Эстрада ырчысы Айнура Салахидинова "таза абасы бар, шаардан четирээк жерде үйүбүз болсо деп тилек кылчумун. Талыкпаган эмгектин артынан максатыбызды ишке ашырып отурабыз" дейт. Бул ирет биз Айнуранын жаңы курулган 10 кабаттуу үйдүн 5-кабатында жайгашкан ак өргөөсүнө сапар алдык.
– Айнура, азыр көпчүлүк дизайнер менен иштешип калды. Үйүңөрдүн жасалгасына дизайнердин кызматын колдондуңарбы?
– Жок, үйдүн дизайнын өзүбүз жасадык. Жолдошум экөөбүз табитибизге жараша эмерек, туш кагаздарды тандаганбыз. Ал эми аларды бөлмөлөргө ылайыктуу кылып бөлүштүрүү менин моюнумда болду. Жолдошум “Мен сырттагы оокатты кылам. Сен үйдүн кожойкесисиң. Бөлмөлөрдү өзүңө жаккандай кылып жасата бер” деген. Ошентсе да албетте, кеңешип жаттым. Байкасаңар, үйдө күзгү көп. Мен үйдө күзгү көбүрөөк болгонун жактыргандыктан, кыялымды ишке ашырдым.
– Буга чейин канча үй котордуңар эле?
– Баш кошконубузда алгач Чыгыш-5 кичи районунда жашадык. Ал бетондон курулган үй болгондуктан, кышында суук болчу. Кошуналардын баскан-турганы, жарыгын күйгүзүп-өчүргөнүнө чейин угулуп турчу. Андан кийин 2 бөлмөлүү батирде жашадык. Бул үчүнчү үйүбүз. Азыр балдарыбыз кичинекей болгондуктан, бардык шарты бар ушул үй жагып жатат. Кийин дагы көбөйүп, балдарыбыз чоңоюп калганда, балким, кенен жер тамга көчүп кетербиз.
– Жылдыздардын үйүндө сыйлыктары, дипломдору жайгашкан атайын текче болчу эле. Силердикинен андайды көргөн жокпуз?
– Туура айтасыз, кесиптештеримдин дипломдорун тизип койгондорун көп көрөм. Бойдок кезде мен да дипломдорумду тизип койчумун. Азыр негедир кызыкпай калдым. Мен ашыкча нерселерди жактырбагандыктан, баарын өзүнчө бөлүп алып койгом.
– Маегиңе рахмат. Үйүңөр ак жолтой болсун!
КИРЕ БЕРИШ
– Биз үйдүн жарык болушун жактыргандыктан, ак түскө басым жасадык. Кире бериште ашыкча эч нерсе жок. Бут кийим, сырткы кийимдерди жайгаштырганга атайын шкаф-купе жасатып, анын бетине күзгү орнотуп койгонбуз.
ЭС АЛУУЧУ БӨЛМӨ
– Эс алуучу бөлмөгө атайын балкону бар бөлмөнү тандадык. Керме шыпты асманды элестеткен көгүлтүр түстө жасатып, дубалга көздү эс алдырган жаратылыш cүрөтү тартылган туш кагаз чаптаттык. Коноктор каалашынча сүйлөшүп, зериккенде сыналгы көрүшсө болот.
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Балдарыбыз кичинекей болгондуктан, аларды бөлгүбүз келген жок. Ошондуктан эки уулубуз менен кызыбызды жаныбызга кошуп алдык. Дубал кагаз, керме шыптын түсү, эмеректердин баары агыш түстө. Шамчырак кооз болсун деп гүл формасында тандадык.
КОНОК ҮЙҮ
– Эмеректердин кооздугуна гана эмес, сапатына да маани бердик. Стол, отургучтар кара жыгачтан жасалган, баасы да “жакшы эле” (күлүп).
АШКАНА
– Убактымдын көп бөлүгү ушул бөлмөдө өтөт. Кызымды отургучуна отургузуп коюп жумуштарымды жасайм. Кызым отургучунда курсагын тойгузат, сыналгы көрөт, кээде уктап да калат. Ашкана эмеректеринин баарын өзүм тандагам.
ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ
– Бул бөлмөлөрдү тамашалап “ак үй” деп коёбуз. Жолдошум “кезек күтүп калбайлы” деп эки бөлмөгө “ак үй” жайгаштырды.
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg