КЫЗМАТКА ЖАҢЫ КИРИШКЕН УКРАИНА ПРЕЗИДЕНТИ ВОЛОДИМИР ЗЕЛЕНСКИЙ ЭЛГЕ ЭМНЕ УБАДАЛАДЫ?

Украинанын жаңы президенти Володимир Зеленский 20-май күнү парламентте ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. Зеленскийдин инаугурацияда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн мактоосуна татып, талкууга алынууда. Жаңы президенттин ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүнүн урунттуу учурларын сунуштайбыз.

«АР БИР УКРАИНАЛЫК ӨЛКӨНҮ БАШКАРАТ»
– Шайлоодо жеңишке жеткенден кийин 6 жаштагы балам мага «ата, мен сыналгыдан Зеленский президент болду дегенди көрдүм, демек, мен дагы президент экенмин да?» деп сурады. Башында бул сөздөр тамаша катары угулду. Бирок бир нече көз ирмемден кийин бул сөздөр чындык экенин түшүндүм. Мындан ары өлкөнү мени шайлаган 73 пайыз шайлоочу гана эмес, бардык украиналыктар башкарат. Бул менин эмес, баарыбыздын жеңишибиз. Бүгүн бир гана мен эмес, ар бирибиз Конституцияга колубузду коюп, ант бердик. Бүгүнкү күндөн тартып ар бирибиз Украина үчүн жоопкерчиликти алдык.

«УЛУТТУК ИДЕЯБЫЗ – МҮМКҮН БОЛБОГОН ИШТЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУ»
– Биз, украиналыктар, биримдикте болушубуз керек. Ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз. Бүгүн мен дүйнө жүзүндөгү бардык украиналыктарга кайрылам. Биз 65 миллионбуз. Мен Европадагы, Азиядагы, Түндүк жана Түштүк Америкадагы, Австралиядагы, Африкадагы бардык украиналыктарга кайрылам. Жаңы, күчтүү, ийгиликтүү Украинаны курууга даяр болгон ар бир адамга өлкөнүн жарандыгын берүүгө даярмын. Силер Украинага конок катары эмес, өз үйүңөргө түбөлүк келгенге милдеттүүсүңөр. Чет өлкөлөрдөн сувенирлерди эмес, өзүңөрдүн билимиңерди, тажрыйбаңарды алып келгиле. Мунун баары бизге жаңы доорду баштаганга жардам берет. Скептиктер «бул фантастика, бул мүмкүн эмес» деп айтышат. Мүмкүн. Биздин улуттук идеябыз – биримдикте мүмкүн болбогон иштерди жүзөгө ашыруу. 2016-жылы футбол боюнча Европа Чемпиондугунда Исландия өлкөсүн эстегиле. Тиш доктур, учкуч, студент өз өлкөсүнүн намысын коргоп ийгилик жаратышты, бирок аларга эч ким ишенген эмес. Бул биздин жол. Биз футболдо Исландия, өз өлкөбүздү коргоодо Израиль, бири-бирибиз менен бактылуу жашоодо Швейцария, технологияда Япония болушубуз керек.

«СОГУШТУ БИЗ БАШТАГАН ЖОКПУЗ, БИРОК АЯГЫНА ЧЫГАРАБЫЗ»
– Биздин биринчи тапшырмабыз Донбасстагы конфликтти токтотуу. Урматтуу украиналыктар, сиздер жакындарыңыздардын жашоосу үчүн эмнеге даярсыздар? Мен баарына даярмын. Тынчтыкты орнотуу үчүн рейтингимди жоготууга, атактуулуктан баш тартууга, кызматтан айрылууга да даярмын. Бирок биз эч качан жерибизден айрылбашыбыз керек.
Тарых адилетсиз. Согушту биз баштаган жокпуз. Бирок биз бул согушту аягына чыгарышыбыз керек. Биз сүйлөшүүгө даярбыз. Бирок сүйлөшүүнүн алдында Орусия бардык украиналык туткундарды бошотушу керек.
Биздин кийинки чакырык – Украинанын тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алуу. Себеби Крым менен Донбасс – Украинанын жерлери. Биз жерибизди гана жоготкон жокпуз. Эң башкысы, биз ал аймактарда жашаган элибизди жоготтук.

«ӨКМӨТ БИЗДИН КӨЙГӨЙ»
– Мыкты президент болгон америкалык актёр «өкмөт биздин көйгөйүбүздү чечкен жок, биздин көйгөй өкмөттүн өзү» деп айткан. Мен колун шилтеп, эч нерсе кыла албайбыз деген өкмөтүбүзгө таң калам. Бул жалган. Силер кыла аласыңар. Силер кагаз менен калем сапты алып, арыз жазып, кийинки шайлоону эмес, келечек муунду ойлогон адамдарга кызматыңарды бошото аласыңар.

«ЖОГОРКУ РАДАНЫ ТАРАТУУНУ ЧЕЧТИМ»
Володимир Зеленский депутаттарга кайрылуу жасады:
– Силер депутаттардын кол тийбестигин алып салуу жана мыйзамсыз баюу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамды кабыл алышыңарды каалайм. Коопсуздук кызматынын башчысын, башкы прокурорду жана коргоо министрин иштен бошотууну парламенттен суранам. Мен Жогорку раданын 8-чакырылышын таратууну чечтим.

«ИШ БӨЛМӨҢӨРГӨ МЕНИН СҮРӨТҮМДҮ ИЛБЕГИЛЕ»
– Бийликке элге кызмат кылган адамдар келиш керек. Абдан суранам, силердин иш бөлмөңөрдө менин сүрөтүмдүн болушун каалабайм. Анткени президент сыйынчу ыйык адам эмес, идеал эмес. Анын ордуна балдарыңардын сүрөттөрүн илип, ар бир чечим кабыл аларда алардын көздөрүн тике карагыла. Буга чейин мен украиналыктарды күлдүрүүгө аракет кылып, бул менин жумушум гана эмес, жашоодогу максатым экендигин жүрөгүм менен сезип келгем. Мындан аркы 5 жылдын ичинде украиналыктарды ыйлатпаш үчүн болгон күчүмдү жумшайм.

ӨКМӨТ БАШЧЫ КЫЗМАТТАН КЕТЕРИН ЖАРЫЯЛАДЫ
– Украинанын жаңы президентинин мындай жалындуу сөздөрүнөн кийин өлкөнүн премьер-министри Володимир Гройсман кызматтан кетерин жарыялады. Ошондой эле жаңы Украинанын коргоо министри Степан Полторак менен Коопсуздук кызматынын башчысы Василь Грицак да кызматтан кетишти.


Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан