“КТ Мобайл” компаниясынын тегерегиндеги чууга тийиштүү жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. “Мегакомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов “мени коркутуп-үркүттү” деп премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, “Ачык өкмөт” коомдук уюмунун катчылыгын жетектеген Иманкадыр Рысалиевди айыптап чыгып, көп өтпөй Рысалиев кызматтан кетти. Бирок ал Жамангуловдун айткандарын жалган-жалаа деп, бул боюнча прокуратурага кайрылганын айтты. Ал эми кызматтан кетүү себебин “акыркы резонанстуу жалган маалыматтар себеп болду” деп түшүндүрдү. Бул арада өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамил Асымбеков менен өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин башчысы Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүүгө арыз жазып, президент алардын арызын канааттандырды. Азыркы тапта “КТ Мобайлдын” тегерегиндеги чырды Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы иликтеп жатат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg