ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-ИЮНДАН 9-ИЮНГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада тилиңизди тишиңизге катыңыз, кимдир бирөөлөр менен араздашуудан сак болуңуз. Элдешүү кыйынга турат. Кек сактагандар болот. Жетекчиңиздин сунушунан баш тартпай, командировкага барыңыз. Сизди жаңы таанышуулар, кызыктуу окуялар күтөт. Аптада электр буюмдары, курч нерселер менен иштөөдө абайлаңыз, мертинип калуу коркунучу бар.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Алдыдагы апта сиз үчүн оңойго турбайт. Ар тараптан көйгөйлөр чыгат. Белди бекем бууп, баарын жеңүүгө аракет кылыңыз. Жылдыздар "берип жаман көрүнгөнчө бербей жаман көрүн" деген принципке туруп, бирөөлөргө карыз бербөөнү эскертишет. Аны кайтарып алуу кыйынга турат. Дем алыш күндөрү досторду конокко чакыруу сизге руханий жактан пайда алып келмекчи.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Маанилүү жумуштарды аптанын аягына жылдырып, эс алганыңыз оң. Болбосо ден соолугуңуздан жапа чегип калуу коркунучу жаралууда. Үй-бүлөдө балдар менен бир аз түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Аларды кагып-силкпей, акылмандык менен абалдан чыгып кетүү аракетин көрүңүз. Дем алыш күндөрү чакыруу менен туугандардыкына конокко барасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бул аптада орун алган жаңы таанышуулар сизге жакын аралыкта ийгилик алып келмекчи. Сылык болуп, мамилени бекемдөөгө аракеттениңиз. Апта соңунда сизге жумуш боюнча кызыктуу сунуш түшүшү күтүлүүдө. Жакындарыңыз менен кеңешпей туруп чечим кабыл алуудан абайлаңыз. Дем алышта үй иштери менен алпурушасыз. Ошентсе да достор менен жолугушууга убакыт табасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жетекчилик, кесиптештер арасында баркыңыз көтөрүлөт. Жеке ишкерлик жүргүзгөндөргө ийгилик жылмаят. Кол алдыңызда иштегендерге текеберлигиңизди көрсөтпөңүз, жашоо бумеранг экенин эске түйүңүз. Тамактанууда сак болуңуз, ууланып калуу коркунучу бар. Дем алыш күндөрү маданий жайларга баш багасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

“Аракетке – берекет!” Бул сиздин аптадагы урааныңыз болушу шарт. Көптөн бери самап келген максаттарыңыздын бири орундалып сүйүнөсүз. Өнөктөштөр менен болгон мамиле жакшырат. Аптанын экинчи жарымында күтүлбөгөн коноктор келип, сыйыңызды көрсөтөсүз. Апта аягында сулуулук салонуна баш багып, имиджиңизди өзгөртүүгө киришесиз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада өнөктөштөр менен иштешүү жакшырат. Кызматтык сүйүү романы орун алышы мүмкүн. Мамилени ачыктоого шашылбаңыз. Апта ортосунда коомдук иш-чарага катышууга чакыруу аласыз. Дем алыш күндөрү баарын жасап бүтүрөм деп жаныңызды карч урбаңыз. Эң негизгиси, санда эмес, сапатта экенин эске алыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада эски карыздардан кутулуп, үй тиричилигине керектүү бир-эки буюм сатып алууга жетишесиз. Акчаны сарамжал колдонуңуз же кайсы бир бөлүгүн кийинки айлыкка чейин катып коюңуз. Акча тартыштыгы жаралышы күтүлөт. Жакындарыңыз менен араздашуудан абайлаңыз, көңүлүнө карап иш алып барыңыз. Уруштун чыгышы жана өнүгүшү сизден көз каранды, сабырдуу болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада планеталар сизге ар тараптан “жашыл жарык” тартуулашат. Буга чейин артка жылдырып келген иштериңизди аткарууга далалат кылсаңыз, жыйынтыгы сизди кубандырат. Бирөөгө катуу сөз айтуудан, тамашалоодон абайлаңыз. Таарынычын жаза албай убара тартасыз. Апта соңунда туугандар конокко чакырышат, “бара албайм” деген шылтоо кабыл алынбайт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Ийгиликтин ачкычы өз колуңузда, тагыраагы, өзүңүзгө болгон ишенимде. Максатты туура коюп, чечкиндүү болсоңуз, аптаңыз жемиштүү болуп, киреше кирет. Жумуш деп жүрүп үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл бурууну унутпаңыз, таарынычтар орун алышы мүмкүн. Шартыңыз болсо дем алыш күндөрүн алар менен чогуу өткөрүүгө аракет кылыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Сырга бекем болуңуз. Ички дүйнөңүздүн абалын, пландарыңызды көрүнгөн кишиге айта бербеңиз. Жакындарыңызга, досторуңузга комплимент айтып, аларга көңүл бурууну унутпаңыз. Дем алыш күндөрүн толук эс алууга жумшап, күч, энергия топтоңуз. Алыстан келген жакыныңыз жакшы кабары менен сизди кубантат.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Ички энергияңыз ашып-ташыйт. Убакыттан пайдаланып бир топ жумуштарды бүтүрүп, эмгек өргүүсүнө чыгууга кам көрөсүз. 9-июнда сак болуңуз, алдамчылардын торуна түшүп калуу коркунучу бар. Ички туюмуңузга ишеним артыңыз. Жекшембиде жакыныңыздын сюрпризине күбө болуп, кубанасыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 3-9-июнга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан