Кореянын Кванджу шаарында биринчи "CIS MUSIC FESTIVAL" (КМШ өлкөлөрүнүн музыкалык фестивалы) деп аталган эл аралык музыкалык фестиваль өтөт. Фестивалга Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Украина, Түштүк Кореянын жылдыздары катышат. Өзбекстандан легендарлуу “Ялла” тобунун солисти Фаррух Закиров, орусиялык “MBAND” тобу жана Кыргыз өлкөсүнүн атынан Урмат Усенов, Неля, Кайрат Примбердиев ырдашат. Фестивалды “Азия Микс” командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров менен модель Каныкей Аилчиева алып барат. Фестиваль тууралуу Урмат Усеновдон кошумча маалымат алдык.
– Бизге музыкалык фестивалга катышып берүүңүздөрдү суранабыз деген сунуш түштү. Кандай форматтагы ырлар аткарылат деп сураштырсак, эстрада форматы бар экен. Макулдугубузду берип, буюрса, 19-июлда жөнөп жатабыз. 20-июль күнү музыкалык фестиваль өтөт. Ал жакка биз менен кошо Кайрат Примбердиев да барат,- дейт Урмат мырза.