«АР БИР ҮЙДӨ БӨБӨК КҮЛКҮСҮ ЖАҢЫРСЫН!» Белгилүүлөр бөбөктөрдү куттуктайт

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күн биздин өлкөдө да жыл сайын белгиленип, бөбөктөргө майрам тартуулаганга аракет кылабыз. Ар бир күнү бөбөктөргө ушундай көңүл бөлүнсө, ушундай коргоого алсак, ушундай майрам тартууласак кана?! Тилекке каршы, акыркы жылдары кароосуз калган, зордук-зомбулукка кабылган балдар көбөйүп, каза тапкан учурлар да болууда. Канткенде бул көрүнүш жоюлат? Канткенде мындай жүрөк ооруткан иштердин алдын алабыз?
Бул ирет белгилүү адамдар «Супер-Инфо» гезити аркылуу бөбөктөрдү 1-июнь майрамы менен куттуктап, өз балдарына каалоо-тилектерин айтып, балдар көйгөйлөрүн кантип чечсе болору тууралуу пикирлерин айтышты.

Назира Айтбекова, телеалпаруучу:
«ДҮЙНӨҢДӨ ЖАЗ БОЛУП ТУРСА, МЕНДЕН ӨТКӨН БАКТЫЛУУ АДАМ ЖОК»
– Уулум, өзгөчөм, Кудайымдын белеги, жан дүйнөмдүн жарыгы, пендечиликке алдырарда периштеликке сүйрөгөн ырыскым, "апа" кылып мени тандаганың үчүн, мага болуп көрбөгөндөй улуу даражадагы сыйлык бергениң үчүн рахмат! Балапаным, балдай таттуум, сенин турмушуң, тагдырың балалыгыңдан башталарын мыкты билем. Ошон үчүн бардык күчүмдү балалыгың таттуу күндөр менен толукталышын, ирмемдер кызыктуу болушун жөндөп, аракетимди сага жумшайм. Көзүңдүн карегинен, кирпигиңден жан дүйнөңдөгү бардык кубулушту окуйм. Дүйнөңдө жаз болуп турса, менден өткөн бактылуу адам жок. Бороон-чапкын болуп турса, жүрөгүмдү өйүйт. Ууртуңдагы күлкүң бар го, ошол күлкү чыкканда ал жылмаюу мага да бүтөт. Дүйнөм бакытка толот.
Балдардын укугу бийик. Алар биз аркылуу гана келди. Биз сындуу толук кандуу ою, сезими, мүдөөсү, үмүтү, сүйүүсү бар адам. Аларды кичинекей, эч нерсе билбейт, анын ордуна өзүм чечем деп кемсинтип, бир нерсеге мажбур кылганыбыз туура эмес. Алардын сезими менен эсептешкенди билүүбүз кажет.
Кароосуз, кордук көргөн балдарды баарыбыз жапа тырмак кайдыгер карабай коргошубуз керек. Балдарды тарбиялоодон мурун ата-энелер алгач өзүбүздү тарбиялайлы. Руханий жактан чоңоёлу. Анткени физикалык жактан чоңоюу жетишсиз. Эң башкысы, балдарга сүйүү арнайлы.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:
«БАЛДАРДЫ КОРГОО 1 КҮН МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕШИ КЕРЕК!»
– Сүйүктүү элим,
Сиздерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, өлкөбүздөгү балдарыбызга бактылуу балалык каалайм! Кыргызстандагы ар бир балага жарандардын ар бирөөсү жооптуу экенин эскертип, алардын балалыгын жана укуктарын коргоого чакырам.
Бул күнү жардамга муктаж болгон балдарга жардам көрсөтүү, концерт уюштуруу жана балмуздак таратуу кээ бир адамдар үчүн адат болуп калды. Бирок көрсөткөн жардамыбыз бир жолку гана көрүнүш болуп калбастан, системдүү түрдө балдарыбыздын укуктарын жана балалыгын коргоого үндөп, алардын келечегине салым кошо тургандай жардам көрсөтүүгө чакырам.

Рустам Тыналиев, улакчы:
«БИЗДИН БҮГҮНКҮ АРАКЕТИБИЗ – БАЛДАРДЫН ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИ»
– Биринчиден, балдарды майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Тилекке каршы, азыркы учурда кароосуз калган балдардын саны көбөйүүдө. Балдар – биздин келечегибиз. Демек, ар бир ата-эне балдарды жарык дүйнөгө алып келгенден кийин аларды багып, өстүрүү биздин милдет. Ар бир бала ата-эненин мээриминде чоңоюп өскөнү жакшы. Ошол себептен мен дагы балдарыма бактылуу балалык тартуулагым келет жана Кудайдан тилээрим, балдарымдын келечеги кең, ден соолуктары бекем, өмүрлөрү узун болсун! Тарбияны балдарыма көбүнчө үйдөн апасы, чоң апасы жана чоң атасы берет.
«Бала – ата-эне менен бала» дегендей, ар бир үй-бүлөдө баланын күлкүсү жаңырып турсун!
Келиңиздер, урматтуу кыргыз элим, эч качан баланы таштабайлы! Себеби ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт. Биз болгон мээримибизди төгүүдөн аянбайлы, биздин бүгүнкү аракетибиз – балдардын эртеңки келечеги!

Аида Кулуева, ырчы:
«ЭЧ БИР АТА-ЭНЕ БАЛАДАН АЙРЫЛБАСЫН»
– Аялзаты балалуу болуу менен эне деген ыйык да, жоопкерчиликтүү да статуска ээ болот. Мындай бакытты бала гана тартуулайт экен. Андай бакытты кечирээк татсам да, теңдешкис бул белеги үчүн Кудайга ыраазымын.
Кызым Айлин жан дүйнөмдүн азыгы, жарыгы, менин берметим, чексиз ырыскым, менин бакытым, таалайым, менин балдай таттуу шириним, байлыгым, ханбийкем. Төбөң көккө жетип, жүрөгүң ыйманга толуп, ата-энем, кыргызым деген алдыңкы кыздардан болушуңду каалайм. Дарыядай тунук, узун өмүр каалайм. Сен үчүн бардык нерсеге атаң экөөбүз даярбыз.
Албетте, ар бир ата-эне үчүн баланын бакыты, ден соолугу биринчи орунда турат. Ал үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Сени кумурскага да чактыргыбыз келбейт.
Сөз соңунда кыргыз элиме кайрылгым келет. Бардык үйдө баланын күлкүсү жаңырып турсун. Балдарыбыз – биздин байлыгыбыз, алар биздин эртеңибиз. Андыктан эч качан кароосуз калтырбайлы, кайдыгер карабай, жакшы тарбия берели. Балдар – биздин келечегибиз, канатыбыз, тукумубуз. Балдарыбыздын жүрөгү ыйманга толуп турсун. Оору-сыркоодон алыс болушсун. Жакшылыкта мээрим көрүп чоңоюшсун. Келечектери кең болсун. Эч бир ата-эне баладан айрылбасын.

Айпери Кубик кызы, ырчы:
«БАЛДАРГА ӨЗҮБҮЗ, АТА-ЭНЕЛЕР ГАНА ҮЛГҮ БОЛОБУЗ»
– Менин жашоомдун маңызы – уулдарым. Алланын берген байлыгы Даян, Райан – менин келечектеги коргоочуларым. Ар бир эне балдарынын бактылуу болуусун каалайт. Мен да балдарымды эч нерседен кем кылбай, өксүтпөй, аларга бактылуу балалык тартуулаганга аракет кылам. Буюрса, балдарым ыймандуу, акылдуу, тартиптүү, айткан сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, чыныгы мырзалар болушуна болгон күчүмдү жумшайм. Балдарыңдын ден соолугу жакшы, күлүп, ойноп, сага эркелеп эле турса, бул чоң бакыт. Бир аз эле көзүнө жаш айланып, капа болуп же ооруп калса, анда эненин жүрөгү эзилет, балаң ыйласа кошулуп ыйлайсың. Андыктан балдарыбыз аман болсун!
Тарбия бере турган адам өзү тарбиялуу болуусу керек. Балдарга өзүбүз, ата-энелер гана үлгү болобуз. Ошол үчүн биринчи өзүбүз жакшы сапаттарга ээ болушубуз зарыл. Балага татыктуу тарбия берүү – ата-эненин милдети. Бирок көпчүлүк учурда тарбиянын кайсынысы туура экенин өзүбүз билбей, аша чаап алган учурлар кийинки күндөрү көп кездешчү болду. Өкүндүргөнү, көп ымыркайлар, жаш балдар зордук-зомбулук көрүп, ата-энесинин мээримине зар, ата-энесинен алыста жүргөндөр куса болуп, ар кандай кырсыктарга учурап жаткандар да аз эмес. Тилегеним, ар бир наристе өз ата-энесинин жанында бактылуу балалыкта жашап, ар бир үйдө жаш баланын күлкүсү угулуп турсун.

Кайрат Примбердиев, ырчы:
«БАЛДАРЫҢАРДЫ БӨПӨЛӨГҮЛӨ, БАККЫЛА, СҮЙГҮЛӨ!»
– 1-июнь – Балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Балдарыбыз ыйлабасын. Биздин келечегибиз ушулар. Бүгүнкү күндө мекенибизде кароосуз калган балдардын көйгөйү курч болуп турат. Көптөгөн жаштарыбыз балдарын таштап чет өлкөгө жумуш издеп кетүүдө. Же ажырашып, ортодо балдар кыйналууда. Баары келип билимсиздик, жумушсуздук сыяктуу маселелерге такалат. Айлык аз, жумуш ордун түзө турган завод, фабрика жок. Бул баарыбыздын көйгөйүбүз. Ден соолукту коргоо да бизде аксайт. Жапжакшынакай үй-бүлөлөрдүн балдары начар дарылоодон улам ооруп же чарчап калып жаткандарына күбө болуп жүрөбүз.
Жаңы үйлөнгөн жаштарга айтарым, балдарыңарды бөпөлөгүлө, баккыла, сүйгүлө. Ошолорго убакыт, нерв, акча, баарын аянбай салгыла! Алардын аң-сезиминде мекенге, ата-энеге болгон сүйүү күчөсүн. Ыйманын тазарткыла! Мына ошондо бизден кийинки келген муун Кыргызстан деген бейиштей жерди чындап гүлдөтүшөт.
Менин 3 уулум бар. Балдарыма чын жүрөгүмдөн дүйнөнүн бардык жакшылыктарын каалайм! Бирок ошол эле учурда баарын «ме» деп бере берүү туура эмес деп ойлойм. Себеби балдарым нан кантип келерин, өзү иштеп табууну дагы билиш керек. Жаштайынан чыйрак, мээнеткеч болуусун каалайм. Балдарымды Кудай коргосун деп күнүгө жалынам. Балдар аман болсун!

Камчы Сарыбаев, актёр:
«БАЛДАРЫМ АКЫЛДУУ, БИЛИМДҮҮ, БОЛСУН ДЕП ТИЛЕЙМ»
– Чүрпөлөрүбүздү 1-июнь майрамы менен куттуктайм. 1 күн менен гана чектелип калбай, келечегибиз болгон балдарыбыздын ар бир күнүн майрамга, бактылуу көз ирмемдерге толтурушубуз керек.
Өзүмдүн 2 уул, 1 кызым бар. Улуусу Барсбек, ортончусу Жанболот, көкүрөк күчүгүм Асылзат. Үчөөнүн мүнөзү ар башка болсо да, жүрөгүндөгү ыйманы бирдей болсун деп тилейм. Үчөө тең кайрымдуу, акылдуу, билимдүү, жылдыздуу болсо дейм. Балдарымды катуу эле кармайм. Керектүү жерден эркелетем, кээде «чыпылдатып» коюп турам. Кантсе дагы ушул балдардын келечегине шарт түзүп, жол салууга аракет кыласың. "Мындай бол же тигиндей бол" деп айта албайсың. Балдарыңдын тандаган тандоосуна эле жардамчы болот экенсиң.
Азыр кароосуз балдар көп. Ата-энесиз балдар жатак-мектепти бүткөн соң каякка барарын билбей калышууда. Колумдан келбейт да, келсе атайын бир мекеме ачып, бардыгын иш менен камсыз кылат элем. Мисалы, ошол жетим балдарды тоок ферма, уй ферма сыяктуу нерсе ачып, ошол жерден агарып-көгөргүдөй мүмкүнчүлүк түзүп берсек. Же болбосо жатак-мектепти аяктаган соң атайын колледждерге сынаксыз, бекер окутуп, жок дегенде ашпозчу, ширетүүчү сыяктуу орто кесиптин ээси кылсак жакшы болмок. Кароосуз балдардан жүзүбүздү бурбай, тескерисинче, ошол балдарга кол сунуп, акча жагынан жардам кыла албасаң дагы, көңүл буруп, чекесинен өөп, жылмаюу тартуулап турсак ошол эле чоң жетишкендик.
Ушул ыйык орозо айында бардык кыргыз элине каалаарым, ар бир үйдө кыткылыктаган кичинекей балдардын күлкүсү жаңырып турсун! Балалуу боло албай жүргөндөргө балканактай болгон бала берсин, бир эле бала эмес, эгиздеп берсин! Жылына кыргыз элинин саны көбөйө берсин. Ошол балдарыбыз ыймандуу болсун. Кыргыз элим, кыргыз жерим деп күйгөн уул-кыздар болуп чоңоюшсун.

Үмүтай Абдышова, ырчы:
«ЭМНЕГЕ АЙРЫМ АТА-ЭНЕЛЕР ТАШБООР БОЛУП БАРАТЫШАТ?»
– Алинурум таенесинин колунда. Балам менен ар дайым бирге боло албасам да, сүйүнгөнүн, капаланганын үнүнөн билип, каалаганын аткарып турам. Адатта кылган ишине карап мактоого татыктуу экенин айтам. Азыр 6 жашта, архитектор болом дейт. Ар түрдүү формадагы, татаалдыктагы конструкторлорду алып беребиз, үйлөрдү куруп, автоунааларды жасайт. Жакшы ырдайт. Менин ырларымды сындайт, чоң кишидей акыл айтат.
Кичинекей бөбөктөрүм, силерди майрамыңар менен куттуктайм! Силер мамлекетибизди гүлдөтө турган гүлү, көктөгү жанган жылдызы, чоң ачылыштарды жасай турган келечегисиңер. «Балдар – жердин жандуу гүлдөрү» демекчи, балдар гүл сыяктуу ачылып, баёолугу, чынчылдыгы, тазалыгы менен дүйнөнү ыпластыктан сактап турат. Жүрөгүмдү оорутканы – акыркы мезгилде байма-бай массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан суук кабарлар. Өз ата-энесинен, эркелете турган чоң ата-чоң энесинен түрдүү кордук көрүп, запкыдан улам каза болгон бейкүнөө наристелерди укканда заманам куурулуп кетет. Эмнеге айрым ата-энелер ташбоор болуп баратышат? Наристелердин күнөөсү эмнеде? Келиңиздер, урматтуу ата-энелер, жердештер, ага-инилер, наристелерибизди жомоктогудай «желмогуздардан» коргоп калалычы!
Дүйнөдөгү эч бир наристенин бактысы тайкы болбосун. Бөбөктөрдү таштоого, кароосуз калтырууга тыюу салынсын. Ар бир үйдө бактылуу балалык өкүм сүрсүн.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айпери Кубик кызы: "Мени стилин таппай жүрөт деп ойлошот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aikan1966
2019-06-03 10:18:49
Балдарыбыз ыймандуу,билимдуу,маданияттуу болушун каалайбыз.
+2
rahali
2019-06-03 10:28:29
Назира Эже соонун жазасызда
+2
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан