Өзүнүн тарбиялык ырлары, жүзүн көрсөтпөгөн стили менен оозго алынган жигит бар. Кыргыздын көп кырдуу таланттуу уулу Тата Уландын ак боз атчан 30 жаштагы курагы. “Супердин” 2009-жылкы тандоосу боюнча, “Жыл жаңырыгы” наамынын ээси Улан өзүн рэпер эмес, этноакынмын деп эсептейт.
УЛАН...
Балакай...
– Бишкекте төрөлгөм. 2 жашымда тилим чыгып, 3 жашымда ата-энеме ар кандай суроолорду берип тажатчу экем. Көзүм көк, өңүм сары, кудум орустун баласындай болгондуктан, мени “сары, сапсары” деп эркелетишкенин көп айтышат. Кеминде бакчага барып, Таласта башталгыч класста окуп, кийинчерээк Алматыда жашап калдык. Үй-бүлөдө жалгызмын. Мен төрөлгөндө атымды ошол жылкы Олимпиадага шылтоолоп, Олимп коёбуз деп чыгышат. 80-жылдары “Улан” тасмасы өз көрүүчүлөрүн кызыктыра баштаганда, чоң атам тасмадан улам Улан деп коюптур. Ырас эле Улан болуп калган экем. Кайдагы бир атты койбогонуна сүйүнөм.
Саман үстүндө оонап, чүкө өкчөп ойногон балалык күндөр эстен кетпейт. Таята-таенемдин колунда өскөндүктөн, тигини-муну алып бер деп чаң салчу эмесмин. Эсимде, бир жолу таенем дүкөнгө жетелеп барып, “матрос шапке алперем” деп калды. Ичимден ушунчалык кийгим келип турса да, “жок, кийбейм, албай эле коюңуз” деп баш тарткам. Анткени аларды кыйнагым келчү эмес.
Окуучу, студент...
– Окуучулук күндөр Алматыда өттү. Ал жакта деле мектептен мектепке көчүп окудум. Тим эле укмуш окучумун дебейм. “ 2”, “3” деген баа деле алат элем. Математика сабагы такыр жакчу эмес. Адабиятты сүйүп окугам.
Москвада Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан билим алдым. Мага эч ким жардам берген эмес. Окуу жайда пара алуу деген жокко эсе эле. Ал гана эмес, экзаменге гүл алпарсак, пара дегенсип жаман көрүшчү. Билсең аласың, билбесең төрт тарабың кыбыла болчу. А бизде андай эмес, биздин жогорку окуу жайларды мен нөлгө барабар деп айтам. Себеби көрүп жатам, ини-карындашымдын кантип билим алып жатканын. Бизди окуткандай кылып билим беришсе, биринчиден, Алла ыраазы болмок, экинчиден, келечек оңолмок. Кызыктуу күндүн баары студентте дешет. Кээде уктап калып, сабакка барбай койгон күндөр болгон. Бир жолу Ноорузда балдар кой соймой болдук. Бизди көргөндөр “баарын кан кылып булгайсыңар” деп жаман көрүшкөн. Заматта койду сойдук. Ошондо орустар оозун ачып “баягы кой кайда, канын да ичип койдуңарбы?” дешкен.
Сахнада...
– Ошентип, Москвадан өлкөбүзгө диплом алып кайттык. Кинемотографисттер даяр турган кадрларды тоготпой, көчөдөн актёр тандап тасмага тартып калышты. Актёрлук кесип кереги жок болуп калды. Өкүнгөнүм, орус болсок белгилүү актёр болмокпуз, анткени биздин кыргыз группа күчтүү эле. Ошондой чоң ишенич менен келген биздин маянабыз 800 сом, үйүбүз жок. Акаев ар бирибизге квартира бермек болгон, албетте, берген жок. Болгону, Политехтен жатакана беришти. Ал жерде 2 жыл жашап, жүдөп кеттим. Бизди эч ким баккан жок же иш жок. Ошон үчүн Москвадан келген 20 бала чачырап кеттик. Анан эсиме келип, жаштыгымды туура пайдаланайын деп актёрлуктан кеттим.
Ар кандай стилде 4 ыр жаздым. “Кыргызстан” деген ырым элге бат сиңип кетти. Ошондо ырдайын деп ойлоно баштадым. Мурда орусча ыр жазсам, кийин "Манасты" окуп, көөдөнүмө көп нерсе сиңире алдым да, кыргызча ыр жарата баштадым. Кыскасы, мен сахнада өз оюмду эл менен бөлүшкөн адаммын. Өзүм туюп-билип жазган саптарды элге жеткирип жатам.
Достукта...
– Достор мени кандай сыйласа, мен ашырып сыйлайм. Жашоодо ар кандай учурлар болот. Бирок кекчил болбош керек. Кептин баары айкөлдүктө, ошондуктан кек сактабайм. О дүйнөдө касыбыз деле, досубуз деле бет келишебиз. Бир жолу жакын досум менен катуу кырылышып кеткем. Чынында, менден кеткен эле. Аябай жаман болуп жүрүп, катуу сындым. Анан барып кечирим сурап, жеңилдеп калдым.
Аскерде...
– Адамдын оюнун баары акча болуп калыптыр. Азыркы жашымда не кылам аскерге барып? Учурунда аскердик билет керек болуп, аябай эле чуркадым. Окууну бүтүп келгенде “актёрлор барбайт” деп 20 балага токтом жазып беришкен эле. Бирок “токтомуңар жарабайт, ал кезде Акаев болчу” дешти. Азыр аскердик билетим жок. Убагында аскерден качкан эмес элем. Кайра эле акча сурап жатышат.
Спортто...
– Азыркы убакта спортко убактым жок. Футбол менен “ооруй” да албайм. Себеби футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатта атам тааныбагандарга жан тартып фанат боло албадым, болбойм дагы. Балким, алардын арасында бир кыргыз болсо, күйүп-бышып көрмөкмүн. Негизи, спортто баскетболду жакшы ойнойм.
Тасмада...
– Эрмек Нурбаев “Улан экөөбүз “Стоп трафик” деген тасмада тартылганбыз” деген эле. Ошондон улам сиздин жүзүңүздү көргүсү келгендер ошол тасмадан издей башташты...
– Эрмек айта берет. “Ал мен эмесмин” десем деле болушпайт. "Ошол сенсиң" деп жатышып, түбүмө жетип ийишти. Тасмага тартылбайм. Ошондуктан мени кинодон келечекте да көрө албайсыңар.
Бет кап сыртында...
– Бет капты чечкен соң жөн эле Уланмын. Эч ким тааныбаган, жөө жүргөн Кыргызстандын атуулумун. Же болбосо көчөдө кез-кезде токтой калып шоро ичип, кээде балмуздак жеген жигитмин. Ал эми үйдө энемдин баласымын.
Бет кап ичинде...
– Мен бет кап кийгенде Тата Уланмын.
Сүйүүдө...
– Алгачкы сүйүүмө 16 жашымда кабылгам. Эми отузга келип сүйдүм. Үй-бүлөм тууралуу айтпайм. Мүмкүн, 5 балам бардыр.
– Мен бир эле балаңызды билем. Сизге куюп койгондой окшош го...
– Нуркыз менин биринчи жубайым. Балам менен катташпайм. Себеби энеси менен жолуккум келбейт. Биринчиден, ал эркек. Мага окшош болсо, анда мүнөзү, кыялы да меникиндей болсун деген эле тилек. Аман болсун. Чоңойгондо атам деп басып келет да, каякка бармак эле? Мен деле атасыз өстүм. Кудайга шүгүр, өзүм барып атама жолуккам.
ЖЕКЕ СУРООЛОРГО ЖЕТИШТҮҮ ЖООПТОР– Жан дүйнө жаракасын кантип дарылайсыз?
– Убакыт дарылайт.
– Катуу уятка калган учур эсиңиздеби? Дегеним, сизди Түркияга барган сынакта уят болгон дешет...
– Кудай сактасын, уятка калган учур боло элек. Ал эми Түркиядагы сапарымда “Карындаш” аттуу ырымды ырдап баштаганда видео кечигип калган. Бул эми техникалык ката да.
– Азыркы жасап жаткан жумушуңуздун пайдубалын качан кура баштагансыз?
– 14 жашымда орус тилинде ыр жаза баштагам.
– Ар нерсенин өз тили бар дейт. А сиз ким менен эмес, эмне менен сүйлөшөсүз?
– Мен сүрөт тартам. Анан да пластилинден ар кандай буюмдарды жасайм. Балким, бир күнү сүрөт жана колго жасаган ошол буюмдарымдын көргөзмөсүн ачармын.
– Өмүр шеригиңиз кандай адам?
– Абдан жакшы адам. Албетте, сулуу. Эң негизгиси, анын ички дүйнөсү сулуу.
– Рэпер дешсе жиниңиз келет турбайбы...
– Өзүмдү рэпер деп басынткым келбейт. Мен анча-мынча актёрмун, акынмын, ырчымын. Стилим рок же башка болушу мүмкүн. Ошол ырларга да рэп деген сөз кадалып калбасын дейм.
– Той-тамашага чакыруу түшсө барасызбы?
– Тойлорго чакырышпайт. Билесиңер, ырларым шаңдуу эмес. Ичимдик ичпейм. Арак турган жерге баргым келбейт.
– Дайыма эле “чын жүрөктөн баары бир” деген репликаңызды айтасыз. Уланга эмне чын жүрөктөн баары бир болбошу мүмкүн?
– Бул сурооңузга да чын жүрөктөн баары бир. Тамаша, карындаш. Эмне үчүн кыргыз өз тилинде сүйлөбөйт? Баш мыйзам орус, анан өзбек тилинде жазылганына күйөм. Өзүбүздү-өзүбүз сыйлабасак, башка бирөө эч качан сыйлабайт. Муну өлкөдөгү болуп өткөн окуялар тастыктады. Ийиле берип, тагдырыбызга балта чаап жатабыз.
– Өзүңүздү патриот деп эсептейсизби?
– Патриотмун деп төш каккандан алысмын. Анткени патриоттуулук кылып, элиме бир укмуш кызматым өтө элек. Бирок мендеги ал сезим күчтүү болгон үчүн акчанын кулу болбой, Орусияда же Казакстанда актёрлук кесипти аркалап калгым келген жок.
– Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алексиз?
– Азыр айтсам, такталбаган маалымат болуп калабы деп чочулап турам. Манас атабыз көчүп келген Алтайга кыргыздын 40 уруусунан кырк жигит барып, ал жактан атчан жүрүш жасап, сыйынып келиш керек экен. Андыктан кыргыз үчүн Алтайдан атчан келейин деген ниеттемин.
– Кыргыз деп күйгөн уулдар бар, уучубуз кур эмес! Тилегиңиз ишке ашсын!
Бурул Исмаилова
star@super.kg