Самара Каримова: «АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ЫРЧЫЛАРЫНАН БИРИНЧИ БОЛУП ТАШКЕНТТЕ ЖЕКЕ КОНЦЕРТ БЕРЕМ»
Самара Каримова жакында азыркы кыргыз ырчыларынан биринчи болуп Ташкентте жеке концертин бергени жатат. Таланты менен коңшу өлкөлөргө таанылууну каалаган ырчы бул жаңылыгын алгачкылардан болуп биздин гезиттин окурмандары менен бөлүшкүсү келди.
– Самара, саламатсыңбы? Чыгармачылыгыңда жакшы жаңылыгың бар экен...
–Чындыгында чыгармачылыгымда жакшы жаңылыгым бар. Жаңылыгым менен эң биринчилерден болуп “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары менен бөлүшкүм келди. Анткени менин калың элге таанылышыма “Супер-Инфонун” салымы чоң. Жакында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жеке концертимди берем. Бул чыгармачылыгыма ташталган жаңы кадам десем жаңылышпайм. Талантым менен коңшу өлкөлөргө, Орто Азия мамлекеттерине жогорку деңгээлдеги концерт берип таанылсам экен деген максатым, кыялым акырындап орундалып баштады.
Жеке концертим 25-июнда Ташкент шаарындагы Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт. 26-июнда Өзбекстандын Манас айылындагы туугандарга концерт коюп барам. Булардын баары Өзбек Республикасынын Эл артисттери Азатбек Назарбеков жана Мырза Азизовдун демилгеси менен ишке ашып жатат. Буга чейин Ташкентте азыркы кыргыз ырчылары жеке концерт бере элек болчу. Бул биздин ырчылар үчүн, 2 мамлекеттин ынтымагы үчүн жакшы жөрөлгө десем болот.
Ташкентке концерт бергенден кийин Өзбекстанга таанылам деп ойлойм. Азыркы кыргыз ырчыларынан биринчи болуп Ташкентте жеке концерт коюп жатканым мен үчүн сыймык. Концертимде оркестр коштоп турат, мыкты бийчилер бийлешет, Өзбекстандын белгилүү ырчысы менен дуэт ырдайм, ал кайсы ырчы экени азырынча сыр болуп турсун. Мындан тышкары кыргыз-өзбек достугу боюнча ыр жаздыруу үчүн акындарга буюртма бердик.
– Жакында кытай тилинде ырдап чыктың. Ыр кандай кабыл алынып жатат?
–Репертуарымда түрк, орус, тажик, казак, азербайжан тилинде ырларым бар. Чыгармачылыгымды кеңейтүү үчүн кытай тилинде ырдап чыгууну туура көрдүм. Бирок тилим сынып калайын деди. Кээ бир сөздөрүнө тилим келбей жатты. Кытай тилинин котормочусунан тилди 2 ай үйрөнүп, ырдап чыктым. Бул ыр репертуарымда эле калат го деп ойлогом. Кудайга шүгүр, эл ырды жакшы кабыл алды, жакшы пикирлерди жазышты. Кытайлык Нуржамал деген эжекебиз бар. Ал Пекиндеги кытай досторуна жөнөтсө, алар “кытай кыз ырдадыбы?” дешиптир. Интернет булактарында “кыргыз кызы ырдап чыкты” деп тарап жатыптыр. Бул мен үчүн чоң сыймык.
– Ыр эмне жөнүндө?
–Достор тамашалап “менин арманымды, жашоомду ырдаптырсың” деп күлдүрүп жатышат. Чындыгында бул ыр сүйүү жөнүндө эмес, “жакшы күндөрдө Кыргызстанда жолугалы, мамилелеш бололу” деген мааниси бар ыр.
– Эми жеке жашоого кайрылсак. Сулуулукту сакташ үчүн пластикалык хирургияга кайрылышың мүмкүнбү?
–Медицина азыр укмуш өнүгүп жатат. Айымдар жүзүндөгү кемчиликти оңдош үчүн, сулуулугун арттырыш үчүн пластикалык хирургиянын жардамын колдонуп жатышканына каршылыгым жок. Бирок өзүм азырынча муктаж эмесмин.
Чыгармачылыкка жаңы аралашып баштаганда ар кандай сулуулук салондоруна барып боёно берчүмүн. Ал кезде кандай косметика менен боёп жатканына маани берчү эмесмин. Губка, кисточканын тазалыгына көңүл бөлбөй жүрүп бетимди аллергия кылып алдым. Бетимдин терисин бузуп алгандан кийин косметиканын пайдалуу жагынан зыяндуу жагы көп экен деген тыянакка келдим. Айымдарга салондон макияж жасаткыңар келсе өзүңөрдүн кисточка, губкаңарды ала баргыла деген кеңешимди бергим келет. Мүмкүн болсо боёнбой эле койгула. Мурда бетиме калың тоналдык крем сүйкөп беришсе, “макияж ушундай болот турбайбы” деп жүрө берчүмүн. Азыр сахнага чыгарда, тойго барарда, тартуу иштерине катышарда гана боёном. Күнүмдүк жашоодо боёнбой калдым.
– Мээрим төгүп чоңойткон балдар бактылуу болушат дешет. Балдарыңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
–Бизди апам кандай тарбияласа, мен да балдарымды ошондой тарбиялайм. Апам бизди аябай катуу кармады. Апам кайраттуу, катуу аял болсо, атам кумурсканын да көңүлүн оорутпаган жумшак киши. Балдарды өтө эркелетпейм. Кичинекей болгонуна карабай мектепке барып келгенден кийин үй жумуштарына жардам беришет. Мен гастролго кеткенде таята, таенесинин колунда калышат. Улуу муундун тарбиясы өтө маанилүү болот экен. Азыр балдарым колдорун көкүрөгүнө алышып “келиңиз, жакшы барыңыз” деп конокторду тосуп-узатышат. Балким, бул нерселерди мен үйрөтө алмак эмесмин.
– Бала тарбиялоо темасына кайрылып жатканымдын жөнү бар. Себеби акыркы учурда үй-бүлөдө кордук көргөн балдар көп болуп жатат. Бул көрүнүштү кантип токтото алабыз деп ойлойсуң?
–Үй-бүлөдө ур-тепкиге алынып, анын айынан каза болгон балдар көп болуп жатат. Мындай окуяга көбүнчө мигранттардын балдары кабылып жатканы да өкүндүрөт. Мамлекет мигранттардын балдары үчүн жатак мектеп-интернат уюштурса жакшы болмок. Айбандар деле балдарын коргошот. Адам болуп туруп ырайымсыздыкты көргөндө эне катары жүрөгүм ыйлайт.
Мен балдар тилди укпай жатышса какыс-кукус кылып, колго чаап, чымчып коюшум мүмкүн. Бул менин балдарды жазалоомдун жеткен чеги. Денесине, башына чаппайм.
– Уулуң Барсбек Данияр Эрматовдун күйөрманы экенин билебиз. Аны ырчылык чөйрөгө аралаштырайын деп жатасыңбы?
–Балдар ата-энеси кайсы чөйрөдө жүрсө, ошол жакка ыктап калабы деп калдым. Барсбек Данияр Эрматовду аябай жакшы көрөт. Аны “Данияр акам” дейт. Ал бала бакчага такыр барбай койду. Алдап да, урушуп да көрдүм, такыр болбой койду. Анан “Данияр орусча, англисче жакшы сүйлөйт, математиканы жакшы билет. Сабакка барбасаң, окубасаң, кутурганды эле билесиң, ал сени менен сүйлөшө албайт го” дедим. Ошондо гана ал таенесине барып “мага сумка, дептер, калем сап алып бергиле, сабакка барам, Данияр акам менен англисче сүйлөшүшүм керек экен” деп айтып мектептин даярдоо классына барып баштады. Данияр менен жолугуп калганда ал Барсбекке “эмкиде сени менен орусча сүйлөшөм, математиканы сурайм” десе, ошондон бери сабактан калбай жакшы окуп калды. Данияр аны шыктандырып койду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
PeRa
2019-05-27 17:03:10
Губка, кисточка эле эмес, озундун косметиканды дагы ала барыш керек го. Бироонун губкасы, кисточкасы тийген косметика деле ар кандай бактерияларды таратышы мумкун да.
+7
PeRa
2019-05-27 17:14:02
Аллергия иммундук система жакшы иштебей калганда болот деп журотко интенетте. Иммундук система болсо, бетинерди кечке ар кандай кошулмалар менен тазалай берсенер жакшы иштебей калат деп.
+3
Kamchybek-007
2019-05-27 18:42:39
Озодбек Назарбеков маданият министринин орун басары кичине чыгарабыз десе Озодбек үчүн эл келет Самараны Ташкентте эч ким тааныбайт өздөрүнүн кээ бир артистерин зорго таанышатко 5млн артисти бар Өзбекстандын
+7
salihalady
2019-05-28 10:56:07
Kamchybek-007,туура айтасыз
+1
mela
2019-05-28 21:45:42
Kamchybek-007,15 жыл мурун 5млн.болчу.Азыр 10млн болуш керек)))
+1
orxidey
2019-05-27 22:10:54
Азаматсын чыгармачылык ийгилик мактана турганы бар мактанат.
-6
rahali
2019-05-27 23:11:32
Негатив жазгандарга тан калдым.кимди жадатса кирип окубай эле койгула да,жардам Бер соопко кал дегендер,акыл уйрото бербей озунор акча таап соопко кала бергиледа ким кармап жатат силерди,эмне мынча ичинен тар эл журт.
-4
karona12
2019-05-28 07:11:07
Бир эки сан откоруп эле кайра эле ушу Самара чыга берет экен да((.тиги кытайча ырына жазылган 100коменттен экоо мактап койсо эл жакшы кабыл алды десе боло берет экен э)).
+5
katerina.li
2019-05-28 08:06:35
Кытайда биринчи болуп ырдаган мен экен деп койбоптур биротоло эле.
+3
ekaterinburg
2019-05-28 08:09:48
Эми барсан барып кел эми...Мактап коммент.жазсак да,жамандап жазсак да баары бир барасын.Андыктан жон гана ийгилик!Делай.
+2
Gul_gulum
2019-05-28 10:26:46
ХХХХХ ушу сен чыккан Супер инфонун санында рак оорусуна кабылган кыргыз 2баланын энеси рак оорусуна кабылыптыр ошого жардам берип кой болоору болбоско акча коротуп эн акыркы улгудогу эч кимде жок машина белек кылды деп мактанганды жактырбайм деп мактанасын орозонун кунундо сооп болот
+5
Tiken
2019-05-28 11:54:42
Ака созу диалектика, а байке деген соз жагалданып-жалпандаган формадагы соз. Ага деген соз туура варианты. Эми Самаранын жолдошу колдойт экен, ырдасын да, Шахзода деле бизге келип ырдап жатпайбы... Акчан болсо арыкта шорпо... Самаранын уну бар, сулуулугу да бар, болгону картан адамга тийгени копчулукко жакпайт сыяктуу...
-3
KaGaH
2019-05-28 13:20:57
Tiken, Асан акада да иштин баары )))
0
Arman7
2019-05-29 12:01:53
Кудай буйруса койосун
-1
Asyl10
2019-05-30 13:11:02
Эмнеге кыргыздын ичи тааруу баткыс тар болот дейм да. Эми ушул кызыбыздын талантын, сулуулугун,ийгилигин коро албай негатив жазып жатып эле калдык го. Тообоо,азамат, ийгилик болсун, Ташкентке эле эмес, андан да башка алыс -жакынкы чет олколорго барып Кыргызстаныбызды таанытып кел десек тилибиз тушуп же компьютерибиз бузулуп калат да ээ? Самара силерди тынч уктатпай жатабы же нанынарды тартып алдыбы? Кен дуйнону озубуз таарытып эле басып журобуз, ушинтсек онолобузбу?
-1
Ankel
2019-05-30 18:48:55
Жогорудагы комментарий калтыргандардан көралбастардын бир бүтүн армиясы куралыптыр. Ичибизге ит өлүп эле калыптыр, ушундай да жаман сөздөр болобу. Кыргыз эли качан бири бирибизге жакшылык каалаганда гана оңолот. Самара ийгилик каалайм сага, эсен аман концертиңди өткөрүп кел. Балдарыңдын, ата-энеңдин, жакындарыңдын бактысына дайым аман бол.
-1
AISANKA-89
2019-06-03 00:16:29
Самаранын берген маегин бир да окуган жокмун, анткени комментарийлерди окуу мен учун кызыктуу болду. Аман болгула кыргыз элим!!! Орозонун кунундо тамакка болгон напсини Гана тыйбастан, тилдин напсисин да тыюу керек. Окуп калсан Самара мындан ары гезит бетин улуу муундарга берчи, алардын жашоо-таржымалын, жаштарга кеп-кенешин окуп калалы коздору тируу убакта.
0
admin_portal
2019-07-11 12:59:20
Nur777, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Коомдук адепти сактаңыз. БАН!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.