ЖАҢЫ КАЗЫЛГАН КАРТОШКАДАН ДААМДАР

Окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдөн соң куурулган картошкада темир, ал эми фольгага ороп же чокко көмүп бышырган картошкада витаминдер, минералдар көп экендигине жана калориясы аз болоруна ынанышкан. Бүгүн биздин дасторкондо жаңы казылып алынган картошкадан жасалган даамдар.


КАЗАН-КЕБАБ

Керектелүүчү азыктар:
Кой эти – 500 грамм
Картошка – 500 грамм
Пияз – 1 баш
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр
Сарымсак – 2 баш
Болгар калемпири – 3 даана
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Этти чоң-чоң кесимдерге бөлүп, татымалдарды кошуп 20 мүнөткө маринаддап коёбуз.
  2. Картошка менен пиязды аарчыйбыз. Пиязды тегерек формада туурайбыз.
  3. Казанга майды куюп, ысыган кезде картошканы 2-3төн салып кууруп, чыгарып алабыз.
  4. Казанга эми этти, пиязды салып кууруйбуз. Үстүнө картошканы, сарымсакты, болгар калемпирин тизип, татымына жараша туз, мурч салабыз. Үстүнө бир чыны суу куюп, 30-40 мүнөт жай отто демдеп бышырып алабыз. Казан-кебаб жегенге даяр!


КАКТАЛЫП БЫШКАН КАРТОШКА

Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 1 килограмм
Сарымсак – 5 тишче
Укроп – 1 тутам
Каймак май – 100 грамм
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Көлөмү өтө чоң эмес картошкаларды щётка менен жышып жууйбуз. Эми аларды туздуу сууда кайнатып чала бышырып алабыз. Болжол менен 10 мүнөт кайнатсак болот.
  2. Электр мешинин табасына картошканы, үстүнө майда тууралган сарымсакты салып аралаштырабыз, каймак майды кесип үстүнө салабыз.
  3. Табаны 180 градуста иштеп турган электр мешине салып, кызарганча бышырып алабыз. Бышкан картошканы табакка салып, үстүнө майда тууралган укроптон себелеп дасторконго коёбуз.


МАРОККО САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 500 грамм
Зайтун мөмөсү – 16 даана
Пияз – 1 баш
Петрушка – 5-6 тал
Лимон ширеси – 2 аш кашык
Зайтун майы – 4 аш кашык
Паприка жана зире – 0,5 чай кашык
Туз, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Картошканы щётка менен жышып жууп, тазалап алабыз. Андан соң туздуу сууга салып 20 мүнөттөй кайнатып бышырабыз. Майдаларын тоголок боюнча калтырабыз, ал эми чоңдорун 2-3 бөлүккө бөлөбүз.
  2. Пиязды аарчып, жарым шакек же шакекче түрүндө, петрушканы майда туурайбыз.
  3. Лимондун ширесин, зайтун майын, татымалдарды кошуп аралаштырып салат үчүн атайын соус даярдайбыз.
  4. Картошканын үстүнө пиязды, зайтун мөмөсүн салып, соусту куюп аралаштырабыз. Салат жегенге даяр!


ДЫМДАЛГАН КАРТОШКА

Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 600 грамм
Шпинат – 1 тутам
Помидор – 2 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 3 тишче
Каймак май – 50 грамм
Карри – 2 аш кашык
Айран – 100 миллилитр
Жалбыз – 1 тал
Ашкөк – 1 тал
Туз, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Картошкаларды щётка менен жышып тазалап-жууп, тең ортосунан бөлөбүз.
  2. Сарымсак менен пиязды майда туурап, табадагы кызып турган майга салып 1-2 жолу аралаштырып, жай отто 5 мүнөт демдейбиз. Андан соң каррини кошуп 2 мүнөт кууруйбуз.
  3. Эми табага картошканы салып кууруйбуз да, үстүнө 1 стакан жылуу суу куюп, жай отто 10 мүнөт демдейбиз.
  4. Картошканын үстүнө чоң-чоң туралган шпинат менен помидорду салып, аралаштырып, 5-7 мүнөт демдейбиз. Тамак даяр!
  5. Айранга майда тууралган ашкөк менен жалбызды аралаштырып, тамак менен кошо беребиз. Тамагыңыз даамдуу болсун.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
deva
2019-05-27 09:45:16
Шилекей агат го))
0
Surotchu-kyz
2019-05-27 14:05:13
Экинчини азыр эле, тура калып даярдай салайынчы)
+4
Aikan1966
2019-05-27 14:59:23
ооз ачарга биринчини жасап коройунчу,анан даамын айтам силерге.
0
Zimzimemir
2019-05-28 12:29:05
Каймак май майонезби?
0
babi92
2019-05-28 16:40:32
Zimzimemir,сливочное масло болуш керек
+1
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан