Улам тамеки сурай бергени үчүн бөтөлкөлөшүн өлгүчө сабап салган Ат-Башы районунун тургуну Нарын облустук сотунун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылды. Соттолуучунун да, маркумдун да артында төрттөн баласы бар.
«МАРСЕЛДИ УКТАТА ЧАПТЫМ»
Жогорку соттун маалыматына караганда, окуя 2018-жылдын 19-август күнү болгон. Кечки саат 22:30 чамасында Ат-Башы районунун 7 тургуну ичимдик ичип отурушканда алардын арасынан экөө мушташа кетип, бири экинчисин өлгүчө сабап салган. Маалыматка ылайык, уруш тамекинин айынан чыккан. Марсел (маркум М.Снын аты өзгөртүлдү) тамеки сураганда Акыл (соттолгон жаран А.Мнын аты өзгөртүлдү) «тамекини сатып алып чекпейсиңби» дегенинен улам уруш чыккан. Ал экөөнү ошол жерде отургандар ажыратып коюшкан. Андан кийин уруша кеткен экөө чырды өз ара чечүү үчүн ары барып, кайра мушташып кетишкен. Акыл Марселди эки жолу муштум менен бетке чаап, жерге жыгылганда буту менен башка тепкен. Марсел эсин жоготуп койгон. Акыл чогуу ичип отургандарга кайтып келип, «Марселди уктата чаптым» деген. Чогуу отургандар Марселдин жанына келип анын эсине келбей жатканын көрүшүп, Акылдын инисине тиешелүү унаа менен Ат-Башы аймактык ооруканасына алып жөнөшөт. Марсел алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Бул иш боюнча 2018-жылдын 3-декабрында Ат-Башы райондук сотунун өкүмү чыккан. Акыл Кылмыш-жаза кодексинин «саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Маркум М.Снын жактоочусу Нарын облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанып, Ат-Башы райондук сотунун өкүмүн бузуп, соттолуучуга берилген жазаны оорлотуп, моралдык зыяндын өлчөмүн көбөйтүп берүүнү суранган. 2019-жылдын 6-майында Нарын облустук соту ишти карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, А.Мны 9 жылга эркинен ажыратты. Соттолгон жарандын жашы жете элек 4 баласы бар. Маркумдун артында да 4 баласы калды.
«УУЛУМДУН КАЗА БОЛГОНУН КИЧҮҮ БАЛАМ ЭРТЕСИ ЭЛДЕН УГУПТУР»
Сотто көрсөтмө берген соттолуучу, жабырлануучунун туугандары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн кыскартып беребиз.
Маркумдун апасы:
– 19-август күнү балам чөп түшүрүп келип, тамак ичип жатканда ага бирөө 4 жолу телефон чалган. Чогуу отурган балдар «албай эле койчу» деп жатышкан. Жанында жүргөндөр менен чогуу арак ичишиптир. Акыл баламды өлтүрүү максатында артынан издеп барган болушу керек. Экөө урушуп кетип, ал баламдын бети-башына эки жолу чаап, жатып калганда башка бир тепкен экен. Жанындагылардын бирөө дагы баламдын каза болгондугу тууралуу айтып койгон жок. Бул кабарды кичүү балам эртеси күнү эртең менен уйду жайытка кошкону барганда элден угуптур. Анда мен Бишкекте элем. Ошол жактан баламдын каза болгону тууралуу оор кабарды уктум. Марселим жоош, эч кимге зыяны жок бала болчу. Ал киши колдуу каза тапты. Уулумдун артында 4 баласы калды. Мен райондук соттун чечимине нааразы болдум. Анткени райондук сот ишти бир тараптуу карап койду деп эсептейм.
«АГАМ МЕНЕН ЭРТЕҢ МЕНЕН ЭЛЕ СҮЙЛӨШКӨМ»
Маркумдун иниси:
– Ал күнү агам менен эртең менен сүйлөшкөм. Ал «жумушум болуп жатат, чөп тартып келем» деп айткан. Кечки саат 19дар чамасында агамдын жолдо балдар менен турганын көрүп, кол көтөрүп учурашып кеткем. Өзүм үйгө чарчап барып уктап калгам. Эртеси эртең менен жеңем чалып, агам үйгө келбегенин айтты. Ошондо жанында жүргөн балдарга чалдым. Бир аз убакыт өткөндөн кийин туугандар келип кабар айтышты. Шыр эле ооруканага барсам, агам өлүк сактоочу жайда экен.
«КЫЛГАН ИШИМЕ ӨКҮНӨМ»
Соттолуучу А.М. күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, мындайча көрсөтмө берген:
– Ал күнү балдар менен жолугуп, чогуу арак ичкенбиз. Кечинде К. байкенин үйүнө барып, ал жактан чөп тарткан балдар менен дагы арак ичкенбиз. Марсел тамеки сураганда бергем. Ал үчүнчү жолу сураганда, «сатып алып чекпейсиңби» дедим. Ал мени жаман көрүп, ошол жерден экөөбүз уруша кеттик. Жаныбыздагы балдар ажыратып коюшту. Андан кийин 2 бала менен унаага отуруп кетип баратканбыз. Көчөнүн башына барып унааны буруп келатканда Марселдин жулунуп жатканын көрдүм. Ал эңкейип, жерден бир нерсе алып унааны уруп салды. Ошондо машинанын үстүнө кум шагырагандай болду. Марсел сөгүнүп, «азыр токто, болбосо үйүңө барам» деп кыйкырганда унааны токтотуп, түштүм. Экөөбүз ары жакка барып сүйлөштүк. Сүйлөшүп жатканда ал чаап жиберди. Ошондо кайра аны эки жолу чаап, жерге жатып калганда бир жолу тептим. Ал эсин жоготуп койду. Балдарды көздөй басып келатсам, астымдан Т. чыгып, «Марсел кайда?» деп сурады. Мен «аны уктатып салдым» деп айттым. Унаага барып отурганда артымдан Т. келип, «Марселди эмне кылгансың?» деди. Кайра барсам, ал чалкасынан жерде жатыптыр. Марселди унаага салып, шыр эле үйгө бардык. Инимди рулга отургузуп, ооруканага айдаттык. Сот залында отургандардан кечирим сурайм. Кылган ишиме өкүнөм. Судьядан туура чечим чыгарып берүүсүн суранам.
«МАРКУМ 2-3 ЖОЛУ ТАМЕКИ СУРАГАН»
Күбө Т.А:
– Ал күнү 15тер чамасында эле балдар менен арак ичип баштаганбыз. Балдардын бири кетип, бири келип жатышкан. 2-3 бала болуп дүкөндөн арак алып, ошол күнү талаадан чөп тартып келген
3 балага жолукканы бардык. Алар менен буга чейин да көрүшүп, чогуу ичкен элек. Биз үйүнө барган балдар чөп жыйып келишип, жаңы гана тамак ичип үйдөн чыгып жатышыптыр. Алар менен чогуу отуруп алып бирден стакан арак ичтик. Ошол жерден Акыл менен Марсел экөө тамекинин айынан уруша кетишти. Бул урушка чейин Марсел 2-3 жолу тамеки сураган. Акыл «сатып алып чекпейсиңби» дегенинен экөө урушту. Экөө жакалашып калганда биз ажыраттык. Анан кетели деп Акыл жана дагы бир бала болуп унаага отурдук. Унааны ылдый көздөй айдап бурулуп келе жатканда Марсел жулунуп жатканын көрдүк. Токтоп, Акыл унаадан түшүп кетти. Арадан 5-10 мүнөттөн кийин Акыл кайра келди. Анын артынан Т. келип, «Марсел эсин жоготуп жатып калыптыр» деп айтты. Ошентип Марселди унаага салып, Акылдын үйүнө барып, инисин айдатып ооруканага бардык. Ошол жактан врачтар Марселдин каза болуп калганын айтышты. Андан кийин эле милиция кызматкерлери келип, бизди РИИБге алып кетишти.
«МАРСЕЛ ЭРКЕКЧЕ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРГАН»
Күбө А.С:
– Балдар менен арак ичип отурсак, Акыл менен Марсел уруша кетишкен. 3 бала унаага түшүп кетип баратышса, Марсел жулунуп, унааны таш менен чаап жиберди. Бирок таш тийбей калды. Унаа токтоп, Акыл андан түшүп келип, Марселге «жай эле сүйлөшөлүчү. Эмне эле болуп жатасың» десе, Марсел «жүрү, эркекче сүйлөшөбүз» деп ары жакка ээрчитип кетти. 5 мүнөт өткөндөн кийин Акыл жалгыз келип «уктатып салдым» деди. Артынан Т. келип, «Марселди эмне кылгансың, эси ооп жатат» деди. Марселди унаага салып кеттик.
Кырсык каш-кабактын ортосунда. Ичимдиктин айынан канчалаган жаш өмүрлөр кыйылып, үй-бүлөлөрдүн коломтосу бузулуп жатканы өкүндүрөт. Жогорудагыдай окуялардан ар бирибиз оң жыйынтык чыгаруубуз керек.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg