Өткөн сандарда корей тасмаларындагы бетине бычак тийгизбеген атактуулар тууралуу жазганбыз. Корей кино индустриясында актрисалар табияттан берилген сулуулугу менен бааланса, актёрлор чымыр денеси менен режиссёрлорду азгырып, көрөрман кыздарды ашынган күйөрманга айлантат. Анда эмесе, спорт залдан башы чыкпаган корей актёрлорунун кубиктерин санайбыз...
ЖИ ЧАҢ УК
31 жашта
Бою – 182 сантиметр
Cалмагы – 65 килограмм
Жи Чаң Уктун күйөрман кыздары акыркы кезде көңүлү куунак жүрүшөт. Анткени алардын кумири эки жылдык тыныгуудан, аскердик кызматын өтөөдөн кайтып келди. Спорттун түрлөрүнөн актёр футбол ойноону жактырат. Жи Чаң Ук тартылган тасма болобу, же сериалбы, дээрлик баарында анын чымыр денеси көрүнгөн кадрлар көп кездешет. Анын келбетине “Хилер”, “К2”, “Шектүү өнөктөш” дорамаларынан, “Бурмаланган шаар” фильминен суктанууга болот. Армиядан кийинки биринчи долбоору – “Эрип кетүүгө уруксат эт” сериалы болмокчу. Тартуучу топ дорама 2019-жылдын 30-сентябрында экранга чыгат дешүүдө.
И БЁҢ ХОН
48 жашта
Бою – 177 сантиметр
Cалмагы – 72 килограмм
Эр ортону 50 жашка жакындаган белгилүү корей актёру И Бёң Хон “Ва-банк” жана "Айристеги" ролдору аркылуу таанымал. 15-16 жыл мурдагы Ким Ин А менен азыркы актёрдун айырмасы дээрлик билинбейт. И Бёң Хон бош убактысында эмес, такай таэквондо, кол күрөш менен машыгып, сууда сүзөт жана сноуборд тебет. Соңку эмгектерин көргүңүз келсе, “Жүрөктүн ачкычы” тасмасы, “Күн мырза” сериалы күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт.ГОҢ Ю
39 жашта
Бою – 184 сантиметр
Cалмагы – 74 килограмм
Кандай роль аткарбасын, бул актёрго баары жарашат. Тасма талаасында 2001-жылдан бери жүргөнү менен, анын акыркы тартылган “Токкэби” сериалы жана “Пусанга поезд” тасмасы мактоого арзыйт. Спортко келсек, балалыгы бейсбол аянтчасында өтсө, азыркы тапта аптада 6 күн оор атлетика менен машыгат, баскетбол жана теннис ойнойт.КИМ СУ ХЁН
31 жашта
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 65 килограмм
“Бийик кыялдан”, “Айдын кучагындагы күн” , “Жылдыздан түшкөн адам” сериалдарынан кийин атактуу болуп чыга келген Ким Су Хён учурда аскердик кызмат өтөөдө. Аталган актёр кандай долбоорго тартылбасын, ал акчанын астында көмүлөрү аңыз кеп болуп айтылат. Анын “Уурулар”, “Жашыруун миссия” тасмалары буга далил. Спорттон велосипед жана лыжа тебүүнү, бадминтондо ойноону жактырат.И ДОҢ УК
37 жашта
Бою – 184 сантиметр
Салмагы – 72 килограмм
Эң сексуалдуу корей актёрлорунун бири И Доң Ук тасмаларга караганда сериалдарга көп тартылат. Анын белгилүү дорамалары: “Мейманкананын падышасы”, “Токкэби”, “Жашоо”. Актёрлукту моделдик менен бирге алып келе жаткан И Доң Ук ушул күндө да белгилүү косметикалык бренддердин жүзү. Баскетбол, футбол ойнойт, таэквондо менен машыгат.
Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы
super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.
Асыл Орозбекова
star@super.kg