САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА КЛИП ТАРТУУ УЧУРУНДА БАШЫНАН ЖАРАКАТ АЛДЫ

Ырчы Сайкал Садыбакасова соңку учурда чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырууда. Ырчы айым жакында эле жарыкка чыккан “Сени тандадым” аттуу ырына клип тартуу учурунда жагымсыз окуяга дуушар болгон. Ал тууралуу өз оозунан уктук.

“Клип тартуу учурунда жагымсыз окуяга туш болдум. Тагыраагы, шиш такам таштардын арасына кыпчылып калып кулап түшүп, башым жарылды. Баш мээм катуу чайкалган экен. Ооруканага жаткан жокмун, барып жарылган жеримдин терисин тиктирип, дарыларды жаздырып алып үйдөн эле дарыландым. Ошол маалда Ошто “Түрксой” уюму уюштурган концерт болуп жаткан, 2 күндөн кийин ал жакка барып билдирбей ырдап, андан соң курбум, ырчы Айтурган Эрмекованын үлпөт тоюна катышып келдим. Азыр абалым жакшы, баары сонун. Буюрса, “сюрприз” менен тартылган ошол клипке жакын арада күбө болосуздар”,- дейт Сайкал.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jalgyzym...
2019-05-20 11:33:25
Баш мээси чайкалган болсо тиктирсе кантип эле уйдо даарыланды бул значет оор жаракат албаган болгону жерге жыгылып тушсо керек
+12
Kamchybek-007
2019-05-20 15:24:55
Өзүңдү этият кыл алтыным куда кааласа өзүм сени бактылуу кылам
-8
Mishkaaa
2019-05-22 11:24:56
Kamchybek-007,ошентиңизчи:)
-1
Sprite
2019-05-21 12:24:04
Бул аптада ырчыларда жалан жаман кабарго,урушту талашты уурдап кетти деп.Тынчылык эле болсун.
-1
Mishkaaa
2019-05-22 11:25:43
Sprite,+
0
ainura220888
2019-05-21 16:45:56
Сайкал пластический операция жасаганбы. Бети илеби тырсыйып калыптырго
+3
katerina.li
2019-05-22 08:15:40
Баш мээси катуу чайкалган адам он кундой постельный режимде жатыш керек. Тойдон олгонбу ушу ырчылар. Мээси чайкалган адам кускусу келип,башы айланып тошокто туралбай калат ко .
+2
ErjanAruuke
2019-05-25 08:16:50
Бышбаган башын көп жолу таяк жейт Максатын кадырын билбедин
0
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан