Супер-агент
А.БЕКНАЗАРОВДУН БАЛАСЫ МАКСИМ БАКИЕВДИН
МАШИНАСЫН АЙДАП ЖҮРӨБҮ?
– Азимбек Бекназаровдун Руслан деген баласы Максим Бакиевдин кымбат баалуу Кадиллак унаасын тээп жүрөт имиш. Бийликтен түшкөндөрдүн мал-мүлкүн бийликке келгендер басып алганды качан токтотушат? “Айран жокто, максым бар. Айдар жокто, Максим бар” деген сөздүн үчүнчү уландысы жүрүп жатабы? Ушул сөздүн аныгын билип бериңиздерчи? Эркин, Бишкек шаары.
Руслан Бекназаров:
– Бул маалыматты кыргыз тилдүү гезиттердин эле бири таркатып жиберген. Алар менен байланышка чыксам, “саясатка аралашканда мындай нерселер боло берет” дегендей жооп беришти. Биз БЭКтин курамында
2008-жылы “Биримдик” жаштар кыймылын түзгөнбүз. 7-апрелден кийин партиянын ичинде парламенттик шайлоого барарыбызды жарыяладык. Ал эми Максим Бакиевдин машиналарына келсек, бул жакта жигиттер каза болуп жатса, ошондой нерсеге көңүл бурмак белем? Албетте, мунун баары калп, менин оюмча, мага карата эмитеден каралоо башталды. Азыр өзүм оң рулдуу, арзан баадагы эле Хонда-Одиссей машинасын айдап жүрөм.
МЕЛИС ЭШИМКАНОВ КАЙСЫ ПАРТИЯНЫ БАШПААНЕК КЫЛАТ?– "Бир кездеги оппозициячылардын бири Мелис Эшимканов кайрадан саясатка кошулат. Мурунку гезитин эми “Жаңы Агым” деп атап, ишин баштады. Ал “Ар-намыс” партиясынын кеңсесине барып жүрөт",- деген сөздөр айтылууда. Ал эмне, кайра депутат болоюн деп жатыптырбы? Канат, Бишкек шаары.
Мелис Эшимканов:
– Азыр эч кандай саясат, партиялык ишмердикке аралашпай эле ден соолук, үй-бүлө иштери менен алек болуп жүрөм.
Өлкөбүз оор жоготууларга туш болду. Мындай кезде саясатка аралашууга моралдык укугум деле жок деп эсептейм. Жакынкы келечекке план кура элекмин. Негизи, "Агымды" кайра талашууга юридикалык жактан укугум бар экен. Максим тартып алган ишканалардын баарын кайтарып жатышкан турбайбы? Бирок мен андай кылбайм. Кеткен Бакиевдерди одоно сындабайм, жаңыларга жагынып, кошомат да кылбайм.
КӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ, УЙГА ЖҮГӨН САЛАБЫ? – "Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов борбордогу акчасы көп ишкерлерге “салык салыптыр" деп уктум. Мурунку мэрлер дагы шаардык казынада акча болбой калса эле ишкерлерден акча сураганды адат кылып алышкан экен. Эми бийликтен куулгандардан үлгү албай, кайра эле ошол нерсени уланткандары ачууну келтирет. Иса Өмүркуловдун “салык салганы", негизи, чынбы? Жумабек, Кара-Балта шаары.
Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри:
– Мындай “өнөрдү” мурункулар колдонушчу экен. Ошондуктан “салык салыптыр” деген сыяктуу сөздөр чыгып кеткен. Чынында, мен эч бир ишкерге салык салган эмесмин. Эгер ошондой маалымат болсо, алар эбак эле сотко кайрылышмак. Бул чагымчылар чыгарган ушак-айыңдар. Ал эми маалыматтын булагын текшерүүгө жана ушундай ыплас нерселер менен алектенүүгө эч кандай убактым жок. Азыр мен шаарды өнүктүрүү аракетинде баш калаанын маселелери менен бошобой жүрөм.