2009-жылдын 6-сентябрында 17 жаштагы Азамат Токтоназыров каза болгон. Анын өлүмү боюнча 10 жылдан бери соттук отурумдардын аягы тыйыла элек. Эки тараптын бири жигит оорудан улам каза болгон десе, экинчиси анын сабалып каза болгонун айтып жатат. Биринин уулу жер астында жатса, экинчисиники камакта жаткан энелердин тынч уйкусун бузган ушул иштин жүрүшүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз.
«2 АДАМ АКТАЛГАН, 2 АДАМ СИЗОдо»
Жогорку соттун маалыматы боюнча, 2009-жылдын 12-мартында саат 13:00 чамасында Осмоналиев У. Бишкек шаарында жайгашкан Кыргыз экономикалык университетинин астында түзүлгөн лицейдин короосунда тааныштары А. К. жана А. Д. менен кошо А. Днын туулган күнүн белгилеп жатышып мас абалында сүрөткө түшүшкөн. Бул учурда Азамат Токтоназыров аттуу бала алардын ортосунан өтүп кетип сүрөткө түшүүсүнө тоскоолдук кылып койгон. Ушунун айынан Токтоназыров менен Осмоналиевдин ортосунда кайым айтышуу болуп, Осмоналиев менен А.К. Токтоназыровду сабап салган. Мындан кийин Токтоназыров менен Осмоналив өз ара чечишип алуу үчүн лицейдин аймагынан сыртка чыгып, уруша кетишкен. Бул учурда А.К. чуркап келип, Токтоназыровдун башына бош бөтөлкө менен чапканда ал кулап калат. Ошол эле күнү 14:20лар чамасында
Осмоналиев У., Түлөбердиев А., А. К., К. Э. жана башкалар Токтоназыровду таш, таяк менен сабашып, тепкилешкен. Аталган балдар 17:00 чамасында Токтоназыровду кайрадан сабашкан. Ушул маалда Осмоналиев менен Токтоназыров жекеме жеке мушташып, Осмоналиев сабап коюп, жанындагылар ажыратышкан.
Бул окуялардан кийин Азамат Токтоназыров 2009-жылдын 6-сентябрында ооруканада каза болот. Анын апасы денени сойгонго, андан кийин эксгумацияга да уруксат берген эмес. Ага карабай оорунун тарыхынын негизинде бир катар экспертизалар даярдалган. Алардын ар биринде ар кандай: маркум мээсине кан куюлуп кеткендиктен каза болгон, башындагы шишик өлүмгө жеткирген, сабалгандан алынган жаракаттар өлүмгө жеткирген деген жыйынтыктар бар. Эксперттер жигиттин өлүмүнүн себебин так аныктап берүү үчүн эксгумацияга уруксат ала албай коюшкан. «Өлүккө соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелеринин»103-пунктунда өлүккө соттук-медициналык изилдөө жүргүзбөй туруп, медициналык документтердин маалыматтары боюнча гана эксперттин корутундусун түзүүгө катуу тыюу салынат.
Бул иш боюнча Осмоналиев У. менен Түлөбердиев А. 2016-жылдын 14-сентябрында Октябрь райондук сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтируү) боюнча акталып, 234-беренеси (хулиганчылык) боюнча күнөөлүү деп табылган. Бирок жоопко тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Жакында бул иш боюнча дагы 2 адам А. К., К.Э.шектүү катары кармалышкан.
«БАЛАМДЫН ИЗДӨӨДӨ ЭКЕНИН 2011-ЖЫЛЫ ГАНА БИЛДИК»
Бул иш боюнча жабырлануучу тараптын оюн угуу мүмкүн болгон жок. Маркум Азамат Токтоназыровдун апасы Жамалкан Кадыркулова комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми иште шектүү катары өтүп жатышкан 2 жигиттин жакындары алардын башына түшкөн окуя тууралуу айтып беришти. Шектүү А.Кнын апасы Насип Ажыматова буларды айтат:
– Касым (шектүүнүн аты өзгөртүлдү) 3 баламдын экинчиси. Биз үй-бүлөбүз менен Орусиянын Хакасия республикасында жашап, иштейбиз. Атасы мугалим, мен врачмын. 2011-жылы Кыргызстандагы туугандарыбыз аркылуу уулумдун издөөдө экенин уктук. Кызыгы, ага чейин бизге эч кандай чакыруу келген эмес. Балам 2009-жылдын 27-июль күнү биз чакыргандыктан окуусун бүтүрбөй эле Орусияга кеткен. Кайра Кыргызстанга келген эмес. Ал кетип баратканда 3 чек арадан өткөн. Андыктан уулумду качты деп айтуу туура эмес. Издөөдө жүргөнүн укканда атасы экөөбүз Бишкекке келип, эмне болгонун сураштыра баштадык. Көрсө, окуя 2009-жылы башталыптыр. Анда балам Бишкекте Кыргыз экономикалык университетинин астындагы лицейде окуп жаткан. Ошол жылдын март айында лицейде окуган балдар арасында мушташ болуптур. Ошол эле жылдын сентябрь айында март айындагы мушташтын бир катышуучусу Азамат Токтоназыров кургак учук ооруканасында каза болуптур. Азаматтын апасы ал учурда эч кимге доосу жок экени тууралуу кагазга кол коюп берип, денени сойгонго уруксат бербей койгон экен. Бирок сөөктү көмгөндөн кийин баласы март айындагы мушташта алган жаракаттарынан улам өлгөнүн айтып милицияга арыз жазат. Иш боюнча эки бала акталып чыгышкан. Жабырлануучу ушул эле иш боюнча кайра биздин балдардын үстүнөн дагы арыз жазыптыр. Уулумду Орусиядан былтыр сентябрда кармашып, быйыл февралда Бишкекке экстрадиция кылышты. Ал үчүн ЖАМКга
2 миң доллар төлөдүк.
Мен башында бул аялга жолугуп, чогуу бейит башына барып, куран окутканбыз. Андан келип, кафеге киргиздим. Ага психологиялык жардам керек деп, Воронцовкага курортко жаткырып, 17 миң сом төлөп бердим. Колумдагы 17 миң сомдук алтын шакегимди бердим. Бирок ал мага күйүттө отурган аялдай көрүнгөн жок.
«ЭКСГУМАЦИЯГА УРУКСАТ БЕРБЕЙ КОЙГОН»
– Мен өз алдымча Бишкектеги ооруканаларды сураштырып чыктым. Азырынча 2009-жылы март айында Азаматтын кайсы бир ооруканага кайрылганы боюнча маалымат таба элекмин. Ал бала мушташтан кийин деле калтырбай сабакка барып жүргөн экен. Окуядан 6 айдан кийин гана кургак учук ооруканасына оор абалда түшүп каза болуптур. Бала кургак учук менен ооруганы жана башында шишик бар экени аныкталган. Жабырлануучу минтип күнөөлөй турган болсо сөөктү сойдуруп, эскпертизага бериши керек болчу. Ал кийин деле эксгумацияга уруксат берген жок. Мына, азыр баланын өлүмүнүн себеби такталбай жатат.
Абдыкадырова Г. аттуу сотмедэксперт сөөккө кароо жүргүзгөндө денеде эч кандай жаракаттар табылбаганын айтып жатат. Оорунун тарыхы боюнча гана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп келди.
2015-жылы 2 бала акталып чыккандан кийин жаңы жагдайлардын ачылгандыгына байланыштуу кайрадан кылмыш иши козголду. Көрсө, медициналык академияда мугалим болуп иштеген Муканбетова Г. аттуу невропатолог Азаматты жаракаттары менен кабыл алганын айтып түшүнүк кат жазып бериптир. Түшүнүк катта ал «9-мартта Азамат мага тууганы менен чогуу келген. Ал сабалгандан кийин башы ооруп жатканын айткан. Аны карап, баш мээсинин чайкалганын А4 форматындагы кагазга мөөр баспай эле жазып берип, нейротравматологго жибергем. Кийин бала эмне болгонун билбейм» деп жазат. Жарандар криминалдык мүнөздөгү жаракаттары менен врачка кайрылса, врач аны өзүнчө журналга каттап, милицияга кабар берет. Анан жок дегенде алгачкы текшерүүдөн өткөрүп, алгачкы диагноздорду коёт. Бул врач эмнеге кайрылган жаранды текшербейт? Эмнеге мөөрү жок эле кагазга жазып берет?
Балам кармалгандан бери сот боло элек. Жабырлануучу 3-4 процесске келбей коёт. Келгенде судьяга же прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтөт. Сот аркылуу ар бир баланын ата-энесинен миллиондорду, бизден эле 2 миллион сом сурап жатат.
«АКЧАНЫ АЛЫП, ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕН. КАЙРА АРЫЗ ЖАЗДЫ»
Бул иш боюнча экинчи ирет кармалып, эки жарым жылдан ашык камакта жаткан Эмилдин (шектүүнүн аты өзгөртүлдү) жубайы Айтурган Асаналиева суроолорубузга жооп берди:
– Эмил экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. 2013-жылы кыздуу болдук. 2014-жылы күйөөмдү камап коюшту. Бирок жолдошум 2009-жылкы мушташка катышпаганын айтып жатат. Анын айтымында, мушташ болгон учурда маркум Азаматтын байкелери Эмилге чалып, сүйлөшөбүз деп аны унаа менен башка тарапка алып кетишкен. Жолдошум келген учурда мушташ бүтүп,
Осмоналиев У. башы канап отурган экен. Башында жолдошум күбө катары көрсөтмө берип жаткан. Кийин шектүү болуп калды. Анткени кимдир бирөө Эмил да мушташкан деп көрсөтмө бериптир. 234-берене менен иш козгоп, бир жыл СИЗОдо отургандан кийин 2015-жылы февралда Октябрь райондук соту 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Ошол жылы июнда бошотулуп, 2016-жылы иштейли деп экөөбүз Орусияга кеткенбиз. Ал жактан документ текшерүү учурунда эле издөөдө жүргөн деп кайра кармап, камап коюшту. Көрсө, жабырлануучу Кадыркулова "туура эмес берене менен соттолушкан, 104-берене менен соттолушу керек болчу" деп кайрадан арыз жазган экен. 2016-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын февраль айына чейин Орусияда камакта жатты. Анан экстрадиция болду. Акчасын өзүбүз төлөдүк.
Ошондо айлабыз кеткенинен кайнатам Кадыркулова менен сүйлөшүп, 150 миң сом берген. Ал акчаны алып, бизге тосмо арыз жазып берген. Болду окшойт десек, жабырлануучу кайра Жогорку сотко "104-берене менен камалышы керек" деп арыз жазды. 2017-жылы декабрда күйөөмдү кайра камап коюшту. Сотто акча алганын айтып, тосмо арызды көрсөтсөк, акчаны 234-берене боюнча алгам деп койду. Азыр бизден сот аркылуу 3 миллион сом жана соттон Эмилди 12 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.
Бала фтизиатрия борборунда каза болуп жатпайбы. Бирок мен түшүнбөгөн жагдай, иште ал баланын өлүмү тууралуу эки башка күбөлүк тиркелип турат. Биринде кургак учуктан өлгөн деп, экинчисинде башындагы шишиктен улам өлгөн деп жазылып турат.
«БИР ЭЛЕ КЫЛМЫШ ҮЧҮН ЭЧ КИМ ЭКИ ЖОЛУ ЖООПКО ТАРТЫЛБАЙТ»
Эмилдин жактоочусу Майрамбек Жумабеков буларга токтолду:
– Конституциянын 27-беренесинде бир эле кылмыш үчүн бир адам кайрадан жоопко тартылбайт деп жазылган. Эмил сөзсүз акталат. Анткени 2 бала буга чейин ушул эле берене боюнча акталып жатпайбы. Кайра үчүнчү баланы соттомок беле? Көз карандысыз эксперт Шадыбекова Кнын үстүнөн арыз жазабыз. Анткени «соттук-эксперттик иш жөнүндөгү» мыйзамда мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар өлүктөргө экспертиза жүргүзө алышпайт деп жазылган. Ал мыйзамды бузуп, Токтоназыров сабалгандан алган жаракаттардан улам өлгөн деп жыйынтык чыгарып берип жатат. Бир адамдын үстүнөн бир иш боюнча улам иш козгой бергени үчүн тергөөчү, прокурорлордун үстүнөн да доо арыз менен кайрылабыз.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg