Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«СУПЕР-ИНФОНУН» НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНдын «СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИНИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ УШАКТАРГА БАЙЛАНЫШТУУ БИЛДИРҮҮСҮ

№865 30-май - 5-июнь, 2019-жыл


2002-жылдын 31-майында «Супер-Инфо» гезитинин эң алгачкы саны жарык көргөн. 17 жыл аралыгында «Супер-Инфо» эң көп нускалуу, эң популярдуу да гезит боло алды. Ийгиликтин артынан ийгилик жаратты, ар кандай кыйынчылыктарды, сыноолорду да басып өттү.
17 жылдык мааракени утурлай, ошондой эле акыркы күндөрү гезиттин тегерегинде күчөп кеткен талкууларга чекит коюу максатында гезиттин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек СУЛТАН төмөндөгүдөй билдирүү жасайт.

«СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИ САТЫЛГАН ЖОК»
– Урматтуу окурмандар!
Соңку күндөрү ар кандай кызыкдар тараптар «Супер-Инфого» байланыштуу ушактарды таркатуу менен алектенүүдө. Ал ушактар кээ бир саясатчылардын жана ЖМКлардын жеке кызыкчылыктарынан улам таркатылып жатканы мага даана билинип турат. Ушак таркатууга негизги аргумент катары «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесинин жаңы дарекке көчкөнү колдонулууда. Редакция өзүнүн 17 жылдык тарыхында онго чукул кеңсе алмаштырган жана бул мекеменин өсүү процессиндеги кадимки эле көрүнүш.
Так кесе айтсам, гезит сатылган жок. Андан да так айтсам, гезит менен Райым Матраимовдун байланышы жок жана болгон да эмес.

«СУПЕР-ИНФОНУН» «ЭЛЬДОРАДОГО» КЕЛИП КАЛЫШЫНЫН ТАРЖЫМАЛЫ»
– «Эльдорадо» бизнес-борборунун жетекчиси Канат Маматов экөөбүз бир айылдан, бир көчөдөн болобуз. Тактап айтканда, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылы, Коммунист көчөсү (кийинчерээк мен Ворошилов көчөсүнө, ал эми Канат Будённый көчөсүнө көчкөнбүз).
2008-жылдарга чейин экөөбүз бири-бирибизди жөн гана айылдаш, теңтуш катары билчүбүз. 2009-жылдан бери доспуз.

«ОППОЗИЦИЯЧЫЛ АТАМБАЕВ ЖАНА БИЙЛИКТИН ЧАБУУЛУ КАНАТ ЭКӨӨБҮЗДҮН ДОСТУГУБУЗДУ БЕКЕМДЕДИ»
– 2009-жылдан тарта Канат экөөбүздүн достук мамилебиз бекемделе баштады. Ошол кездерде оппозициялык КСДПнын, штабдын өкүлү катары Канат менен такай байланышта болуп, маалымат алмашып турдум. Ал кезде Канат оппозициянын атынан президенттикке бирдиктүү талапкер болгон Алмаз Шаршеновичтин штабында иштечү. Ал эми «Супер-Инфонун» жетекчиси катары мен гезит беттеринде бийликке да, оппозицияга да орун бергенге аракет кылчумун.
«Супер-Инфонун» мындай калыстыгы бакиевдик бийликке жакпай, тымызын коркутуулар орун алып, мага «дубай-саламдар» жолдоно баштады. «Супер-Инфо» Өмүрбек Текебаевге караштуу имараттан чыгып кетсин» деген да талаптар болду. Бийликтин оппозиция менен иштешпөө талаптарына моюн сунган жокмун.
2009-жылдын жай айларында, президенттик шайлоого аз калганда, мындай коркутуулар ачык эле формага өттү: алгач «Супер-Инфонун» кеңсесине бир нече жолу «ууру» кирип, документтерди, акчаларды сейфтен алып кетишти. Андан кийин машинамдын терезесин сындырып кетишти.
«Белгисиз» күчтөрдүн эң чоң соккусу үй-бүлөмө карата болду – түнкү 1:30дар чамасында балдарым жаткан бөлмөнүн жанынан катуу үн чыгып, чочуп ойгондук. 9 жана 11 жаштагы балдарымды ойготуп, 1-кабатка качып түштүк. Кошуналарды ойготуп, милиция келгенче үйдүн эшигин кайтарып турдум – үйдүн ичинде ким болсо да качып кетишпесин деген ой болгон. Бирок чакырган милициябыз ыкчам аракеттерди көрүүнүн ордуна менин документтеримди текшерип, ар кандай суроолорду берүү менен убакытты өткөрүп туруп алды. Акыры милиция менен чогуу 2-кабатка көтөрүлдүк. Баарыбызды чочуткан үн – бул полдо турган вентиляторду бирөө жерге чаап салыптыр. Милиция бөлмөлөрдү карап чыгып, үмөндүү эч нерсе жок" деп кетип калды.
Алар кеткенден кийин үйдү бир сыйра карап чыктым – эч нерсе жоголбоптур. Бирок 2-кабаттагы терезенин ачылып калганын, терезенин жанынан, полдон бут кийимдин издерин көрдүм. Табылган издерди айтып милицияга кайра чалганыбызда алар келүүдөн баш тартышты.
Ошентип үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн оппозиция менен иштешүүнү токтотууга аргасыз болдум...

«КАНАТ МАМАТОВДУН АДАМГЕРЧИЛИК САПАТТАРЫН ЖОГОРУ БААЛАЙМ»
– Канаттын башка досторумдан айырмачылыгы – анын өзгөчө адамдык сапаттары. Колунан келсе жардамын берет, бирок эч качан менин жеке чек арама, жеке иштериме кийлигишпейт. Ортодо болгон сөздөр дайыма ортодо калат. Менде дагы ошондой сапаттар бар – досторумдун, тааныштарымдын иштерине, бизнесине кийлигишкенди, жеке чек арасын бузганды жактырбайм. Купуя сөздөрдү сыртка чыгарбайм.

«ТУУГАНДАН АРТЫК ДОС»
– 2018-жылы өзүмдүн адилетсиздикке чыдап тура албаган, өжөрлүк сапаттарыма байланыштуу бийликтин каарына калдым. Көпчүлүк мекендештердей эле мен дагы Сооронбай Жээнбековдун акыйкатсыздыкка каршы чогуу күрөшүү тууралуу байма-бай кайрылууларына ишенген элем... Тилекке каршы, менин түшүнүгүмдө Сооронбай Жээнбеков айткан сөзү менен иши дал келбеген жетекчи катары калыптанып калды.
Өзүм мамлекеттик кызматкер болгонума карабастан бийликтеги адилетсиздиктерге чыдап отура албадым, айтып чыктым. Адилетсиздикке каршы бул күрөшүм тескери жыйынтык берип, акыр-аягында бийлик машинасы мени «мокочо» көрсөтүү аракетине өттү. Эң өкүнүчтүүсү, бийликтин каарына калган кезден тарта достордун катары сууп, жадакалса анча-мынча туугандар да «залакасы тийип калбасын» дегенсип менден оолак болууга аракет кылып калышты. Ошентип, эки жүздүү, көп жүздүү саясатчылардын да нукура жүздөрүн көрө баштадым. Ошол эле учурда, байланышым жок же таптакыр бейтааныш болгон адамдар астейдил жылуу сөздөрүн айтып, колдоого алышты.
Жыл бою мени менен байланышын үзбөгөн бирин-экин достордун бири Канат Маматов болду. Телефон чалгандан, СМС жазгандан, чогуу чай ичкенден чочулабады. Чын дилинен моралдык колдоо көрсөтүп, тыңчыдан айырмасы жок кээ бир «достордой» болуп жеке чек арамдан өтпөдү. Мен үчүн кыйын кезде анын чын дилден мага күйгөнүнө, ичинде кири жок адамдык сапатына мурдагыдан эселеп ыраазы болдум.

«МЕКЕНГЕ КАЙТУУ»
– Чет өлкөдө жүргөн кезимде мага карата «бийлик ар кандай провокацияларды уюштурушу мүмкүн» деген, өч алуу, каралоо аракеттери тууралуу, керек болсо камап коёру тууралуу билдирүүлөр келип жатты.
2018-жылдын ноябрь айында, кызматтан бошогонумдан 1 ай өткөндөн кийин тобокелчиликке салып Бишкекке кайтууну чечтим. Үй-бүлөм менен коштошуп, 2 жашар кызымды экинчи көрбөчүдөй жыттап-өөп, жолго чыктым. Учак Бишкекке келип конгондо коркунуч сезимдердин баары заматта жок болуп, тескерисинче, жан дүйнөмдү кубаныч жана эргүү аралап, баарына кайыл болгон сезимге курчалып калдым. Көтөрүңкү маанай менен чек арага келип паспортумду тапшырдым. Чек арачынын «мекениңизге кош келиңиз» деген саламдашуусу жана эч кандай тоскоолдуксуз Бишкекке өтүп келишим Сооронбай Жээнбековго болгон кескин терс пикиримди бир аз да болсо жибитти. Сооронбай Жээнбеков мен күбө болгон адилетсиздикке чекит коёр деген үмүт кайра жанды...
Бишкекте бийликтин провокациясына өзүмдү моралдык жактан даяр алып жүрдүм. Провокациянын эч кандай белгилери байкалган жок. Жаңы 2019-жылды үй-бүлөм менен чогуу тосуу максатында кайрадан Малайзияга бет алдым. Бийликтин алгачкы «сюрпризи» Бишкектин "Манас" аэропортундагы чек арада орун алды. Мени таанып, жылуу учурашып жаткан чек арачы паспортумду компьютеринен текшере баштаганда өңү заматта өзгөрүп, өзүн оңтойсуз сезип баштады. «Кара тизмеге» киргизилгенимди түшүндүм.
Начальнигине, дагы бир жактарга чала баштады... Паспортумду бир жакка алып кетишти. Бир топтон кийин чек арадан өтүүгө уруксат берилди.
Жаңы жылды үй-бүлөмдүн курчоосунда Малайзияда тостук. 2-3 аптадан кийин кайрадан Бишкекке кетер убакыт келди. Баягыдай эле кооптонуу... Баягыдай эле үй-бүлөм менен коштошуу. Кызымдын жытын терең-терең искеп жолго чыктым.
Бишкекке келгенде эми чек арадан кирүү маселе жаратты. Паспортту көпкө чейин текшермей, бир жактарга телефон чалмай... Жооп күтмөй... Элдин аягына калтырып, бир нече мүнөттөн кийин акыры мекениме кирүүгө уруксат беришти.
Бишкекте үй-бүлөмдү алып келүүгө даярдыктарды көрө баштадым. Кантсе да 5 жылга жакын чет өлкөдө жүрүп калбадыкпы?
Даярдыктарды көрүп бүтүп, эми үй-бүлөмдү биротоло алып келүү үчүн Малайзияга жөнөдүм. Аэропорттон кайра эле баягы маселе... Албетте, бул чектөөлөр жагымсыз, бирок бир нече мүнөттөн кийин чек арадан өтүүгө уруксат берилди.

«СУПЕР-ИНФОГО» ЧАБУУЛ»
– Малайзияда буюм-тайымдарыбызды чогултуп, Бишкекке көчүп кетүүгө камданып жаткан кезде Бишкектен телефон чалышты. «Супер-Инфого» чабуул башталыптыр... Үй-бүлөбүз менен мекенибизге кайтып келебиз деген тилегибиз таш капты. Өзүм жалгыз шашылыш Бишкекке учуп келдим. Көнүмүш тоскоолдуктар менен чек арадан өтүп, «Супер-Инфого» келдим. Финполдун суу кечпеген дооматтары менен таанышып чыккандан кийин бул жогору жактын буюртмасы же кайсы бир аткаминердин жогору жакка жагынуу аракети экенин түшүндүм. Текебаевди коргогон белгилүү юрист Таалайгүл Токтакунованын жардамы менен «Супер-Инфо» соттон утуп чыкты. Чынын айтканда, Кыргыз сотунун адилет чечими күтүүсүз болду. Сотторду тескеген Сооронбай Жээнбековго ичимден ырахмат айттым. «Сөз эркиндиги», «адилеттүүлүк» деген саясатчылардын, ЖМКлардын, бейөкмөт уюмдардын, жарандык активисттердин «армиясынан» 10 чакты гана адам жактап, колдоп келди...
Соккулар ушуну менен аяктады деген үмүт менен чек арадагы көнүмүш тоскоолдуктардан өтүп, апрелдин башында акыры үй-бүлөмдү Бишкекке алып келдим. Бишкекке келерибиз менен кайра эле жагымсыз жаңылык уктум. Уйгактай жабышкан Финпол шаардык сотко кайрылыптыр... Бул ирет эки жүздүү саясатчылардын, интернетте саны миң, чындыкта саны 10го жетпеген колдоочулардын тынчын албадык – болору болот, бийликтин курмандыгы болуп жаткан биз биринчи эмеспиз, акыркысы да эмеспиз деген чечимге келдик. Коллективге да айткан жокпуз.
Кайрадан сот, кайрадан жеңиш «Супер-Инфо» тарапта. Бул ирет сот «чечим өзгөртүүгө жана даттанууга жатпайт» деп чекит койду. «Супер-Инфонун» атынан сотко келгендердин кубанычында чек жок. Адвокат Таалайгүл Токтакуновага, чечим чыгарган сотко алкыштарды жаадырып жаттык. Жадакалса Сооронбай Жээнбековго ичимден ырахмат айттым...
Кубаныч көпкө узаган жок. Финпол башка жагдайлар менен деп шылтоолоп кайрадан иш козгоптур. «Супер-Инфо» кайрадан райондук сотко кайрылды. Кайрадан Таалайгүл Токтакунова, кайрадан жеңиш... Коллектив жана коомчулуктун бул окуялар тууралуу дагы деле кабары жок.

«ЧАРЧОО, КӨҢҮЛ КАЛУУ...»
– Үй-бүлөм менен Бишкекке келип, батирде жашап калдык. Анткени 2014-жылы үй-бүлөм менен жашаган үйүбүздү SUPER.KG компаниясына кеңсе катары тапшырып кеткен элек. Эми болсо SUPER.KG кайрадан мурдагы кеңсесине, Текебаевге караштуу имаратка көчөйүн десе ал жак бош эмес экен. Арга жок, шашылыш түрдө башка кеңсе издей башташты. Бирөөнүн шарты туура келбейт, бирөөнүн акчасы туура келбейт...
Бир нече жыл мурда «Супер-Инфого» өнөктөш киргизсек деген ой болгон эле. Бирок бийлик тескери көз менен карап турганда, жаңы өнөктөш эмес, эски досторуңду табуу кыйын экенин билгендер билет.
Ошентип үй, кеңсе маселелери чечилбей 1 айча бирин-бири күтүп калды, ал эми менин мээмде ушул маселелер чечилсе, эс алсам деген ой түптөлө баштады. Бирок кайдагы эс алуу?! Финпол кайрадан шаардык сотко арыз бериптир...

«ЖАҢЫ КЕҢСЕ, ЖАҢЫЧА ИШТӨӨ»
– Бир күнү «Супер-Инфонун» жетекчилиги «досуңуз Канат байкенин имаратынан кеңселер берилип жатыптыр, сүйлөшүп бербейсизби» деп кайрылып калышты. Канатка жолугуп, 2 компания кенен бата тургандай кеңсе керек деп сурадым. Канаттын баш тартпасын билсем дагы, бирөөдөн жакшылык үмүттөнбөй калган элем. Сөз жок, ыңгайлуу баада ыңгайлуу шартта кеңсе таап берүүнү убада кылды. Толкунданып кетип дароо өнөктөш болууну сунуштадым. Эч кандай шарттарын да айтпадым, ал да сураган жок. Болгону 1 күн ойлонууга убакыт сурады.
Эртеси жолуктук. Шыр эле өнөктөш болууга макул экенин айтты. Бирок бир суроо ойлондуруп жатат деди. Оюмда канча акча кошушум керек деп сурайт деп кабатырлана түштүм, себеби мынча акча сурайм деген эсеп-кысабым да жок эле. Бирок суроо гезиттин саясаты тууралуу болду. «Сен оппозициялык көз карашта болсоң, а менин көз карашым бийликке жакыныраак болсо, анда компаниялардын иши кандай болот?» деди.
Мурда өзүмө мындай суроо бербесем да, жообум дапдаяр экен. «Мен чарчап жүрөм. Өзүң иштете бер. Мен эс алып, анан Жогорку Кеңешке шайлоого даярданам. Менин оппозициялык саясатым башка, ал эми редакция саясаты башка. Эң негизгиси, «Супер-Инфонун» да, SUPER.KG`нин да өсүү потенциалын колдонуп, өркүндөтө берсең болду» дедим.
Компанияны каалаган адамга каттатып алып иш жүргүзө берүүсүн сурандым. Шайлоолор аяктагандан кийин компаниялардын кийинки тагдырын чечишип аларыбызды айттым. Канат өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу «мага катталса туура эмес болуп калат. Коллектив өз алдынча иштей берсе болбойбу? А мен колдон келген жардамымды берип турам» деген жообун айтты.
Бийликтин аракеттеринен кооптонуу жогору болгондуктан, компаниянын жетекчилери менен бирдикте компанияларды өзүбүзгө тиешеси жок адамдарга каттата туруу чечими жаралды. Ошол каттоо аракетин көрүп баштаган кезде Бишкек шаардык сотунда ишибиз каралды.
Кайрадан Таалайгүл Токтакунова, кайрадан окуядан кабары жок коллектив менен коомчулук, кайрадан Бишкек шаардык сотунда «чечим даттанууга жатпайт» деген «Супер-Инфонун» жеңиши...
Ошол эле учурда компанияны башка бирөөлөргө формалдуу түрдө каттоо процесси аяктап калган кез эле. Бул жеңиштен кийин компанияларды сырттан бирөөлөргө каттоонун актуалдуулугу жоголуп, алар кайрадан коллектив жетекчилерине каттатылды.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул каттатуу жана кайра каттатуу аракеттерибиз мыйзам бузуу үчүн эмес, тескерисинче, мыйзам бузуулардан коргонуу үчүн жасалган аргасыздык эле.
Ошентип компаниялардын келечеги аныкталып, сот процесстери аяктап, компаниялар үчүн мындан аркы жоопкерчиликти жетекчилерге тапшырып, үй-бүлөм менен эс алууга камданып жаткан кезим. Буюрса, мындан ары коллектив редакциялык саясатын өз алдынча жүргүзөт. Ал эми мен эс алуудан кийин сиздер менен чоң саясаттан көрүшөм деген үмүттөмүн.
Келе жаткан Айтыңыздар маарек болсун!



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22453;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: