ЖАНЫБЕК АЛЫКУЛОВДУН УУЛУ ФУТБОЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМГА ЧАКЫРЫЛДЫ

Маркум куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун Алмаз, Манас аттуу уулдары атасынын жолун жолдоп, чыгармачыл чөйрөдө жүргөнүн билсеңиздер керек. Ал эми көкүрөк күчүгү Гүлжигит Алыкулов спорт жаатын тандап, ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп келет. Жакында ал футбол боюнча улуттук курамга чакыруу алганы белгилүү болду.

Гүлжигиттин агасы Манас Алыкуловго кайрылганыбызда ал иниси бала кезден футболго кызыгып, профессионалдуу түрдө ойноп келгенин айтты. “Иним азыр 19 жашта. Учурда Беларустун футбол клубдарынын биринде ойноп келет. Улуттук курамга чакыруу алды, 3-июнда Бишкекке келет. 10-июнга чейин машыгуу сборун өтүп, Палестина курамасына каршы ойношот”,- дейт.

Белгилүү куудул агабыздын уулдары эл керегине жараган мыкты инсандар болгону кубантат.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан