Ырчы Айдана Дека жакында Казакстанга аттанууда. Ал Азия жылдыздарын чогулткан масштабдуу концертке Кыргыз өлкөсүнүн атынан бармакчы.
– “Азия жылдызы” (“Star of Asia”) музыкалык фестивалына Корея, Грузия, Түркия, Орусия, дагы бир катар өлкөлөрдүн жылдыздары катышып, ар кайсы багытта ырдашат. Былтыр концертке Кыргыз өлкөсүнөн Жийдеш, мурунку жылы Омар барган. Быйыл фестивалга катышуу бактысы мага буюрду. Фестиваль 15-16-июнь күндөрү өткөрүлүп, коноктор Кызыл килемден өтүшөт,- дейт Айдана.