ШАМИЛЬ АТАХАНОВ БАТУКАЕВДИ МЫЙЗАМСЫЗ БОШОТУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

Кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуп, өлкөдөн чыгарып жиберүү окуясына шектелип мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кармалды. ИИМдин маалыматына таянсак, Атаханов Тергөө кызматына сурак берип, Бишкек ШИИББинин тергөө абагына киргизилди.

2013-жылы 9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди “айыккыс дартка чалдыкты” деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Бул окуя коомдо катуу нааразычылык жаратканы менен, аягы Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан бошотуу менен гана тынчып калган. Ошол күндөн бүгүнкүгө чейин эл арасында “бийликтен буйрук болбосо Батукаев түрмөдөн чыга алмак эмес” деген пикир айтылып келет. Кримтөбөл мөөнөтүнөн эрте бошотулганда кимдер жооптуу кызматта эле? Ал кезде Алмазбек Атамбаев президент, Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр, Бейшенбай
Жунусов
УКМКнын төрагасы, Аида Салянова башкы прокурор, Феруза Жамашева Жогорку Соттун төрайымы, Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин башчысы болчу. Ошол маалдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да Батукаев туура эле бошотулду деген адамдардын катарында болчу. Бүгүн Акун күнөөнү башкалардан гана көрүүдө.

Батукаевди бошотуу окуясында ал кездеги ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиев өзгөчө сындалып келе жатат. Батукаев Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевди, анын жардамчысын, ЖАМКнын мурдагы төрагасы Икматулла Полотовду өлтүрүүнү уюштурган деп соттолсо, Рысалиев ЖАМКны жетектеп турганда Батукаевди бошотуп сый менен узатып жиберүү процессине активдүү катышты деп сынга алынган. Бүгүн
Рысалиев да Батукаевдин окуясында күнөөсүз экенин айтып бүтпөй жаткандардын бири. Жакында Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча бир нече дарыгер, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева кармалып, тергөө абагына киргизилди. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Батукаев окуясынын өнүгүшү сыйыртмак экс-президент Атамбаевди көздөй ыргытылышы мүмкүн деген жоромолдорду күн санап күчөтүүдө.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан