Канат Маматов, Футбол федерациясынын президенти: «БИЗДЕ НЕФТЬ, ГАЗ ЭМЕС, АДАМДЫК РЕСУРС БАР»

Кээ бир адамдар бар, жумушуна өтө берилүү, жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Алардын жумушун сүйөрү сүйлөгөн сөзүнөн, ишинен, баскан-турганынан эле билинип турат. Ошол өзгөчөлүктү мен бүгүнкү маектешимден байкадым. Биз бүгүн бейнесин ачып берүүгө аракет кылган адам – өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 15-август

Туулган жери – Өзгөн району, Мырза-Аке айылы

Билими – жогорку

Үй-бүлөлүк абалы – 3 уул, 1 кыздын атасы

Биринчи кызматы – Университеттин футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу

Биринчи клубу – "Алай"

Мамлекеттик кызматтын
3-класстагы кеңешчиси

– Канат мырза, сизди учурда калың эл Кыргыз футбол федерациясынын президенти катары тааныса, биз бизнесмен, учурунда саясатта, Жогорку Кеңеште иштеп тажрыйба топтогон адам катары да билебиз. Сиз үчүн кайсы тарабыңыз басымдуу, бизнесмен Канатпы, футболчу-менеджер Канатпы же саясаттагы Канатпы?

– Сурооңузга рахмат. Ооба, сиздердин гезитиңиздер менен таанышып, иштешип баштаганыбызга 10 жылдан ашып калыптыр. Айрым күчтүү саясатчылардан тажрыйба алайын деп Жогорку Кеңеште дагы иштеп көрдүм, бирок акыркы 10-15 жылда көбүнчө бизнес тармагында жүрүп, ошол жакка басым жасап келдим. Ал эми өзүм футболдон чыкканыма жана футбол менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калганына байланыштуу андан алыс кеткеним жок. Азыр болсо бизнеске жана футболго бирдей басым жасап иштеп жаткан кезим.

– Сизди багып-өстүрүп, эрезеге жеткирген адамдар кимдер? Ата-энеңиздин ушул деңгээлге жетишиңизге кандай таасири болду?

– Менин адам катары калыптанышыма, турмуштан өзүмдү табышыма таасир эткен адамдар, албетте, ата-энем жана бир туугандарым. Туура тарбия берип, футболдон сырткары окууга басым жасап, "окуйсуң, жогорку окуу жайын бүтүрөсүң" деп катуу талап коюшкан. Болбосо сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, биротоло эле футболго кетип калсамбы деген ойлор болгон. Ар дайым "коркпо, алдаба, уурдаба" деп тарбия беришти. Айылдагы тренерлерим футболдук карьерама чоң салым кошуп, фундамент түзүп беришкен.

– Өлкөнүн келечеги, балдардын тарбиясы, кыргыз спорту, маданияты, айтор, акыркы күндөрү эмне тууралуу көп ойлонуп жүрөсүз?

– Футбол тармагына тыгыз киришкен соң акыркы кездери өлкөнүн футболу жана анын келечеги көп ойлондурат. Биздин футболубуздун акыркы жетишкендиктери биздин көптөгөн жаш балдарга жана ата-энелерге чоң ишенич алып келди. Азыркы кезде баламды футболго берсем деген ата-энелер көбөйдү.

Эмнеге футбол? Футболдун баланын ден соолугун чыңдагандан сырткары да жакшы жактары бар. Ал – баланы командалык ишке тарбиялайт, өзүнүн кадамдарын пландаштырганды, тез ойлонгонду үйрөтөт, мүнөзүн чыңдайт. Футболду жакшы өздөштүрсө ал балага жогорку окуу жайына өтүүгө, жумушка орношууда, дегеле турмуштун бардык тармагында бир топ жардам берет. Ошондой эле өтө таасирдүү себеп – бул эгерде чын дилинен машыгып, катуу аракет кылса, профессионалдык оюнчуга айланып, өзүнүн финансылык маселелерин чечет, чет жакта күчтүү жана бай клубдарда ойноп калса бир топ эле бул жагын чыңдайт. Күчтүү оюнчулар дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирип жатышпайбы. Биздин балдардын мүнөзү күчтүү жана духу бар, албетте, арасынан ошондой кыйын оюнчулар чыгат деп терең ишенем. Ал үчүн биздин мамлекет жана биздин федерация шарт түзүп бериши зарыл.

– Прагматиксизби же идеяга берилген романтикпи?

– Мен прагматикмин, жаратман, түзүүчү болуш керек деген ойдомун. Романтик болуп отура берсең убакытты өткөрүп жибересиң. Аягында эч нерседен жок калышың да мүмкүн.

– Убакыттын өтүшү менен адамдагы айрым сапаттар жоголуп, же тескерисинче, жок сапаттар пайда болот. Бала кезден бери кайсы сапатыңызды жоготпой келе жатасыз?

– Мен бала кезден бери абдан жоопкерчиликтүүмүн. Ушул сапатымды жоготпой келе жатам. Ошол сапат ар бир инсанда болуш керек деп эсептейм жана эч качан жоголбошу зарыл.

– Бүгүнкү деңгээлге жетүү оңой болбосо керек. Кыйын, оор күндөрдө кимге таяндыңыз? Кимдин кеп-кеңеши, колдоосу жардамга келди?

– Албетте, жашоо оңой нерсе эмес, ысык-суугу болуп турат. Сиз айткандай, кеп-кеңеш жана насааттарга муктаж болосуң. Жаш кезимде ата-энемдин, бир туугандарымдын насааттары туура жолго салып келди. Кийин жакын досторумдун, агаларымдын кеп-кеңештеринин пайдасы тийди. Жубайымдын жана балдарымдын кеңештери да мен үчүн абдан баалуу.

– Өмүр баяныңызды карасам, бир нече жогорку билим алыптырсыз. Ушунун өзү сиздин билимге өзгөчө маани берериңизден кабар берет. Балдардын окуусуна, тарбиясына көңүл бурууга убакыт табылып жатабы?

– Балдардын окуусуна көңүл бурууга, чынында, убакыт аз, бирок окууларына шарт түзүп, окуусуна жана тарбиясына көңүл буруп турам. Баласын футболго машыгууга берген ар бир ата-энеге айтат элем, балаңыз окуусун таштабасын, футбол менен бирге окуусун алып кетсе болот. Ар бир баланын маңдайына жазып койбойт күчтүү оюнчу болуп чет жакта, мартабалуу, бай клубдарда ойнойт деп. Эгер баланын профессионалдык футболдук карьерасы ишке ашпай калса, анда алган билими менен турмушун курат. Бирок ошол учурда дагы футбол чоң жардамын берет.

– Канча балаңыз бар?

– Менин үч уул жана бир кызым бар. Эки уулум футбол менен машыгат.

– Аталардын эки түрү бар: балдарды катуу кармаган же алардын көңүлүн биринчиге койгон. Сиз кайсынысына киресиз?

– Эки жагын тең бирдей эле алып барам. Өтө катуу кармабайм, менин айтканым туура, мен билем, мен айткандай болот деп тарбиялабайм. Баланын дагы билгени, каалаганы бар, аларды угуш керек, сүйлөшүп түшүнүүгө аракет кылыш абзел деген ойдомун. Катуу тие берсең ал нерселердин баары эсинде калат, көңүлүнө катуу тиет, өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок керектүү жерде кеп-кеңеш айтып, туура жолго салып туруу зарыл.

– Ата-эне, бир туугандар, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Атамдын көзү өткөнүнө 13 жыл болуп калды, апам 80ге чыкты. Дагы көп өмүр берсин апама. Эки эжем, бир агам жана карындашым бар. Менден башкасы баары медиктер. Эжем медицина илимдеринин кандидаты, врач, агам медицина илимдеринин доктору, профессор, кафедра башчысы, дагы бир эжем врач, карындашым медициналык факультетте мугалим. Жубайым болсо үч жогорку окуу жайын аяктаган, акыркысы 2015-2016-жылдары Англияда MBA боюнча магистратураны окуп, бүтүрүп келген.

– Үй-бүлөдө ынтымак, түшүнүшүү болушу үчүн эң зарыл нерсе эмне деп эсептейсиз? Жаш үй-бүлөлөргө сизден кыска кеңеш болсун.

– Бизде каныбыздабы же менталитетибизде дейбизби, аялды катуу кармап, чектен чыгарбаш керек деген түшүнүк бар. Эркектер аялдарга караганда күчтүү болот эмеспизби, күч колдонуп жибериши мүмкүн. Бирок ал маселени убактылуу чечет же артынан башка маселелерди алып келет. Мен мындай көрүнүштөргө таптакыр башка ойдомун. Аялыма кол көтөрүп көргөн эмесмин. Аял кишинин үй-бүлөдө эркектей эле өзүнүн орду бар. Үй-бүлөдө ар бири өзүнүн ордун билиши зарыл. Үй-бүлө түзгөн соң жашоонун ысык-суугуна бирге даяр болуп, кыйынчылыктарды бирге жеңе билиш керек.

– Спорт тармагы сизди кичине кезиңизден бери кызыктырабы?

– Спорт бала кезимден эле кызыктырат. Менин үйүм стадиондун жанында жайгашкандыктан футболго көп убакыт бөлүп, бул оюнду жакшы көрүп калганмын.

– Кичи мекениңиз өлкөнүн кайсы айылы? Сагынасызбы?

– Өзгөн районунун Мырза-Аке айылы. Кээде сагынып калам, бирок иштин көптүгүнөн барганга эле эмес, сагынганга деле убакыт тар.

– Байланышып, катташып, эмне көйгөйлөрү бар экенинен кабарыңыз барбы?

– Ооба, байланышым бар. Колдон келишинче жардам берип жана футбол боюнча турнир өткөрүп турам. Бир мүмкүнчүлүк болуп ЮСАИДдин долбоорунун негизинде каражат тартып барып, айылдын борборундагы эски клубду спорт комплексине айландырып, спорт жабдуулар менен камсыз кылып бердим эле бир кезде. Эми бир футбол аянтча салып берсем деген пландарым бар.

– Өлкөгө белгилүү адамдан саясат тууралуу сурабай коюу болбос. Парламентке барып, окуу жайлардан алган билимди, турмуштан алган тажрыйбаны элдин керегине жумшоо тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

– Албетте, ойлор болот. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө, элибиздин бакубат жашоосуна өзүмдүн билимиме, тажрыйбама таянып кандай салым кошо алам деген ойлор болот. Бирок биздин футболубуз өнүксө, инфраструктураны жакшыртсак, шарттар түзүлсө, футбол менен машыккан балдардын саны өссө, эл аралык мелдештерде жакшы натыйжаларга жетишсек бул деле коом үчүн чоң салым болот. Азыркы учурда мени ушул багыт гана кызыктырат.

– Чет жактарга көп чыгасыз. Кыргыз коомчулугуна, айылына, шаарына эмне жетишкендиктерди алып келгиңиз келет?

– Чет жактарга чыкканда алардын шаар, айылдарынын инфраструктурасына көп суктанам. Бизде да ушундай шарт, сервис болсо дейсиң. Мисалы, Швейцарияда биздикиндей эле тоолор, бирок тоолордун башында, супермаркети да, кафе-ресторандары да бар, асфальт жолдору салынган. Аларда кышы-жайы шагырап эле жүргөн туристтерди көрөсүң. Биз да ошол деңгээлге жетсек жакшы болмок.

– Учурда калктын басымдуу бөлүгү сыртта иштеп жүргөн мигранттардын акчасы менен күн көрүүдө. Эгемендүүлүк алганыбызга 27 жыл болду. Өнүгүп кете албай жатканыбыздын негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Бул аябай орчундуу маселе. Айыл, шаарларда иш орундары түзүлсө жакшы болмок. Ал үчүн ишканалар ачылышы зарыл. Бизде нефть, газ байлыктары жокко эсе. Бирок бизде адамдык ресурс бар. Мисалы, мен жашап, иштеп келген Индиянын Бангалор шаары маалыматтык технологиялар шаары болуп саналат. Элдин көбү ушул багытта окуйт жана көбү чет өлкөлөрдө бийик маяна алып иштешет. Бизде деле ошондой шарт түзүп, ошол багытты өнүктүрсөк эмне үчүн болбосун?

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан