ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-МАЙДАН 2-ИЮНГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын башында үй-бүлөдө мамиле жакшы өнүгөт. Туугандар конокко келүүсү мүмкүн. Апта ортосунда сизди бирөөлөр бир иштер боюнча күнөөлөйт. Ак экениңизди далилдеп берүүгө туура келет. Кызматкерлер жамааттагы кастарынан абайлап, жетекчилик менен чырдашып калууга жетпөөлөрү керек. Алыстагы достор менен байланышасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жаңы нерселерди билип, үйрөнүүгө, акыл-эс кампасын кеңейтүүгө далалат күчөйт. Кыймылсыз мүлк алуу маселеси кабыргасынан коюлат. Айрымдар каражаты жетпесе банктан насыя акча алууну пландайт. Эски тааныштар менен кокусунан болгон жолугушуудан көп жаңылыктарды угасыз. Апта акырында үйүңүздү уурулардан коргоо үчүн ээн калтырбаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чыгармачылык менен алектенгендерди ийгилик коштойт. Иши чыгармачылыкка байланышпагандарга имиджди өзгөртүү, жашаган турак үйүн кеңейтүү маселеси менен алектенүү сунушталат. Маселелерди чечүүдө өзүңүзгө ишенсеңиз деле башкалардын жардамын четке какпаңыз. Апта аягында активдүү болуп чыга келип, буга чейин бүтпөгөн иштерди бүткөрүп, туугандар менен да жүз көрүшүүгө жетишесиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада жакшы жаңылык угасыз. Бул жаңылык жакындарыңызды бир дасторконго бириктирет. Бирге иштегендердин майда сынына маани бербей эле коюңуз. Андан көрө жакшылап иштеп, акчаны көбөйтүүгө аракет кыла бергениңиз оң. Жакшылап эс алууга жекшембиде гана убакыт табылат. Мүмкүн, достордун үйүнө баш багасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Соода, бизнес менен алектенгендердин жашоосунда жаңы адам пайда болуп, идеяларды өстүрүп, көбүрөөк пайда табууга көмөктөшө баштайт. Аптада ички туюм өсөт. Айрымдарда жүрөк-кан тамыр оорулары козголот, дарыларды жанында алып жүрүү сунушталат. Жол жүрүүдө жиниңизге тийген адамдар чыгат, токтоо болуп, эмоцияга алдырбаңыз. Үйүңүзгө буюм алууңуз ыктымал.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жашооңузда кызыктуу жолугушуу болуп өтөт. Бойдоктор тааныштарынын ичинен болочоктогу жан шеригин табуулары мүмкүн. Чыр-чатактын алдын алып карыздарыңыз болсо убагында берип кутулууңуз керек. Үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү максат кылгандар керектүү адистерди издеп, сүйлөшүшөт. Достор табигат койнунда эс алып келүүнү сунушташат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Маселелерди чечүүдө үйдөгүлөрдүн айткан кеңештерин эске албасаңыз бөөдө кыйналасыз, убакыттан да уттурасыз. Күтүлбөгөн кырдаал сизди тең салмактуулуктан чыгарып, бирөөлөр менен айтышып калууңуз ыктымал. Чогуу иш баштоону сунуштагандар чыгат, алдын ала ал иш канчалык пайда алып келерин божомолдоп көрүп, анан чечим чыгарыңыз. Белегин көтөрүнүп конок келүүсү мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Үй-бүлөдө түшүнбөстүктөрдүн аягы чакан драмага айланат. Канчалык жиниңиз келсе да үйдөгүлөрдү сыйлап тилиңизди тыйып калууңуз кажет. Базар кыдырып, үйгө, үйдөгүлөргө керектүүлөрдү аласыз. Балдарга алар талап кылган суммадагы акчаны берүүгө аргасыз болосуз. Окуган китебиңиз же көргөн киноңуз жан дүйнөңүзгө таасир этип, жакшы жакка өзгөрүүнү максат кыласыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жашоонун айлампасы сизди кайсы жакка алпарып, кандай кылып өзгөртүп жатканын баамдоого кез келди. Өткөн-кеткендерди анализдеп, жыйынтык чыгарып, жаңы пландарды түзүңүз. Убактылуу роман куруу сизге пайда алып келбестигин эске алып, андан баш тартыңыз. Айрымдар лотерея билетинен утушка ээ болот. Апта акырында бүтүргөн иштериңиз үчүн өзүңүзгө ыраазы болосуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада туманда калгандай болосуз. Сиз катышкан окуянын чыгышына ким күнөөлүү экени такталбаган бойдон калат. Ийгилик болсо сиз күтпөгөн жактан келет. Узак сапарга чыгууну кийинкиге жылдырганыңыз оң. Анткени сапар ийгиликтүү болбойт. Өрттүн алдын алып электр шаймандарын колдонуудан мурда алардын оң экенин текшерип алуу сунушталат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Активдүү жана чечкиндүү болуп чыга келип, үйдөгү жана жумуштагы иштерди да бүткөрүүгө жетишесиз. Айрымдар үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин санаторийге же ооруканага жаткызып дарылатууга аргасыз болушат. Сизге акчалай колдоо көрсөткөндөр табылат. Кечеге же тойго чакырык аласыз. Бирөөлөрдүн тилине кирип керексиз буюм сатып алуудан карманыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Бойдоктордон сүйүү жана романтика күткөндөр табылат. Көз кырыңызды салган адам болсо жакындап, сунуш киргизсеңиз болот. Бир иштер боюна чакырбаган жерге барып калып, ыңгайсыз абалда калууңуз мүмкүн. Кирешени көбөйтүүгө кам көрүп, жаңы булактарды издештириңиз. Ооруп жаткан тууганыңыздын абалын суроо үчүн барасыз. Балдар жакшы жаңылыгы менен кубантат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан