21-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдарды тууралоо тапшырмасын берди. Бул үчүн өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлмөкчү. Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында эреже бузган айдоочуларга карата 108 миң 137 токтом түзүлсө, айдоочулардын 44,5 пайызы гана айып пулду төлөгөн. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кодекстерге ылайык, эреже бузган айдоочуларга айып пулдун эң азы 1000 сом. Айып пулдардын суммасы Кыргыз өлкөсүндөгү жашоо-шартка ылайык келбеси, аны азайтуу керектиги бир нече айдан бери кызуу талкууланып келе жатат. 23-майда Бишкекте айып пулдардын суммасынын көптүгүнө каршы айдоочулар митинг өткөргөнү жатышат. Айып пулдарды кайра азайтуу менен жол коопсуздугун камсыз кыла албайбыз деген пикирдегилер да арбын.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg