ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн санда)

– Экинчи булардан заказ албай эле коюңузчу,- Роза ыйлап жиберди.

– Туристтердин негизги бөлүгү ошолор болуп жатса, көбүрөөк акчаны ошолор берип жатса, башка кимди тапмак элем силерге? Анан да жумушуңар ушул. Көп кыңкылдабагыла!- Гүкү да кыйкырды.

Шайыр булардын айтышкандарын угуп, бирок уктамыш болуп көзүн жумуп жатып алды. Башы зыңылдап ооруп жаткан.

– Эшектер, полицияга бере албаганыбызды кара! Каратып туруп эле бөтөлкө менен башка чаап салды, жинди. Өлүп калса эмне кылат элек?

– Дарыланганга деп үстүнө акча коштуруп алдым.

– Канча?

– Жүз доллар.

– Ошончо элеби?- Роза дагы катуулап ыйлаганга өттү.

ххх

Акча азайды. Кыздардын бири башы жарылып, бети шишип жатат. Экинчиси жалгыз жумушка чыкпай, Гүкүнүн айласы кете баштады.

– Кыздар, иштешиңер керек.

– Биз өлүп калсак деле сизге баары бир да, ээ? Шаку ушул кебетеси менен кантип иштемек эле?

– Шаку айыкканча сен иштеп тур.

– Жок, жалгыз эч кайда барбайм!

– Анда мен сени менен чогуу чыгам.

– Сизби?

– Ооба

– Сизди ким алат?- Роза күлүп жиберди.

– Гүкү эже, мен деле Шакунун аркасы менен эле өтүп жатам. Узун-кыска болуп экөөбүздүн чыкканыбызды да элестете албайм. Убара болбой эле коюшубуз керек го.

– Тур деп жатам. Акча калбай калды.

Түн киргенде Гүкү менен Роза иштейбиз деп кетишти. Шайыр шыпты тиктеп ойлуу жатат. Ушул учурда Бишкекти эстеди. Бишкекке келген алгачкы күндөрү көз алдына тартылды.

ххх

Ал кезде Шайыр узун калың кара чачтуу, буралган сулуу кыз болчу. Көздөрү элеңдеп, шаарга келдим деп толкунданып алган жаш кыз тыпылдап апасынын артынан ээрчип, жогорку окуу жайларды кыдырып жүрдү.

– Арабаев эле жакшы. Кыргыз тилчи болосуң. Айылга турмушка чыгып калсаң да, үйдө отурбай мектепке кирип алып иштей бересиң,- апасы ушинтип айткан.

– Жо-ок, апа, ал жакка эмес!

– Анан кайда?

– Мен мугалим болбойм.

– Апей, ботом! Ошентип сүйлөштүк эле го. Башка жактын контрагын төлөй албайбыз да.

– Сиз эле ошентип жатасыз. Атам “каалаган окууңду танда” дебеди беле?

– Атаң сенин көңүлүңө карап айтып койду да. Кичине алыбызга карап иш кылсаңар.

– Мен эл аралык мамилелер факультетинде окугум келет.

– Анан? Аны бүтүп кайда иштейсиң?

– Билбейм,- чын эле билчү эмес.

– Жөн эле элди ээрчип айта бересиңби? Мугалим эле бол. Эч жакта жумушсуз калбайсың.

ххх

Ата-энесинин айтканына көндү. Кыргыз тилинен мугалим болуш үчүн окумак болду. Анын үстүнө бюджетке да өтүп кетти. Шайырдан башкасынын баары кубанып, ата-энеси тууган-тааныштарына мактанып жатышты. Бирок Шайыр сүйүнө албай койду. Көңүлү жок отурган кезде атасы чалып куттуктап калды.

– Шакунтай, кызым, куттуктайм! Ушундай акылдуу кызым бар да менин.

– Рахмат,- бурк этти кыз. Атасына аябай эркелечү.

– Эмнеге көңүлүң жок?- атасы күлүп сурады.

– Эк, тиги апам кыргыз тилчиникине тапшыртып салды.

– Анын эмнесине капаланасың? Бекер окуйт экенсиң. Эмнеси жаман?

– Ата, мен престиждүү жакка окуйм деп айтпадым беле.

– Кызым, бул окуу эле да. Престижди жумушуңда өзүң жаратып аласың. Кыйын мугалим болсоң, окуучуларың ыраазы болуп турса, алардын ата-энелери ыраазы болуп турса, ошол деле престиж.

– Айлыгычы? 4 миң сом.

– Сен окууну бүткөнчө көбөйүп калаттыр.

– Айылда мугалим болуп иштеймби, эмне? Анан баягы Аяна эжекедей кылып ар ким ала качат айылдан. Кууратышты эле го байкушту.

– Ха-ха, кызым, сен окуй бер. Балким, 3-курстан кийин которулуп аласың. Жок дегенде 3 жыл бекер оку. Анан таптакыр болбосо, которуласың. Макулбу? Ага чейин мал-жан да көбөйүп калат. Калган жылдарга мен контракт төлөй тургандай акча топтой берейин. Ошентели, ээ, кызым?

– Мм.

ххх

– Бюджет болгон үчүн гана окуп калдым. Бирок 3-курста которулам, эл аралык мамилелер факультетине,- жаңы эле таанышкан группалаштарына Шайыр ушинтип айткан. Эмнегедир тандаган кесибинен уялып, башкаларга актана берди. Ал кезде бул кыз жашоо ал башкы ролду ойногон сонун тасма деп элестетчү. Көрсө, бул деле тагдырдын катуу ызгаарына туруштук бере албай, далай жыгылып, далай адашмак экен. Кыялдары бырчаланып сынганда ал адамдык сапаттарын да аттап кетерин кайдан билсин? Жаркын келечекке карай түптүз жол жаткандай туюлчу. Анын элестетүүсүндө бул жолдо түркүн гүлдөр жайнап, жалаң гана күн тийип турчу.

Сулууча келген узун бойлуу кыздын минтип бой көтөргөнүн байкаган группалаштары бири-бирин карап жылмайып гана коюшкан. Баары карапайым улан-кыздар эле. Балким, алардын ар бири бул жашоодогу башкы ролдогу каарман деп өздөрүн ойлошсо керек, ким билсин?..

Кандай болгон күндө да алардын баары бир университетте, бир аудиторияда окуп калышты. Группалаштар заматта ынак болуп кетишти. Кызыктуу, сонун күндөр өткөн. Шайыр шыпты тиктеп жатып ушунун баарын четинен эстей баштады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tiken
2019-05-28 11:57:47
Жозефинанын 2-болугу болсо жакшы болот эле... 2-болугу барбы Админ?
0
MEERIM3
2019-06-02 15:29:22
Башы өткөн санда... таппай жатам го
0
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан