Бакыт – жан дүйнөнүн абалы. Бул сезим ар бир адамдын өз колунда, сырткы факторлорго көз каранды эмес. Окууну аяктагандан, үй-бүлө кургандан, же болбосо акча тапкандан кийин анан бактылуу болом деп убакытты өткөрбөңүз. Бактылуу болууну ушул макаланы окуп жаткандан баштаңыз. Анткени макаланы окууга сизде мүмкүнчүлүк бар, көрүү, сезүү, убакыт дегендей. Өзүңүздү бактылуу сезүү үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?
ФИЗИКАЛЫК ЖАКТАН АКТИВДҮҮ БОЛУҢУЗСпорт көнүгүүлөрү менен машыгуу учурунда бакыттын курамы болгон эндорфин, серотонин, дофамин жана эндоканнабионид жакшы иштелип чыгып, маанайды көтөрөт. Муну менен катар жаратылыш коюнунда эс алууну, жок дегенде күн сайын эшикке чыгып таза абада 10-20 мүнөт сейилдөөнү адатка айландырыңыз. Жаратылыштын кооздугу, таза аба денени сергитип, чыңалган нервди басаңдатып, чөккөн маанайды жазат, гармония тартуулайт. Күн астында эс алыңыз. Анткени күндүн нуру аркылуу адамдагы бакыт гормону – серотин иштелип чыгат.
ӨЗҮҢҮЗДҮ УГУҢУЗ
Жан дүйнөңүзгө эмне жагат? Анализдеп чыгыңыз да, ошол нерсени аткарыңыз. Алтындай убактыңызды сизге терс эмоция тартуулоочу нерсеге коротпоңуз. Анан да жаңы нерсеге кадам таштоодон чочулабаңыз.
ӨЗҮҢҮЗДҮ СҮЙҮҢҮЗ
Алсак, сырткы келбетиңизди өзгөртүүнү каалап жатасызбы? Өзгөртүңүз. Гардеробду жаңырткыңыз келдиби? Аны да ишке ашырыңыз. Унаа, батир алуу гана эмес, керектүү майда-барат нерселерди сатып алуу да ырахат тартуулаарын унутпаңыз.
КИЧИНЕКЕЙ НЕРСЕ ҮЧҮН ДА КУБАНА БИЛИҢИЗ
Кичинекей баланы алып караңызчы, анын бактылуу болушу үчүн көп нерсенин деле кереги жок. Өзүңүздү гүлдүү талаада чуркап бара жаткан, алдыда эмне күтүп турары белгисиз жаш баладай элестетиңиз. Окуудан айдап салдыбы? Демек, сиз адистикти туура эмес тандадыңыз. Өзүңүз сүйгөн адистикке ээ болууга шарт түзүлдү.
ДЕПРЕССИЯГА ЖОЛ БЕРБЕҢИЗ
Кээде жалгыз калууну эңсеп, маанай чөккөн учурлар кездешет. Маанилүү иш баштаганы турганда, же болбосо жумуш үстүндө депрессияга алдырбаңыз. Мындай көңүлсүздүк ишиңизге тоскоолдук жаратат.
ЖАНЫБАРЛАР МЕНЕН ЖАКЫН МАМИЛЕДЕ БОЛУҢУЗ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, үй жаныбарлары адамга оң энергия тартуулашат. Зоопарк, дельфинарийге барыңыз, ат миниңиз.
САЯКАТТАҢЫЗ
Саякаттоо маанайды көтөрүүчү куралдардын бири. Акча тартыштыгы жаралса жакын жердеги эс алуу жайларына барсаңыз да болот.
МУЗЫКА УГУҢУЗ
Шаңдуу музыка аркылуу көңүлдү көтөрөсүз. Кошулуп ырдап, бийлесеңиз өзүңүзгө керемет маанай тартуулай аласыз.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН АЛЕКТЕНИҢИЗ
Чыгармачылык адамдын өз баасын жогору көтөрүүгө салым кошот. Мейли сайма сайыңыз, сүрөт тартыңыз.
ЖАҢЫ НЕРСЕ ҮЙРӨНҮҢҮЗ
Жаңы хобби табыңыз, чет тилдерин үйрөнүңүз, китеп окуңуз.
ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ
Күнүмдүк рационуңузга көңүл бөлүп, организмди керектүү витаминдер, минералдар менен толуктаңыз. Диетологдор балык, жаңгактын түрлөрүн, жумуртканы күнүмдүк менюга кошууну сунушташат.
БИРӨӨЛӨРГӨ ЖАКШЫЛЫК КЫЛЫҢЫЗ
Бирөөгө жакшылык жасоо жакшылыкты кабыл алган адамды гана эмес, берген адамды да сүйүнтөт. Кайрымдуулук иштери менен алектениңиз, жакындарыңызга, кесиптештериңизге сюрприз жасаңыз.
ӨТКӨНДҮ УНУТУҢУЗ
Маанай болбой жатса, өткөн-кеткенди эске албаган оң. Келечекти ойлоп, оюңузду алдыга карай багыттап, пландарыңызды ишке ашыруу менен алек болуңуз.
ДОСТОР МЕНЕН БААРЛАШЫҢЫЗ
Адам өзү жактырган жамаат менен болгондо окситоцин гормону иштелип чыгат. Бул гормон иммунитетти бекемдеп, башкаларга көңүл бурууга, мээрим төгүүгө жардам берет.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg