаттарынын бири болуп саналат. Буга байланыштуу биз боордош өлкөлөрдүн расмий органдарынын гана эмес, бардык уюмдарынын тилектештигин күтөбүз",- деп жазылат маалыматта.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги бул окуя боордош мамлекеттердин алакасына эч кандай таасирин тийгизбейт деп билдирүү таратты.

Эске салсак, 2016-жылы Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, бирок ишке ашкан эмес. Президент Эрдоган бул аракеттердин башында Фетхуллах Гүлен турат деп жарыялаган. Ошол учурдан баштап Түркия бийлиги “гүленчилерге” терс мамиледе.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан