БЕГИМАЙ БЕКБОЕВАНЫН БАШЫНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

Акыркы кезде ырчы Бегимай Бекбоеваны "толуп кетиптирсиң" деп сындагандар көп болду. "Ден соолугума байланыштуу шишип кеткеним ырас" деген Бегимай жакында башына операция жасатканын билдирди.

– Башым көп жылдан бери лукулдатып ооруй берчү. Гастролдоп жүрүп, ден соолугума маани бербей, ооруканага деле кайрылбай жүргөм. Бир жарым жылдан бери денем шишигени аз келгенсип, башым да шишип баштады. Акыркы кезде башымдын ооруганы күчөп, абалым начарлай баштаганда ооруканага кайрылгам. Башымды томографияга тарттырган соң дарыгерлер баш мээмде шишик бар экенин аныкташты. 3 жума мурун Улуттук онкология жана гематология борборунда башыма операция жасалып, шишикти алып салышты. Шишиктин кандай түрү экенин аныктоо үчүн гистология бөлүмүнө жөнөтүшкөн. Кудай буюрса, жакшы кабар угабыз деп тилек кылып жатабыз. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн, айыгып кетсем, чыгармачылыкка кайтып, жаңы ырларды жаздырам,- дейт Бегимай. Бегимайдын эртерээк сакайып кетишин каалайбыз!

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Бегимай Бекбоева башынан шишик алдырды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Paprikafm
2019-06-03 09:52:08
Айыгып кет
+2
Aikan1966
2019-06-03 10:12:16
Ден -соолугун бекем болсун.Анализ кагаздарын жакшы чыгып, чыгармачылык топко кайтууна тилектешпиз.
+3
aiba_00
2019-06-03 12:50:27
Ой кара кыз ооруба деги, айланайын оорунун бетин аары кылсын, ооруп калганда жашоонун кандай таттуу экенин билет экенсин негизи.
+3
Aigerim100794
2019-06-06 00:29:10
Айыгып кетиниз
+2
ilgis1991
2019-06-06 20:58:39
Айыгып кет ылайым... Куудул апаң да переживать этип атса керек.... Негизи туура эмес кылгансынар.. Араңарды жамандап.. Эне ыйык болот.. Эненин тилеги дайыма балдарга ак болот.
0
barakcha
2019-06-11 09:58:13
ilgis1991,кычыбачы.Эне баласына кичинесинен мээрим токпосо,чонойгондо баласынан мээрим кутпосун!
+1
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан