«АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ТОКТОБОСО, БААРЫН АЙТУУГА АРГАСЫЗ БОЛОМ». Ырчыдан кордук көргөм деген Жанин Ахунжанованын маеги

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Жанин аттуу айымдын чыры уланууда. Гезитибиздин өткөн сандарында Айчүрөк Иманалиева “Жанин деген аялдын айткандары жалган” деп маек берген. Бул жолу Жанин айым биздин редакцияга кайрылып, өзүнүн версиясын айтып берди.

– Жанин эже, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсы жерден болосуз? Ким болуп иштейсиз?

– Мен Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасынан болом. Азыр Куралдуу күчтөрүнүн түштүк аймагындагы бөлүмүндө ыр-бий ансамблин жетектейм. Жан дүйнөм ыр деп тургандыктан, ыр жаздырып, клиптерди тарттырам, шоу-бизнеске аралашып турам.

– Жергиликтүү маалымат булактарынын бирине “Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап, кордук көргөм” деп маек берип талкууга жем таштадыңыз...

– Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап кордук көргөнүм чын. Ушунча жылдан бери жүрөгүмдө сакталып келген капалык акыры суурулуп чыкты. Маектин арасында башымдан кечирген окуялар айтылып кетти. Бул элге жайылып кетет деп ойлогон эмесмин. Айчүрөк эже ырбатып ушуга жеткирип жатат. Мен да айтып берүүгө аргасыз болдум.

– Ырчынын үйүндө кандайча, кайсы жылдары жашап калдыңыз эле?

– Айчүрөк Иманалиева Айдаркенге келип концерт койгон. 3 күн жүрүп, биздин үйдө конок болгон. “Кызыңыз жакшы ырдайт экен, мен алып кетем” деп апамдын батасын алып жетелеп алып кеткен. Эгерде өзү алып кетпесе мен анын каякта жашаганын кайдан билмек элем? Ал айтып жаткандай, үйүн тыкылдатып, апамды жамандап, өлөм деп барган эмесмин. Мен маекте андан көргөн кордуктардын четин эле айтып бергем. Айтыла элек кордуктар дагы көп.

– Айчүрөк эже сиздин ырчы болуп чыгышыңызга тоскоол болгон эместигин жөндүү түшүндүрүп берди. Эмне үчүн үйүнөн кетип калган жоксуз? Кийинки жылдары деле ырдап чыксаңыз болбойт беле?

– Тоскоол болгон үчүн кыйынчылык, кордук көрдүм да. Анын үйүнөн 3 жолу кеткем. Үчүнчүсүндө биротоло кеткем. Эки жолу кеткенимде мени алдап кайра үйүнө чакырып алган. “Сен бизге керек экенсиң, кайтып келип мени менен иштечи. Сага ыр жаздырып, костюм тиктирип берем” деген. Макул болгонумда майрамдаган. “Эмне үчүн кетип калган жоксуз?” деп суроо берип жатасың. Ал ырдатам дегенинен ошол үмүт өчпөй жүрө бергем.

– Ал кезде канча жашта элеңиз? Канча убакыт жүрдүңүз анын колунда?

– Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап, театрында иштеп баштаганымда 16-17 жашта болчумун. Театр кайсы жакка концерт коюп барбасын Айчүрөк эженин жардамчысы болуп жанында жүрчүмүн. Үйүндө үй жумуштарын жасап, кирин жуучумун. Түнкүсүн ызы-чуу түшүп коноктор келишчү. Түнкү саат 2 же 3 болобу, тургузуп алып “пельмен, манты жаса” дечү. Чындыгында ал тамактарды жалгыз жасаган оор болчу. Ашканасы менин моюнумда эле. Ошентип үйүндө 1991-жылдын аяктарынан баштап 1994-жылга чейин жүргөм. 1995-жылы турмушка чыгып, бир жылдан кийин балалуу болгом. Андан кийин жаңы жылдык көрсөтүүлөрдөн 2 жолу кезигишип калганбыз. Ошондо Айчүрөк эже өзү учурашкан.

– Ушунча жылдан кийин буларды айтып чыгууга эмне түрткү болду? Бирөөлөрдүн шыкактоосу менен чыгып жаткан жоксузбу?

– Мен негизи Айчүрөк Иманалиеваны жамандап маек берген эмесмин. Жөн гана жашоом, жумуштарым тууралуу алынган маек болчу. 5-6 суроонун арасында Айчүрөк Иманалиева тууралуу айтылып кеткен сөздөр болгон. Эгерде жамандагым келсе маектин башынан аягына чейин Айчүрөк Иманалиева тууралуу сүйлөмөкмүн.

– Мындан ары кандай болот? Орозо айында өткөн-кеткенди кечиришип, өз ара сүйлөшүп, пикир келишпестикти чечишип аласыздарбы? Же чыр мындан ары уланабы?

– Негизи менин урушайын деген оюм жок болчу, азыр деле жок. Мен Айчүрөк Иманалиевага “Орозонун күнү, Гүлшайыр Садыбакасованын урматына кечирип коюңуз” деп WhatsApp аркылуу жөнөткөн билдирүүмдү социалдык тармактагы баракчасына “Жанин калп айтканы үчүн кечирим сурады” деп жүктөп койду. Андан кечирим сураганым чын. Бирок калп айтканым үчүн же бир нерседен коркконум үчүн эмес. Улуулардын сөзүн угуп, кичүү экенимди эске алып кечирим сурагам. Кечирим сураганда эле ал токтоп калышы керек болчу. Айчүрөк эже далили жок билдирүүлөрдү жазып жатат. Мындан ары токтобосо андан көргөн башка кордуктар тууралуу айтып чыгууга мажбур болом.

– Маегиңизге рахмат! Сиздердин ынтымакка келишиңиздерге тилектешпиз.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Nur777
2019-06-03 14:36:20
Гульшайыр Садыбакасова эже шоу бизнестин "паханы" окшойт,все конфликты через неё)))
+24
Avrora2017
2019-06-03 14:47:58
Уяттары жок экенда ХХХХ кылып публично урушкандан уялышпайбы эл журттан , ХХХХ
+7
jalgyzym...
2019-06-03 16:20:49
Экоо тен чоон чон эле аялдар энелер уят эле ушунча элдин алдында урушуп. Бул элди сыйлабагандык. Ич ара чечишип алышса деле болмок. Эмки санда Айчурок Иманалива чыгат гезит бетине!
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-03 20:20:20
Тойгозду го.Бизге не кызыгы бар? Жолугуп эле чечишип алгыла да.Бул аялды эч тааныбайт экенбиз...Бир жолу туз таткан жериңе миң жолу салам айт дейт.Адам арыгын сактасаң,оозун бир күн кан жалайт болду го бул жагы
+4
Kazaf
2019-06-04 01:13:36
94 жылдан бери эшек такалап журдубу? Таланты укмуш болсо чыкпайт белен ошондо эле ырдап Айчурокту аттап, ашып укмуш болуп! 25 жылдан кийин тынып алгандан кийин озун чыгарыштын амалын ойлоп таапсын да, каралоо мн! Озун баштаган чырды озун токтот! Озун тырмалаган жара ачылды Айчурок жаман болсо ошондо эле айтып чыкмаксын. Азыр бир тууган бир тууганга батпайт керек болсо а сен кордукту айтасын
+9
jalgyzym...
2019-06-04 09:36:58
Супер инфо силерге сунушум барда. Окурманынар абдан коп экен. Ушул окурмандардын арасында сынактарды уюштуруп турсанар жакшы болмок. Например;бир темага ыр жазуу же баяндама жазуубу же мындан башкача оюндарды кылсанар ушул сыяктуу кылып.Элдер кошуласынарбы оюма.
+10
dobrajelatel
2019-06-04 14:19:01
Таланты укмуш болсо Айчүрөктон кетип "звезда" болмок. Айчурок жаман болсо 3 жыл тузун татып уйундо журмок эмес. 24 жыл откондо козгоп оз аброюн озу тушурду. Не кереги бар эле бул "айымга" ушунча уят болуштун? Же озун пиарладыбы?
+3
Skarlett-Skarlett
2019-06-05 11:02:29
Бул аял кичине жетишпеген аялга окшойт экен.Уят,чоон эле катын болуп калыпсын,балдарын корсо эмне дейт!Айчурок Иманалиеванын оозун кандадынар Анжелика экоонор!Тизгининерди жыйсанар боло алжактабай,жок дегенде Аллахтан корксон боло орозонун кунундо.
+3
Jelezo
2019-06-05 14:13:24
Тойбогон аялдар урушчаак болуп калат, туура түшүнүш керек.
+3
katerina.li
2019-06-06 10:06:31
Айчурок тоже ХХХХ . Кайра жаны санына чыгыптырго супердин. Окусанар шумдук жазыптыр
0
jalgyzym...
2019-06-06 15:10:45
katerina.li,кайсыл жерден окусак болот жаны санын
0
katerina.li
2019-06-06 15:15:23
jalgyzym...,сатылып жататко базарларда. Россияда билбейм сатылавы??
0
GS-Zari
2019-06-06 17:16:33
Уят эле, чон эле аялдар, балдары деле чонойду да. Жолугуп оз ара чечишип алышса болбойбу, газетага сериал болуп оздорун пиярлабай. Макул Жанин озун пияр кылыптыр, аны эч ким тааныбайт экен эми Айчурок Иманалиева эмне болуп атат, айтса айта берсин деп койсо болмок коп соз кылбай
+4
katerina.li
2019-06-06 18:41:47
GS-Zari,кептин баары ошол айчурокто. Мен ото тарбиялуу,маданиятуумун депатып жайлайт
0
Tomega
2019-06-07 03:25:40
Ошончо кыйын экенсиз,талантту экенсиз азыр эшек такалап журосузбу?Айчурокту каралап,жамандап,урушуп абийиринди кетирбей,талантын менен,ырын менен,клиптерин менен таанымал болбойсузбу.Арадан 25 жыл откондо чыга калбай.Менимче элдин баарынын жини келип жататго ушул айымга.
+4
raykray
2019-06-07 13:04:13
Тушунуктуу Айдаркенден экен, Самаранын эжеси экен)
-2
taalay25
2019-06-07 16:46:42
Чай ичип кеткен жерин жамандап кетсе озу да жакшы эмес
+1
aimai
2019-06-09 16:17:40
bul ozu kim
+1
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан