ТРАЙБАЛИЗМ ЖЕ БИРИМДИК: ЭЛ БУЗАРЛАРДЫН ЖАЗАСЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Ашкере саясатташкан Кыргыз коомунда соңку күндөрү жердешчилик, уруучулук темасы кайра жандана баштаганы байкалууда. Элге зыяндан башка пайдасы жок бул жараатты козгоп, ырбатууга кимдер кызыкдар? Аларга кандай чара колдонуу керек? “Айрым күчтөр трайбализмди саясий курал катары пайдаланууну көздөп жатканы байкалууда. Эмне үчүн бул жаман адаттан арыла албай жатабыз? деген суроо менен кыргызга белгилүү айрым инсандарга суроо узаттык.

Улукбек Кочкоров, эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “ТРАЙБАЛИЗМ ТЕМАСЫН АТАЙЫН КОЗГОП ЖАТКАНДАР – МАҢКУРТТАР”

– Бүгүнкү күндө трайбализм маселесин атайын көтөрүп жаткан адамдар – маңкурттар. Себеби алар өлкөнүн кызыкчылыгын ойлобой, жеке кызыкчылыгын, жеке саясий амбицияларын көздөп, каржылык пайда табыш үчүн ушундай маселелерди козгоп жатышат. Булар өтө ылдыйкы деңгээлдеги адамдар. Бул илдет менен күрөшүүнүн бир жолу – мамлекеттик идеология. Биздин бир эле мамлекетибиз бар, ал – эгемендүү Кыргыз Республикасы. Ошондуктан өлкөнүн биримдигин, элдин ынтымагын биринчи орунга коюп, элди уруу-урууга, жек-жаатка бөлүп жарууга аракет кылгандарды эл жек көрүү менен карай турган коомду пайда кылышыбыз керек. Элди бөлүп жарууга аракет кылгандарга жазаны күчөтүп, ушул багытта мыйзамдардын иштешин камсыз кылуу зарыл болуп турат. Резонанс жараткан маселелерде трайбализмди күчөтүүгө жан тарткан тараптар ким болбосун мыйзам чегинде жооп бериши керек. Ушундай иштер гана башкаларга сабак болот.

Айбек Темирбаев, көк бөрү боюнча улуттук курамдын оюнчусу: “БӨЛҮНБӨЙ, БИРИМДИККЕ УМТУЛСАК ЖАКШЫ БОЛМОК”

– Жеке кызыкчылыкты баарынан жогору коюудан жана ынтымактын жоктугунан бул жаман адаттан арыла албай келе жатабыз. "Ар ким өзүнүн казанына күл тартат” дегендей... Бул жат көрүнүштөн арылуу үчүн ар бир адам, кандай кызматта болбосун, кандай кесипти аркалабасын эл алдында, өз намысы алдында таза абийир менен иштеши керек. Ошондо гана ынтымак болот деп ойлойм. Эң негизгиси аймак-аймак, облус-облус болуп бөлүнүүнү артка таштап, баарыбыз бир өлкөнүн жарандары катары биримдикке умтулсак жакшы болот эле.

Каныбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: “ЭЛДИ БӨЛҮП-ЖАРУУНУН АРТЫ МЕНЕН ЖАН БАККАН САЯСАТЧЫ СӨРӨЙЛӨР КӨБӨЙДҮ”

– Трайбализм маселеси мурда көмүскө түрдө болсо, 2010-жылдан кийин ачыкка чыгып, учурда күчөп турган кези. Чыныгы лидер эмес айрым саясатчылар өзүнө упай топтоону көздөп саясатта ар кандай "балит" амалдарды колдонушат. Анын бири – трайбализм маселеси. Ушунун арты менен жан баккан саясатчы болумуштар көбөйдү! Ар кандай жердештик коомдорду түзүп алышып, ортого акча салышып, ошол псевдокоомдордун атынан өз кишилерин бийликке түртүп жүргөндөрү канча. Мына, кыргыз элинин чыныгы душмандары ушулар! Менимче, бул арам илдет менен катуу күрөш жүргүзүү мезгили келди. Мисалы, ар кандай жердештик коомдорго тыюу салуу керек. Андай коомдор бүгүн бир ууч гана трайбалисттердин оюнчугу болуп келе жатышат.

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер: “ТРАЙБАЛИСТТЕРДИ ЖАЗАЛОО ҮЧҮН КЫЛМЫШ КОДЕКСИНЕ АТАЙЫН БЕРЕНЕ КИРГИЗҮҮ ЗАРЫЛ”

– Регионализм, трайбализм картасын пайдалангысы келип, ошону менен саясий упай топтогонду каалагандар арабызда аз эмес. Буларга каршы жалаң эле үгүт-насаат иштери жыйынтык бербейт. Ошондуктан Кылмыш кодексине "Кыргыз элинин биримдигине шек келтирүү" деген атайын беренени киргизип, биримдикти бузууга аракет кылгандарды соттош керек. Ошондо түндүк-түштүк, трайбализм, регионализм деген көйгөйлөргө укуктук баа бериле баштайт эле. Мындай берене Конституцияга да абдан дал келип, кээ бир дөөпөрөстөрдү жазалаганга шарт түзүп бермек.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан