(Башы өткөн санда)
Анын эскерүүлөрү акыры келип Анарбекке жолуккан күнгө такалмак. Ал Шайырдын дүйнөсүн астын-үстүн кылган жигит.
Ноябрь айы. Кадимкидей суук тартып калган болчу. Шайыр сабакка шашып келе жатып окуу жайдын жанындагы түнкү клубдун алдында тамеки тартып турган шыңга бойлуу жигитти көрдү. Аны бир карап алып, бат-баттан басып жанынан өтүп бараткан кызды карап туруп тигил жигит:
– Шайыр, Шаку сулуу кыз,- деп өзүнчө сүйлөнүп алганын укту. Шыр токтой калды, жакшылап караса, аны тааныбайт экен. Кыз чочуп кетти. “Бул мени кайдан тааныйт?” деген суроонун жообун издей баштады. “Биздин айылдаштарданбы?” деп кайра карады.
– Мени тааныбайсың, Шайыр. Сабагыңа кечигесиң, бара бер,- жигит жылмайды да, тамекисин көчө жакка чертип ыргытып туруп, клубду көздөй басты. Шайыр шашып окуу жайга кирип кетти. Сабакта отуруп жанагы көздөрү ойноктогон сымбаттуу жигит жөнүндө ойлоно берди. Ал жигиттин тамекини чертип ыргытканы да өзүнө жарашат экен. Шаардык окшойт деп ойлоду. Анан ошол шаардык жигит анын атын кайдан билип алган? Бул табышмактуулук кызга жагымдуу болгон, суроолордун жообун билүүгө кызыктырган. Анын ысымын кайдан билип, аны кайдан таанып алгандыгы боюнча бир канча версияларды ойлонгон. Жолунан жолуккан ар бир жигитти эстеп чыкты: бирдик салдырган, коомдук транспорттон тиктешип калган, окуу жайдан сүзүшүп кеткен... Бирок тааный алган жок. Анда кыз жаш экен. Романтикалуу кыялдана алчу. Шыпты тиктеп жаткан Шайыр жаш кезин элестетип, өзүн бир шылдыңдап күлүп алды.
ххх
Бул учурду эстеп өзүнөн өзү жийиркенип кетти. Жашоосундагы жүрөк ооруткан кара сызыктар, каталары ушул учурда башталган эле. Өткөндү оңдоого мүмкүн эмес. Шайыр анда жаш болчу. Ага бирөө кеңеш берсе деле укмак эмес. Келечектен өткөнүңө акыл үйрөтүп өзгөртүп алууга мүмкүн болгондо го…
Сабактан чыгып үйүнө баратып кайрадан Анарбекке жолугуп калган болчу. Анын жанында өзүн ыңгайсыз сезгени менен, кызга бул жолугушуу жаккан. Бир колуна ысык чай, экинчи колуна кофе көтөрүп алып капыстан эле алдынан чыга калган Анарбек ага жылдыздуу көрүндү. Шайыр жигитти көрүп жылмаюусун жашыра алган жок. Бул жылмаюу жигитке жол ачып бергендей эле Анарбек ишенимдүү сөз баштады.
– Чай ичесиңби же кофеби?
– Мен кофени жакшы көрөм,- Шайыр кофени алып наздана сүйлөдү.
– Эми айтып берчи. Мени кайдан тааныйсың?
– Сен күнүгө ушул жерден өтөсүң. Курбуларың Шайыр деп кайрылышат. Ошондон улам ысымыңды жаттап калгам.
– Ха-ха… Демек, биздин группадагы кыздардын баарынын атын билет экенсиң да?
– Жо-ок, башкалардын ысымын билүүгө кызыккан эмесмин. Сеникин гана билем. А менин атым Анарбек.
Анарбек ушундай эле жөнөкөй сөздөрдү айткан. Бирок Шайырга маңдайында турган бул жигит жеке анын ысымын гана жаттап калганы бир башкача жагымдуу туюлган. Кыз жигитти карап сонун жылмайып койду.
– Сен кээде биз жакка кирип тур. Мен музыкантмын бул клубда. Каалаган убакта келсең болот.
Экөө ушинтип таанышып, бат эле ынак болуп кетишкен. Шайыр жигитти сүйүп калганынан жазганбы, ким билсин? Азыр ал Анарбекке жолукпай калган болсо, жашоосу кандай нукта болмок деп ар кандай варианттарды ойлоого жетишти. Ошол күнү Анарбектин суроолоруна жооп бербей эле койсо, кофесин ичпей эле койсо, балким...
ххх
Сабактан чыгып эле Анарбектин жумушуна тие кетүүнү адат кылып алды. Башында Анарбек аны эптеп макул кылган. Кызды отургузуп коюп ага арнап бир нече ыр ырдап да жиберген. Ошондон кийин эле кыз дайыма өзү кирчү болду бул жакка. Анарбектин ырдаганы жагат. Ырдаганы эле эмес, Анарбек толугу менен жагат. Басканы, сүйлөгөнү, жылмайганы…
ххх
– А сен окууңду бүтсөң ким болосуң ошондо? Мугалим да, ээ?- бир ирет Анарбек ушинтип сураган.
– Жо-ок, мен бул окууга убактылуу гана окуп жатам. Которулам, буюрса…
– Ка-ап, мугалим кыз керек эле?- деп жылмайган Анарбек.
– Эмнеге?
– Мугалим кыздар жакшы да айылга жашаганга.
– Хе. Тилекке каршы, мен айылга жашабайм.
– Эмнеге?
– Жашагым келбейт. Мага шаардын жашоосу жагат.
– Ээх, жашсың да… Эмнеси жакшы ушул кымгуут жашоонун. Күндөр окшош. Жан талашмай, автобуста түртүшмөй, шашкалактамай. Айылда болсо туруп, таза абадан жутуп, коңшуң менен учурашып, самоорго чай кайнатып, отун жарып, мал кайтарып, чөп жыйнап. Романтика…
– Бетиң-колуң капкара болуп күйүп, түйшүктөн карып, түйшүккө эле жуурулуп, анан эптеген маанисиз сериалдарды көрүп кадимки кожойке болуп калгандын эмнеси романтика?
– Ха-ха! Жашсың деп айттым го. Амбициянын кулу болгонго баратасың.
– Амбициялар менен жашоо кызык.
– Жашоо дегенди келемиштин жарышына айлантып алдык. Жашаганды унутуп баратабыз.
– Кет да айылга.
– Кете албайм. Амбициялардын кулумун мен дагы. Шаардан өскүм келет.
Аны менен сүйлөшүү жеңил жана кызыктуу болчу. Бирок күлө караган, акылдуусунуп сүйлөгөндөрдөн эле жакшылык боло калбайт тура.
ххх
Бат эле ашык болуп калды. Анарбек болсо жакшы сүйлөп сый көрсөткөндөн ары өтпөйт. Жадакалса кыздын колдорун да кармабайт. Ошон үчүнбү, Шайыр аны биринчи алгач өзү өөп жиберген.
Шайыр минтип өзү алгачкы кадамды жасай алам деп ойлогон эмес. Бирок бир жолу аны үйүнүн жанына чейин узатып келген Анарбекти коштошуп жатып эрининен өөп алган. Кандайча болуп кетти, аны өзү да түшүнгөн жок. Жигит болсо чочуп кетти. Анысы кызга билинди, бирок ал байкатпаганга аракет кылды. Экөө тең ыңгайсыз боло калышты. Шайыр көзүн ала качып туш келди жерди карап калды. Ушул учурда тезирээк анын жанынан, бул ыңгайсыздыктан качып кетиши керек эле.
– Жакшы бар, мен кирейин.
– Көрүшкөнчө! Кыз чуркап барып дарбазанын эшигин тарс жапты да, ага жөлөнүп азыркы окуяны ойлоно баштады. Ал өзүнүн кылыгына таң калды. Бирок биринчи кезекте Анарбектин мындай мамиле кылганы түшүнүксүз болду. Күн сайын жумушунун жанынан өткөн кыздардын арасынан жалгыз ушул Шайырга кызыгып, анын ысымын жаттап алган өзү. Ага арнап ыр ырдаган да өзү. Улам эле жанына чакыра берген, аркы-беркини сүйлөшүп, тамашалашып, сыр чечишкеничи. Ошондо достук менен сүйүүнүн айырмасын билбей жаткан кимиси? Анарбекпи, Шайырбы?
ххх
Канча жыл өткөндөн кийин гана Шайыр мына азыр керебетинде жатып алып, Анарбекте ага карата эч кандай сезим болбогонун биринчи жолу моюнуна алды. Жөн гана ага керек болгон. Бирок дайыма Анарбекти эстегенде Шайырдын жүрөгү аз да болсо жылуулукту сезет. Шайырда ага болгон сезимдердин учкуну азыр да аягына чейин өчө элек экенин дагы бир ирет сезди. Анарбек азыр кайда жүрөт болду экен? Эмне менен алек? Ал бактылуубу?
Адам тагдыры менен ойноп койгондор болот. Андайлар көп. Анарбек да ошолордун бири болуп чыккан. Бирок ушунчалык таттуу сүйлөчү. Балким, Шайырга эле ошондой туюлгандыр.
– Эгер баары бир айылга алып качып кетишсечи?
– Жо-ок!
– Айтканыңдын баарына макулмун. Бир гана айылга жашаганга көн десечи?
– Ким?- кыз эркелеп сурады.
– Мисалы, мен.
– А эмнеге сен айылга жашайсың? Сенин ырчы болгуң келет го. Ырчы деген шаарда жашайт да.
– Демек, сен мага тийгенге даяр эле экенсиң, бирок айылга кетем деген нерсе гана ойлондуруп жаткан турбайбы, ээ?
– Жок. Мен окуумду бүтүп, карьера жасашым керек! Мен экинчи курста эл аралык мамилелер факультетине которулам да. Атам ошентип айтпады беле. Анан айылга барып койлор менен мамиле курмак белем. Ха-ха-ха. Эмнени дөөрүп жатам. Кыскасы, мага күйөө тууралуу ойлонгонго эрте. Биринчи эле курсмун.
– Ала качам, айлаң кетет.
– Отурбайм.
– Отурасың.
– Ха-ха,- кыздын күлкүсүндө Анарбектин сунушуна макул болгондой ноталар угулуп калган. Ошондо эле дароо чечим чыгарган экен.
ххх
Жаз болчу. Баары жаратылыш коюнуна чыгып жатышкан. Капыстан Анарбек да кызды тоо коюнуна чакырды. Достору менен барышмак экен. Шайыр макул болду. Анарбектин достору менен чогуу тоого эс алууга жөнөп кетишти. Эч нерседен шектенген эмес.
Эл катары эле кадимкидей күлүп-жайнап жүрдү. Анарбек гана кээде кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп коёт. Аны деле элес алган эмес. Кечинде кайтып келе жатып, шаарга кетчү жолго эмес, таптакыр башка жолго түшкөндө гана чыйпылыктап жиберди.
– А биз кайда?
– Биз бир жакка тийип анан шаарга кетебиз. Уктай берсең болот. Шаарга жеткенде ойготуп коём,- деди Анарбек.
– Мени таштай кетсеңер жакшы болмок.
– Эми эч нерсе болбойт. Саякаттап келесиң.
Эч нерсе болбогондой эле кетип бара жатышты. Шайыр чын эле уктап калды. Анарбекке толугу менен ишенчү экен. Ошол ишенич жашоосун талкалап саларын билген эмес.
ххх
Машинанын сигналынан улам ойгонуп кетти. Түн кирип турса да, сыртта кандайдыр бир шаан-шөкөттүн илеби туруптур.
– Биз кайда келдик?
– Үйгө. Меникине.
– Эмнеге?
Анарбек жооп бергенче эле Шайыр отурган тараптан эшик ачылды, бир нече аял аны колдорунан тартып ар нерсени сүйлөп башташты. Жаңы эле уйкудан турган кыз эч нерсе деле түшүнбөй калды. Качан босогого жетип, анан аялдардын бири «жакшы жерге келдиң. Ак жолтой келин бол!» деп жатканда коркуп ыйлап жиберди. Кайдан-жайдан Анарбек жетип келип «Шаку, суранам. Мен үчүн калчы, суранам» дегенде жанагы коркунучтун ордун кубаныч алмаштырды. А эмнеге болбосун? Анарбек менен бактылуу болмок. Бирок…
(Уландысы кийинки санда)