Ырчы Омар жыл башында кыздуу болгон. Акыркы учурда сахнадан алыстай түшкөн ырчы менен бул жолу аталык сезимдери, жаңы жашоосу тууралуу баарлаштык.
– Омар, саламатсыңбы? Кармаган орозоң кабыл болсун! Орозо кармоодо канча жылдык тажрыйбаң бар?
– Саламатсыздарбы? Рахмат. Орозону алгачкы жолу классташ балдар менен 7-класста кармаганбыз. Анда орозонун маанисин деле түшүнгөн эмеспиз да, кызыгуу болгон. Ошондо мектеп директору чогулуш кылып, «силердин организмиңер жаш, кыйналып каласыңар» деп урушкан эле. Ортодо тыныгуу болуп жатты, жалпысынан орозо кармаганыма 10 жыл болуп калды.
– Жыл башында ата статусуна ээ болдуң. Кызыңдын кылыгы чыгып калса керек?
– Кызыбыз кесарево жолу менен төрөлдү. Негизи ага чейин өзү эле төрөйт деп пландап жатканбыз. Чукул арада акушерлер ошондой чечимге келип, келинчегимди төрөт залга киргизип кетишти. Мен санаа чегип, дуба кылып жаттым. Убакыт болсо өтүп жатат, медайымдардан сурасам, "төрөй элек" дешет, айтор, аябай көпкө созулуп кеткендей сезилди. Кийин «кыздуу болдуңуз» деп сүйүнчүлөшкөндө өзүмдү кармана албай ыйлап жибердим. Төрөт кандай болот деген коркунуч күч болгондуктан, сүйүнчүнү укканда өзүмдү таштап салдым окшойт. Медайымдар «ыйлабаңыз, кайра сүйүнбөйсүзбү» деп күлүшөт. Айтор, биринчи ата болгон сезим ушундай болду, көз жашымды тыя албай калдым.
Азыр атасын ыйлаткан кыз, Арушкабыз 3 айга толду. Чоң атасы аруу кыз болсун деп ысымын Арууке койгон. Башында көп деле билинчү эмес, эми жыты чыгып, күлүп калганда жанынан чыккым келбей айланчыктайм. Күндүз мен үйдөмүн да, Диана жумуштарды кылганча кызымкамды карап отурам. Арушкабыз келбет жагынан апасына окшош, көз тийбесин, жоош.
Атанын милдети – кыз төрөлсө эки кочкор же бодо мал союп элге таратуу экен. Мен кызым жарыкка келгенде бодо мал союп, муктаж үй-бүлөлөргө бердим.
– «Балалуу, кыздуу болгондо өзгөчө эркек сезимтал болуп калат» дешет. Өзүңдөн өзгөрүүнү байкай алдыңбы?
– Чынын айтайынбы, мурун унаа менен баратып токтогондо коляска айдаган энелердин чукчуңдап өтүп баратканын көп түшүнчү эмесмин. Азыр аларды аябай түшүнүп жатам. Кызымды коляскага салып жолго чыгып калганда унаа келип калса ойлонбой туруп өзүмдү салып берсем керек. Кээде кызым уктап жатканда бирөө сигнал берсе, таш алып туруп маңдайкы айнегин жарып салгым келет. Балалуу болгондон кийин чын эле өтө сезимтал болуп калат экенсиң.
– Эжең менен сүрөтүңдү Инстаграм баракчаңа жүктөп, «эмгегиңиздин астында өмүрүм аздык кылат» деп жазыптырсың. Эжеңе көп карыздар окшойсуң?
– Биз эки эле бир тууганбыз да. Ошондуктан эжем мага ага, ини, карындаш, айтор, баары. Ал менден 3 жаш улуу, ошентсе да 3-классында мени мектепке өзү ташычу. Негедир эжем чоңдордун жашоосуна эрте аралашып, менин жоопкерчилигимди толугу менен өзүнө алган. Кийимдеримди иреттеген да, сабагыма көзөмөл кылган да, мен үчүн уруш жеген да эжем болчу.
Азыр деле келинчегим менен түшүнбөстүк болобу, ата-энем мененби, өзүмдө маселе болобу, биринчи эжеме айтып, кеңешем. Ал бирөөгө тартпайт, жагабы-жакпайбы, өзүнүн адилет оюн айтат. Ошондуктан ар дайым анын кеңешине муктажмын.
– Жашоодон өз ордумду таптым деп ойлойсуңбу же дагы деле изденүүдөсүңбү?
– Чынын айтсам, дагы деле өзүмдү таба элекмин. Азыр негизги кесибим чыгармачылык болгону менен, жумуш туруктуу эмес. Мындан ары Арушка кызыбыз чоңоёт, буюрса, үй-бүлөбүз дагы кеңейет, ата-энем да менин колумда болгондон кийин туруктуулук мен үчүн маанилүү. Андыктан кошумча туруктуу жумуш баштоо аракетинде жүрөм.
– Чыгармачыл адамдар дайым көңүл борборунда болгонду жактырат эмеспи. Бара-бара чыгармачылыгың солгундап, унутулуп калам деп кооптоносуңбу?
– Адашпасам, Бернард Шоу айтса керек, «эмгеги жок талант жарк эткен жылдыз сыяктуу. Бир жарк этип, кайра өчүп калат» деп. Мисалы, Александр Рыбак да бир укмуш дүң болбоду беле? Азыр аны эстеген киши жок. Андыктан эмгек кылыш керек.
Мен негизи көңүл борборунда болгонду көп деле сүйбөйм. Азыр жылдыздар Инстаграм баракчасын жакшы киреше алып келчү булак катары карап, активдүү колдонуп калышпадыбы. Мен ошол жактан, чынын айтсам, жокмун. Башкаларчылап селфи кылып, баскан-турганымды киргизгенди жактырбайм. Бирок аны жумуш катары кабылдап, жактырбаган нерселерди кылууга туура келет. Анткени ал жакта менин күйөрмандарым бар.
– Азыр балдардын колунан смартфон түшпөй калбадыбы. Аларды көрүп өзүңдүн балалык кезиңе салыштырасыңбы?
– Ооба, бала кезде бизди үйгө урушуп жатып киргизишчү. Азыр болсо, тескерисинче, балдарына "эшикке чыгып келчи" деп жалдырашат. Биз мурун бөтөлкө чогултуп өткөрүп, акчасына лимонад иччүбүз. Бирөөгө сын таккан болбоюн, менин тууган, тааныштарымдын балдарынын смартфон талашканын көп көрөм. Бир жагынан технология өнүгүп жатат дегенибиз менен, жаш муун деградация болууда. Азыр жаш балдар каалагандай маалыматты интернеттен таап алышты. Эч кандай чек жок. Ошонун айынан кыз менен жигиттин ортосунда мурункудай купуя сыр, романтика калган жок. Анткени баары кол алдында, жеткиликтүү болуп калды.– Жадакалса азыр түгөйлөр телефонго алаксып, бири-бирине көңүл бурбай калып жатат. Силерде андай эмеспи?
– Диана экөөбүз реалдуу жашоодо эле жашайбыз (күлүп). Биз эс алганга, өзүбүзгө көңүл бурганга убакыт табабыз. Экөөбүз тең достор менен баарлашып, чер жазып отурганды жактырабыз. Бирок кээде таарыныша кеткенибизде телефон жардамга келет. Диана ошондой учурда чалсаң албайт да, СМС аркылуу ичиндеги таарынычтарын айтып алат. Жазышып отуруп 1 саатка жетпей кайра эле жазылып кетебиз.
– Жашоодо өзүңө калп айткан учурлар болгонбу?
– Албетте, жашоодо өзүмө жакпаган, өзүмө калп айткан учурлар көп болот. Аргасыздан жакпаган адам менен мамиле курам. Жактырбаган киши менен сүйлөшөм, мени жамандаган адамды билип турсам да мамиле кылам, айла жок. Жашоо мыйзамы ушундай турбайбы...
– Маегиңе рахмат, Омар. Жашооңдо жалаң жакшылыктар гана болсун!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg