Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖАНИН ДЕГЕН АЯЛДЫН АЙТКАНДАРЫ ЖАЛГАН»

Өткөн аптада интернет айдыңында “Кыргыз сахнасында жүргөнүмө 25 жыл болду. Айчүрөк Иманалиеванын эстрада театрында 4 жыл иштедим, үйүндө жашадым. Тамак-ашын мен жасачумун. “Эже, ырдайынчы” деп жалдырачумун. Ал жылмайып гана башын чайкап койчу, ырдатчу эмес. Үнүм жакшы болгондуктан, өзүнөн ашып кетпесин деди окшойт. Деги эле Айчүрөктүн үйүнөн укмуш азап көргөм” деген Жанин аттуу айымдын жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген маеги тарады. Ырчы Айчүрөк Иманалиева биздин гезит аркылуу ал айымга жооп кайтарды.

– Айчүрөк айым, учурда интернетке тараган Жанин аттуу айымдын маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратты? Ал сиздин үйүңүздөн укмуш азап көргөм дейт. Канчалык чындыгы бар?

– Анын берген маегин өзүмдүн баракчама да бөлүштүм. Алгач Жанин деп жатышканда түшүнбөдүм. Маекти көргөндө аны тааный алган жокмун. Анан сиңдилерим “Айдаркенден келген Жамиля деген кыз” деп айтып калышты.

1993-1994-жылдар болсо керек, ал бизге “апам мени чачымдан сүйрөп сабап, үйдөн кууп чыкты, мен өлөм” деп келгени элес-булас эсимде. Эшикте жамгыр жаап жаткан. Бут кийими айрык, шөмтүрөп суу болуптур. Суукта көчөдө калбасын деп ага боорум ооруп үйгө киргизгем. Анда үйүмдө Сапар Сопубеков, сиңдилерим Назира, Нурчүрөк, күйөө балам Улан, Халида деген кыз жашачу. Ошентип үйгө түнөп калды. 2 күндөн кийин гастролго кетмекпиз. Ал “эже, мен да силер менен барайынчы, мени баары жеп жатышат, ушинткенден көрө өлүп калганым жакшы” деп жалдырап биз менен кошо Ош, Ысык-Көл, Таласка барып келген. Биз гастролдоп жүргөндө туугандардын балдары, күйөрмандар деле артисттерди жакшы көрүп жаныбызда жүрүшчү, анын бизди ээрчип жүргөнүн этибарга деле алган эмеспиз. Өз апасын жамандап келген кыз менен иштешүү, жумуш берүү менин оюма да келген эмес.

Ал учурда уулум Арген 5-6 жашта эле. Калпты айтарда да эсептеп алса болмок. 40тан өтүп эле калган аял ушуну кантип айтты? 5 жашар бала чоң эле аялга кантип кордук көрсөтөт? Кичинекей бала эркелейт, ызы-чуу салып ойнойт. “Айчүрөк менен баласынан кордук көрдүм” дегени атайын бирөөнүн буюртмасы менен жасалган нерсе. Андан бери 23-24 жыл өтүптүр. Азап көргүдөй мен муну тушап койгон жокмун. Же болбосо ырдатпай тилин сууруп алып, кишендеп байлап же бир жерге кагып коюптурмунбу? Ал буюм эмес да, ал адам, каалаганын кылса болот. 24 жылдан кийин Кудайдын улуу күндөрүндө, Орозо айында “Айчүрөк азап көрсөттү” деп кандай адам күнөө коёт? Ушундай адамдарды колдонуп айрымдар өз кызыкчылыктарын ишке ашырып жатканы өтө аянычтуу. Мындай нерсе баары бир жакшылык менен бүтпөйт.

– Ал сиздин үйүңүздө төрт жыл жашап, үй жумуштарыңызды кылчу беле?

– Менин үйүмдө 4 жыл жашаган эмес. Үй жумуштарымды кылгыдай гектарлап жер айдап, картошка чаптырды дейсиңерби, үч бөлмөлүү эле үйдө жашачубуз. Ал кылгыдай деле жумуш жок болчу. Ал учурдун артисттери жаңыдан бутубузга туруп, концерттен түшкөн каражат менен жашачубуз. "Үй оокаттарынын баарын мен кылчумун" дегени калп. Анткени үйүмдө мага жардам бере турган сиңдилерим бар болчу. Алар үйдү өздөрү жыйнап, тамакты өздөрү эле жасачу. Бул кыз үйдө жүргөндө өзүнүн жеген тамагынын чынысын жууп, камыр жууруса жууруп койгон чыгар. Эми кыз киши бирөөнүн үйүнө келип жатып алганы өзүнө деле уят го.

– “Мени өзүнөн ашып кетпесин деп ырдатпай койду” деп жатат. Бул сөзүнө кандай пикирдесиз?

– Анда жылдызым жанып Америка, Польша, Түркия, Украинага чоң-чоң эл аралык сынактарга барып, Кыргыз жеринде концерттерим аншлагдар менен өтүп жүргөн кезим болчу. Кээ бир жерлерде 3 сеанстан концерт койчубуз. Ал кезде менин концерттик тобум түптөлүп калган. Мен мындай аялга муктаж эмес болчумун.

“25 жыл сахнада” деп маек берүүнүн өзү бул аял үчүн уят. Анткени өмүрүн сахнага, маданиятка арнаган белгилүү өнөр адамдары да “25-30 жыл сахнадамын” деп айткандан уялышарын байкайм. Минтип айткандан өзүм деле тартынам.

Ырдабайсың деп башымды чайкап койсом, демек, аны элге чыгарыштын кажети жок болчу. Кудайдан мага келген кыздардын баарын жылдыз кылып чыгарыш керек деген мөөр алган эмесмин да. Мен кадимкидей эле ырчымын. Өзүнүн айтуусу боюнча, Гүлшайыр эжеде, “Биз” тобунда иштептир. Эмнеге ал жактан чыкпайт? Кыргызстанды мен тейлеп, баары менин колумда беле, өзү чыга берсе болмок. Буга эч ким бөгөт болгон жок. Мен аны бир жактан ырдатам деп алып келген эмесмин. Азыр дагы видеону өчүрттүм деп менден кечирим сурап жатат. Менин иштериме бул нерселер аябай тоскоол болууда. Кечирим сураарыңды билген соң кичине алды-артыңды карап сүйлөш керек. Кудай узун өмүр берсин. Атын чыгаргысы келсе мени каралап, жамандабай эле чыга берсе болмок. Жакшылыктын эрте-кечи жок, өзүн-өзү мактагандай укмуш үндүү ырчы болсо, кыргыз эли жакшы көрүп кабыл алса, ага ак жол каалайм.

Өзүм аябай ак көңүлмүн, кайра эле жардам бергим келе берет. Бирөө мага кичине жардам кылса, мен ага эки эселеп берем. Жөн эле курулай интриганын эмне кереги бар? Колу-буту жок мунжулар деле алдыга умтулуп жакшы нерселерди жаратып жатат. Андыктан адам кааласа өзү баарын жасай алат. Бирөөнү күнөөлөө – аңкоо адамдын аракети.

– Ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, тынбай эле эмгек үстүндө жүрөсүз. Чыгармачылыгыңызда дагы кандай жаңылыктар бар?

– Быйыл күчүмдү чыгармачылыгыма жумшайын деп жатам. Азыр беш ыр жаздык. Ошол беш ырдын үстүндө иштеп, клиптерди тарттырып жатабыз. Жакында обончу Рамис Алиевдин “Асыл жарым” аттуу чыгармасына тартылган жаңы клибим даяр болот. Андан сырткары быйыл Болгарияга сынакка барганы жатабыз. Мүмкүн, бул жаңылык деле эместир. Анткени жыл сайын жок дегенде эки өлкөгө барып дайыма эл аралык сынактарга катышып алдыңкы орундар, байгелер менен кайтып келип жатабыз.

– Жолдошуңуз сизге карата каралоо жүргөндө кандай колдоо көрсөтөт?

– Таалай интеллигент адамдардын үй-бүлөсүндө тарбияланган. Орус мүнөз болгондуктан мындай жагдайларда “көңүл бурбай эле койчу” деген кеңешин берет. Анткени менин ак экенимди, жөн жерден каралап жатышканын үй-бүлөм, жанымда жүргөн жоро-жолдошторум жакшы билет.

Калптын өмүрү кыска болот. Жашоодо өзүң ийгилик жарата албай калсаң, башка адамдарды күнөөлөштүн кереги жок. Сен үчүн башка адам эч нерсеге милдеттүү эмес. Эң негизгиси, элдин алдында, үй-бүлөмдүн алдында менин жүзүм жарык. Кандай учур болбосун мени эл ар дайым колдоп келет, ошондуктан мен бактылуумун. Мен элим менен, элдин мага кылган жакшы мамилеси, урмат-сыйы, элге кылган эмгегим менен сыймыктанып отурган учурум.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
katerina.li
2019-05-21 12:35:33
Маданияттуу Айчурок менен Жаниндин ызычуусу примадоннанардын инстадагы баракчасында да тиркелген. Мени бул ызы чуу танкалдырган жок. Анткени Иманалиева кыргыз элин кондуруп бутту уже,жылына эки жолу гезит бетине чыгат бир проблема баштап . Мени тан калдырганы Айчуроктун элге берген жообу,орусча жооп бергенге аракет кылыптыр "приутил","отблогородил","ид на "деп да послать этип коюптур бироону. Анан заслуженная артистка республики деген наамды алып жургон айым ушинти
-2
katerina.li
2019-05-21 12:47:45
katerina.li,анан мен ай эже приутил эмес приютил,отблогородил эмес отблагодарил деп жазылат. Уятко заслуженная артистка болуп"иди на "деп жазганыныз десем шыр кара тизмеге киргизиптир
+2
myrzayym
2019-05-21 12:36:20
Айчүрөк эжеге ишине ийгилик! Дем күч кубат каалайм! Бирок ак көңүл адам катары мен да көп жабыркайм. Жакшылыктан жамандык таап алмайым бар.
Бирок, мен эч качан өзүмдү актап элдин баарына абийрин аштай кетирбейм! Жөн гана ИЙГИЛИК каалоо менен бирге жашоомдон сызып, эч нерсе болбогондой өчүрүп тыштайм. Албетте, бул ар бир адам үчүн оор. Чыныгы күчтүү адамдар гана КЕЧИРИМДҮҮ болуу менен абийрин ачпайт. Алсыздар актаныш үчүн болгон абийрин ачат. Ошондо сиз кимсиз?
+3
katerina.li
2019-05-21 12:45:01
myrzayym,не делай добра,не получишь и зла деген соз бар орустарда
+3
Skarlett-Skarlett
2019-05-21 13:22:59
Бул Айчурокту эл унутуп калбасын деген ойдо чыгарылган кара пиар.Айчурок эже,уят да эми сапсайып корунгон мн акыйлашканыныз..Мен учун адамдар менен урушуу уят нерсе деп билем.Интеллигент адамдын аялы болсонуз ошого ылайык журбойсузбу!,,Кызыл гул"деген ыр менен эле популярдуу болгонсуз же ,,Роза гулу".Балким чын эле жакшы аял затысыз,жакшылык башка адамдар аркылуу келет,эч ким аны кайтарбайт.Сабыр тилейм,эр ортону 50 жашка чыгайын деп калсаныз керек,улгу болунуз жаштарга.Уят!
+3
katerina.li
2019-05-21 14:10:07
Skarlett-Skarlett,50 дон ашканы качан
+1
amirrus
2019-05-21 20:24:17
каарыса деле ушул аялдын ызычуусу басылбады,улуу кичуу дебей эле ызылдап ушак кууп жатып калат экен тообо...
0
Tiken
2019-05-22 12:06:26
Мал арыгын сактасан оозунду майлайт, адам арыгын сактасан тобонду кандайт деген соз бар го... Айчурок айым ак конулдун аты арыбайт болупсуз да, боор ооруган адамдардын баары боорунузга тээп ашынызды ичип, кадырынызга чычып кетишиптир... Тузунузга коюнуз да билбестерди...
0
Ziregim
2019-05-22 13:31:39
Ак конулдуктун арты ушундай болот, эмне эле Анжеликага жан тартасынар, же Айчуроктун арты менен, эмгеги менен ушул мезгилге чейин нан таап жургону калппы, Айчурок корсоткон жолду, Анжелика акылдуулук кылып ондоп тузоп кетти, бирок Айчуроктун эмгегинин пайдасы! Биз деле мугалимден уйрондукго жазууну окууну, ошондой эле кеп!
+3
katerina.li
2019-05-22 14:08:46
Ziregim,айчурок эмне жол корсотуп жургонун коруп уктук ко четин. Жакшы деле жол коргозбоптур
0
al79mi
2019-05-22 14:23:01
Аздыр коптур маданиятка синген эмгеги бар Айчуроктун. Канча жылдан бери сахнада журот.Улуу муундар жакшы билет Айчуроктун убагында концерттери укмуш отчу. Ошол эле Анжеликага сахна турмушун коргозуп, жол ачып бербесе кудай билет эле Анжелика ким болуп кайда журорун. Эмгекти дагы сыйлаш керек. Анан эле орто жолдон бир аял чыга калып (при чем с подозрительной внешностью) бирдемени айтса ишене калгандарга тан калам.
0
raykray
2019-05-22 15:42:26
Эми араларында айтышуу дарс дурс болгондур бирок, анан Жанин айымды чыгарбай камап ырдатпай салганына такыр ишенбейм озунун жалкоолуугуго дейм. Азыр адамдар ушундай эле болуп калган жалыдарап сууга тушкон чычкандай болуп келишетда жардам берип чункурдан чыгарып койсон ыйлдыйга озуно карап тукурот.
-1
aiza.kyrgyzkyz
2019-05-23 04:57:39
Бул жерде Айчурок менен Анжеликанын адамдары окшойт биринин созуно лайк экинчисине дизлайк коюшуп эле))) тообо дегиле тообо, орозодо ушинтип айтышканынар болбойт
-1
orxidey
2019-05-23 23:18:27
Айчуроктун денгелине жетип алгыла озунорчо кечеги чыккан через компьютер ун жасап ырдагандарга фанат болуп кайданда билесинер таза ундуу ырчыларды.
-2
merim
2019-05-24 00:54:00
Байкуш Айчурок,Анжеликанын тырмагында калдыго.Анжелика эчен иштерди жасап койду,кыйыын Анжелика.Басмырлап ажыратып тындынар.Кудай баар баарыбызга.
+1
aza84
2019-05-24 18:03:27
Айчурок эже мындайларга тенелбениз биз сизди колдойбуз. Анжеликага окшоп сиздин артыныздан соз эрчибей эледа Ж...п. деген атка конгонго Аны любой эркек каалайт
-3
Moldobekova
2019-05-25 17:06:07
Жани Айчурок эжени жамандап чыккандыгы учун гана баары кызгып корушсо керек,болбосо аны эч ким таанычу эмес
+1
katerina.li
2019-05-26 13:26:34
Айчурок мене Гульшайырдын бироону жамандагандары окшошуп кетет. Тимеле акир чикирине чейин айтып салышат бироону жамандашса
0
Saliman
2019-05-27 16:32:15
Жанин (Жамилиянын) таптакыр бети жок экен.ун деген жок стиль эмне экенин билбейт качан корбойун былчыйып ачыбаган камырдай болуп жургонун коросун.
-1
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан