Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов ээлеген кызматынан бошотулду.
Идрис Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине козголгон кылмыш ишине байланыштуу жаралган коомдук пикирден улам иштен кетип жатканы айтылды. "УКМКда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин мыйзамсыз иштери тууралуу жетиштүү далилдер бар деген маалыматтар бир нече ирет кабарланган. Бирок коомчулукта тергөө калыс эмес жүрүп, ага менин таасирим бар экендиги боюнча божомолдор айтылууда. Мындай божомолдорду четке кагуу үчүн отставкага арыз жазуу чечимин кабыл алдым",- дейт Кадыркулов.
Белгилей кетсек, паспортторго бланктарды даярдоо боюнча тендерде комиссия жеңүүчү катары Garsu Pasaulis компаниясын тапкан. Компания 40 миллион 150 миң сомго бланктарды алып келүүгө даяр болгон. Ал эми тендерден жеңилген IDEMIAFrance SAS компаниясы сынак жыйынтыгы менен макул эместигин айтып чыкты. УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматы бул иш боюнча тергөө иштерин баштады.
Натыйжада УКМК тендерге байланыштуу «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынып, көп өтпөй Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагына чыгарылды. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кетти.
Тергөө Мамкаттоонун жетекчилери тендерде жеңип чыккан литвалык компаниянын таламын талашкан деген маалымат тараткан.
Ал эми Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, паспорт чыгаруу боюнча швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуштурганын айтып чыккан.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg